Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер
ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - МКП) - бул Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык МКПны ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алуу укуктарын камсыздоочу медициналык-санитардык жардам берүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары. МКП Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген методологиянын негизинде иштелип чыккан.
2. МКПнын максаты - клиникалык-экономикалык натыйжалуулуктун, оорулардын түйшүгүнүн, социалдык маанилүүлүгүнүн, калкты финансылык жактан коргоонун негизинде профилактикалык иш-чараларды биринчи кезекте жүргүзүүнү, калктын саламаттыгын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн саламаттык сактоо ресурстарын туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу менен медициналык жардамдын пакеттеринин артыкчылыгын аныктоо аркылуу калкты сапаттуу, жеткиликтүү жана натыйжалуу медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен жалпы камтууга жетишүү.
3. МКПнын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты;
2) бейтапка багытталгандык;
3) финансылык коргоо;
4) оорулардын түйшүгүн азайтуу;
5) ооруларды профилактикалоого артыкчылык берүү;
6) өлүмдүн алдын алуу;
7) экономикалык натыйжалуулук.
4. МКПны каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын;
2) мамлекеттик базалык жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары катары өткөрүп берилүүчү республикалык бюджеттин ассигнованиелеринин;
3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын;
4) ыктыярдуу төгүмдөрдүн - юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет элдиктердин өз алдынча чегерүүлөрүнүн;
5) эл аралык уюмдардан, донор өлкөлөрдөн алынган гранттардын, кредиттердин;
6) кошо төлөмдөрдүн;
7) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын.
5. МКП боюнча медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн түрлөрү жана көлөмдөрү саламаттык сактоо системасын республикалык бюджеттен жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруучу органдын бюджетинен каржылоонун чегинде белгиленет.
6. МКП боюнча медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик эмес менчик формадагы саламаттык сактоо уюмдары жана дарыкана мекемелери тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы менен түзүлгөн келишимдердин негизинде көрсөтүлүшү мүмкүн.
7. МКП пакеттик ыкманын негизинде ишке ашырылат. Милдеттенме бирдиги болуп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүн жалпы камтуу боюнча компедиумун пайдалануу менен түзүлгөн медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакети болуп саналат. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакети - бул калктын максаттуу топторунун саламаттыгын жакшыртуу боюнча конкреттүү натыйжаларына жетүүгө багытталган медициналык (профилактикалык, диагностикалык, дарылоо) иш-чаралардын стратегиялык жактан иштелип чыккан топтому.
8. МКПнын алкагында медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү жана көлөмү ушул МКПнын "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагындагы медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакеттеринин тизмегине" деген 1-тиркемесине (мындан ары - МКПнын пакеттеринин тизмеги) ылайык медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакеттери менен берилген. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакеттеринин тизмеги клиникалык тармактар жана бөлүмдөр боюнча түзүмдөштүрүлгөн жана Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген базалык пакети жана Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча пакети түрүндө көрсөтүлгөн. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген базалык пакети (мындан ары - базалык пакет) Кыргыз Республикасынын бардык катталган жарандарына, статусун тастыктаган күбөлүк болгон учурда качкындарга жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдарга, кайрылмандарга, ошондой эле "Мекен-картасы" бар чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге акысыз негизде медициналык кызмат көрсөтүүлөргө мүмкүнчүлүк берүүнү карайт. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча пакети (мындан ары - кошумча пакет) милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган Кыргыз Республикасынын жарандарынын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетилген шарттарда алуусун карайт.
9. МКПдан тышкары көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү жана көлөмү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын аткаруучу органы тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Апробация мезгилинде (2027-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин) ушул МКП Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен аныкталган пилоттук саламаттык сактоо уюмдарында катталган жана/же медициналык жардам алган жарандарга карата гана колдонулат.
2-глава. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген базалык пакети
§ 1. Шашылыш, кечиктирилгис медициналык жардам жана шашылыш консультациялык жардам
11. Шашылыш медициналык жардам - бул капилет оорулардан, өнөкөт оорулардын күчөшүнөн, төрөттөн жана кош бойлуулук патологиясынан, кырсыктардан, жаракаттардан, апааттардан, табигый кырсыктардан жана башка өзгөчө кырдаалдардан улам адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан абалдагы оорулууларга жана жабырлануучуларга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрү.
12. Кечиктирилгис медициналык жардам - бейтаптын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч келтирбеген өнөкөт оорулардын күчөшүндө капилет пайда болгон курч ооруларда жана абалдарда көрсөтүлүүчү медициналык жардам.
13. Шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардамга ушул МКПнын 1-тиркемесине ылайык МКП пакеттеринин тизмегинин "Кечиктирилгис абалдарды көзөмөлдөөгө комплекстүү мамиле" бөлүмчөсүндө көрсөтүлгөн аракеттер жана медициналык кызмат көрсөтүүлөр кирет, алар кооптуулук белгилерин эрте аныктоого, иргөөгө, бейтаптардын абалын турукташтырууга, ошондой эле кечиктирилгис диагностикалык жана дарылоо процедураларын жүргүзүүгө багытталат.
14. Шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлөт:
1) шашылыш (тез) медициналык жардам кызматтары;
2) МКПны ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдары.
15. Кечиктирилгис жана шашылыш медициналык жардам саламаттык сактоо уюмдарына кайрылган бардык жарандарга күнү-түнү көрсөтүлөт жана төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) бетме-бет медициналык консультациялар;
2) аралыктан (телемедициналык) консультациялар;
3) саламаттык сактоо уюмдарындагы практикалык медициналык жардам.
16. Аралыктан (телемедициналык) консультациялар төмөнкүдөй кырдаалдарда берилет:
1) саламаттык сактоо уюмунда адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон профилдеги жана квалификациядагы адис дарыгер болбогондо;
2) жүргүзүлгөн терапиядан натыйжа болбогондо жана бейтаптын абалы барган сайын начарлаганда;
3) ооруну диагностикалоодо жана дарылоо тактикасын аныктоодо кыйынчылыктар келип чыкканда;
4) оор абалдагы бейтапты жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлүүчү саламаттык сактоо уюмуна жеткирүү зарыл болгондо.
17. Кыргыз Республикасынын жарандарына кечиктирилгис жана шашылыш медициналык жардам бейтаптын өмүрүнө коркунуч жараткан абалдан чыкканга чейин, алардын гемодинамикалык жана дем алуу функцияларынын көрсөткүчтөрү турукташканга чейин акысыз көрсөтүлөт. Андан ары стационардык дарылоо зарыл болгондо бейтап тармактык бөлүмгө которулат жана ушул МКПнын 2-главасынын 4, 5-параграфтарына ылайык стационардык дарылоодон өтөт.
18. Шашылыш консультациялык жардам саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жобого ылайык уюштурулат.
19. Кыргыз Республикасында шашылыш (тез) медициналык жардам кызматтары бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт.
§ 2. Алгачкы медициналык-санитардык жардам
20. Алгачкы медициналык-санитардык жардам (мындан ары - АМСЖ) ар бир жарандын медициналык тейлөөгө жетүүсүнүн алгачкы баскычы болуп саналат.
21. АМСЖ үй-бүлөлүк медицина борборлорунда/жалпы дарыгерлик практика борборлорунда (мындан ары - ҮМБ/ЖДПБ), анын ичинде үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана фельдшердик-акушердик пункттарда (мындан ары - ҮДТ/ФАП) көрсөтүлүүчү жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин билдирет жана үй-бүлөлүк медициналык айымдар, фельдшерлер, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун дарыгерлери, жалпы практика дарыгерлери, ҮПБ/ЖДПБнын адис дарыгерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. Алгачкы медициналык-санитардык жардам төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кыйла кеңири таралган ооруларды диагностикалоо, дарылоо жана башкаруу, калктын максаттуу топторун профилактикалык кароо, эрте аныктоо жана аныкталган тобокелдик факторлорун азайтуу көндүмдөрүнө окутуу, иммунизациялоо, кош бойлуу жана төрөттөн кийинки аялдарды, жаңы төрөлгөн балдарды жана жаш балдарды балдардын өнүгүүсүндөгү кечигүүлөрдү жана бузулууларды эрте аныктоо үчүн байкоо;
2) ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн өмүр цикли боюнча жана коомдоштуктун саламаттыгын коргоо жана чыңдоо жана үй-бүлөлүк дарыгердин же болбосо көп тармактуу топтун иши менен интеграцияланган жалпы практика дарыгеринин ишине негизделген;
3) ооруканага чейинки шашылыш же кечиктирилгис медициналык жардам (медициналык жардам көрсөтүү жана жеткирүү менен дарыгерге чейинки жана/же тез медициналык жардам) көрсөтүү;
4) менчигинин түрүнө карабастан ар кандай саламаттык сактоо кызматтарынын өз ара байланышын камсыз кылуу, бейтаптарды медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистерге, медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү жана реабилитациялоочу кызматтарга жөнөтүү.
23. МКПнын алкагында АМСЖ деңгээлинде кызматтарды алуу үчүн, шашылыш жана кечиктирилгис жардам көрсөтүү учурларын кошпогондо, АМСЖ саламаттык сактоо уюмуна катталуу/тиркелүү зарыл шарт болуп саналат.
24. АМСЖ деңгээлинде базалык пакет ушул МКПнын 1-тиркемесине ылайык МКПнын медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакеттеринин тизмегине шайкеш АМСЖ уюмдарына катталган Кыргыз Республикасынын жарандарына, статусун тастыктаган күбөлүк болгон учурда качкындарга жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдарга, кайрылмандарга, ошондой эле "Мекен-картасы" бар чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге акысыз негизде берилет. АМСЖ деңгээлинде төмөнкүлөрдү камтыган кызмат көрсөтүүлөрдүн пакеттери акысыз негизде көрсөтүлөт:
1) профилактикалык пакеттер: иммунизациялоо, скринингдөө (жатын моюнчасынын, эмчек жана ооз көңдөйүнүн рагы), жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдигин баалоо, балдардын дени сак өсүшүн жана өнүгүшүн колдоо ж.б.;
2) дарылоо пакеттери: саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген дары каражаттарынын тизмегине, берүү ченемдерине ылайык дары каражаттарын камсыз кылуу менен кош бойлуулукту башкаруу, кыйла кеңири таралган ооруларды, анын ичинде инфекциялык ооруларды (кургак учук, ВИЧ, гепатит, ичеги-карын инфекциялары, пневмония, гельминтоз ж.б.), жугуштуу эмес ооруларды (кант диабети, гипертониялык оору, темир жетишсиздик анемиясы, психикалык оорулар, эпилепсия, бронхиалдык астма ж.б.) диагностикалоо жана дарылоо;
3) паллиативдик жардам: ооруну басаңдатуу жана психосоциалдык колдоо көрсөтүү үчүн айыккыс оорулары бар бейтаптарды баалоо жана башкаруу.
25. АМСЖ деңгээлинде негизги лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр, анын ичинде экспресс-диагностика, визуализация жана функциялык сынамдар МКПнын пакеттеринин тизмегине ылайык саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн тизмесине ылайык жүргүзүлөт.
26. ҮМБ/ЖДПБда айрым лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү адистер жана/же материалдык база болбогон учурда, кымбат баалуу изилдөөлөрдү жана процедураларды кошпогондо, бул изилдөөлөр түзүлгөн келишимдердин негизинде башка саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр үчүн төлөм бейтапты жиберген саламаттык сактоо уюму тарабынан төлөнөт. Изилдөө жүргүзүп жаткан саламаттык сактоо уюму бейтаптан МКПнын пакеттеринин тизмегиндеги медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн Базалык кепилденген пакеттерине кирген кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча төлөм албайт.
§ 3. Иммунопрофилактика
27. Иммунопрофилактика саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт жана кургак учуктун, ВИЧ-инфекциясынын, вирустук гепатиттин, төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекцияларынын, ичеги инфекцияларынын жана башка жугуштуу оорулардын профилактикасы, активдүү эрте аныктоо жана диагностикалоо, ошондой эле онкологиялык ооруларды жана башка жугуштуу эмес ооруларды скринингдөө боюнча чараларды камтыйт, Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарынын жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө колдонулуп жаткан башка ченемдик укуктук актылардын негизинде түзүлгөн МКПнын пакеттеринин тизмегинин Базалык жана Кошумча пакеттерине ылайык жүргүзүлөт.
28. МКП боюнча иммунопрофилактика профилактикалык ишке катышкан саламаттык сактоо уюмдарынын бардык деңгээлдеринде уюштурулат жана жүргүзүлөт.
29. Балдарды жана чоңдорду кошо алганда, бардык жарандар Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарында көрсөтүлгөн вакциналар жана эмдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен акысыз камсыз кылынат, ошондой эле калктын айрым топтору суу чечекке каршы вакциналар жана кызмат көрсөтүүлөр менен кошумча камсыз кылынат, алардын тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Эмдөө кызмат көрсөтүүлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- саламаттык сактоо уюмдарында иммунопрофилактика боюнча консультация берүү;
- графикке ылайык вакцинациялоо;
- иммунизациялоодон кийинки кыйыр таасирлерге мониторинг жүргүзүү, алдын алуу жана дарылоо.
30. Иммунопрофилактиканы жүргүзүүнү камсыз кылуучу саламаттык сактоо уюму саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген стандарттарга ылайык эмдөөлөр боюнча эсебин жана отчет берүүнү жүргүзөт.
§ 4. Стационардык жардам
31. Стационардык медициналык жардам ушул МКПнын 1-тиркемесине ылайык МКП пакеттеринин тизмегине шайкеш үзгүлтүксүз кароону, дарыгердин көзөмөлүн, дарылоону түзөтүүнү же адистештирилген дарылоо методдорун талап кылуучу абалдарда диагностикалоо жана дарылоо максатында аралаш, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында күнү-түнү же күндүзгү шарттарда көрсөтүлөт.
32. МКПнын алкагында стационардык жардам стандарттуу палатада болууну (жогорулатылган ыңгайлуулуктагы палаталардан тышкары), клиникалык протоколдорго/клиникалык көрсөтмөлөргө ылайык терапиялык же хирургиялык дарылоону, оорукананын тизмесине шайкеш дары каражаттарын, анын ичинде наркоздук каражаттарды берүүнү, анда болуунун бүткүл мезгилинде тамак-аш берүүнү, маалымкаттарды, эмгекке жарамсыздык баракчасын жана бейтаптын стационардык картасынан көчүрмөлөрдү берүүнү камтыйт.
33. Стационардык медициналык жардам кечиктирилгис/шашылыш же пландуу болушу мүмкүн.
34. Өмүргө коркунуч жараткан абалдарда кечиктирилгис/шашылыш стационардык жардам (анын ичинде дары-дармек менен камсыз кылуу) оор абалдан айыкканга чейин бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт.
35. Кечиктирилгис/шашылыш жардам ушул МКПнын 1-тиркемесине ылайык МКП пакеттеринин тизмегине шайкеш кечиктирилгис жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларга шайкеш келет.
36. Ушул МКПнын 1-тиркемесине ылайык МКП пакеттеринин тизмегинин Базалык пакетине шайкеш пландуу стационардык жардам АМСЖ адистеринин же башка саламаттык сактоо уюмдарынын көрсөтмөлөрү жана жолдомолору болгондо бардык бейтаптарга акысыз көрсөтүлөт.
37. Ооруканага пландуу жаткырууда бейтап төмөнкүлөрдү көрсөтүшү зарыл:
1) инсандыгын ырастоочу документти;
2) жеңилдиктерге укугун тастыктоочу документтерди;
3) ооруканага жаткырууга жолдомону;
4) клиникалык протоколдорго жана МКПнын пакеттеринин тизмегине ылайык АМСЖ саламаттык сактоо уюмдарында же башка медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдө лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын. Пландуу стационардык жардамга кабыл алууда лабораториялык-диагностикалык жыйынтыктардын актуалдуулук мөөнөтү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
38. Бейтапта зарыл болгон анализдердин жыйынтыктары болгондо кошумча лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр клиникалык протоколдорго жана МКПнын пакеттеринин тизмегине ылайык медициналык көрсөтмөлөр боюнча гана жүргүзүлөт.
§ 5. Адистештирилген жардам
39. Адистештирилген медициналык жардам (мындан ары -адистештирилген жардам) диагностикалоонун, дарылоонун өзгөчө методдорун жана алгачкы жардамдын алкагынан тышкаркы, тар багыттагы билимдерди жана жогорку технологиялык жабдууну пайдалануу менен алдын алууну, диагностикалоону, дарылоону жана дарылоону камтыган татаал медициналык технологияларды талап кылуучу ооруларда адис дарыгерлер тарабынан көрсөтүлөт.
40. Адистештирилген жардам амбулатордук шарттарда төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлөт:
1) үй-бүлөлүк медициналык борборлор;
2) жалпы дарыгерлик практика борборлору;
3) үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору;
4) адистештирилген жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары.
41. Адистештирилген амбулатордук жардам АМСЖ же саламаттык сактоонун башка уюмдарынын адистеринен көрсөтмөлөр жана жолдомолор болгондо бардык бейтаптарга жугуштуу эмес жана жугуштуу оорулар боюнча МКПнын пакеттеринин тизмегинин базалык пакеттерине ылайык акысыз көрсөтүлөт.
42. Стационардык деңгээлде адистештирилген жардам экинчи жана үчүнчү деңгээлдердеги саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.
43. Адистештирилген стационардык жардам МКПнын пакеттеринин тизмегине ылайык Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык пакеттеринин алкагында АМСЖ адистеринин, экинчи жана үчүнчү деңгээлдердеги уюмдардын көрсөтмөлөрү жана жолдомолору болгондо бардык бейтаптарга акысыз көрсөтүлөт, ошондой эле:
- онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган 18 жашка чейинки балдарга;
- жашоо көрсөткүчтөрү боюнча кардиохирургиялык операция жүргүзүүнү талап кылуучу абалындагы 6 жашка чейинки балдарга;
- жашоо көрсөткүчтөрү боюнча кардиохирургиялык операция жүргүзүүнү талап кылуучу абалдагы кош бойлуу аялдар жана төрөттөн кийин 10 жуманын ичиндеги аялдарга.
§ 6. Стоматологиялык жардам
44. Калкка стоматологиялык жардамды адистештирилген стоматологиялык поликлиникалар жана көп тармактуу борборлордун курамындагы бөлүмдөр (стоматологиялык кабинеттер, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жана жалпы дарыгерлик практика борборлоруна караштуу стоматологиялык бөлүмдөр, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмү) көрсөтөт.
45. Стоматологиялык жардам МКПнын пакеттеринин тизмегине ылайык Базалык пакеттерге шайкеш көрсөтүлөт, ал төмөнкүдөй профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт:
- тишке жана ооз көңдөйүнүн былжыр чел кабыгына кам көрүүнүн санитардык-гигиеналык көндүмдөрүнө үйрөтүү;
- мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын, ошондой эле кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган аялдардын ооз көңдөйүн профилактикалык кароо;
- кариести, пародонт ооруларын, тиштөөнүн бузулушун, ошондой эле ооз көңдөйүнүн жана жаак-бет аймагынын рак алдындагы ооруларын диагностикалоо.
Профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрү төмөнкүлөргө берилет:
- 14 жашка чейинки балдарга;
- 70 жаштан ашкан пенсионерлерге;
- ҮМБ/ЖПДБда кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган аялдарга.
46. "Он төрт жашка чейинки балдардын ооз көңдөйүнүн ооруларынын жана башка абалдарынын (анын ичинде кариес) скрининги жана профилактикасы" базалык пакетине ылайык медициналык кызмат көрсөтүүлөр он төрт жашка чейинки балдарга да берилет.
47. Кечиктирилгис стоматологиялык жардам - бул ооз көңдөйүнүн курч абалында (тиштин катуу оорушу, жаракат, кан агуу, инфекция ж.б.), амбулатордук жана стационардык шарттарда Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына клиникалык протоколдорго ылайык жана дары-дармек менен камсыз кылуу менен акысыз көрсөтүлүүчү медициналык жардам.
§ 7. Паллиативдик жардам
48. Паллиативдик жардам айыккыс, өмүрүнүн узактыгын чектеген оорулар менен ооруган бейтаптарга оорунун өнүгүшүнүн акыркы стадияларында же катуу азап тарттырган башка абалдарда менчигинин түрүнө карабастан амбулатордук, стационардык жана адистештирилген саламаттык сактоо мекемелеринде, ошондой эле үй шартында көрсөтүлөт.
49. Паллиативдик жардамга муктаж бейтаптарга "Паллиативдик жардамга муктаж бейтаптарды баалоо жана башкаруу" базалык пакетине ылайык симптомдорду контролдоо жана дарылоону тууралоо үчүн зарыл болгон диагностикалык жана мониторингдик кызматтар көрсөтүлөт.
50. Паллиативдик жардам төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ооруну жана башка азаптуу физикалык симптомдорду жеңилдетүү;
2) психосоциалдык колдоо;
3) үй-бүлөлөрдү жана бейтапты караган адамдарды колдоо;
4) медициналык, медайымдык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү координациялоо.
51. Паллиативдик жардамга муктаж бейтаптарды дарылоо үчүн дары каражаттары, медициналык буюмдар клиникалык протоколдорго, колдонмолорго, Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине, МКПнын пакеттеринин тизмегине, ошондой эле контролго алынган дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык берилет.
52. Паллиативдик жардамга муктаж бейтаптарды аныктоо, мындай жардам көрсөтүүнү координациялоо жана зарыл болгондо аларды адистештирилген паллиативдик жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарына жөнөтүү үчүн АМСЖ саламаттык сактоо уюму жоопкерчилик алат.
53. Паллиативдик медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары МКПнын пакеттеринин тизмегине, клиникалык протоколдорго жана сунуштамаларга ылайык үй-бүлө мүчөлөрүн жана бейтапты караган башка адамдарды социалдык коргоо (колдоо), психологиялык жардам көрсөтүү жана бейтапты кароонун негизги көндүмдөрүнө үйрөтүү чараларын уюштурат.
54. Медициналык кызматкерлер зарыл болгондо бейтапка же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө паллиативдик жардамдын максаттары жана методдору жөнүндө маалымдайт жана бейтаптын укуктарын жана этикалык принциптерди сактоо менен бейтаптын (анын өкүлдөрүнүн) жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алууга катышуусун камсыздайт.
3-глава. Камсыздандырылган жарандар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча пакети
55. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камсыздандырылган Кыргыз Республикасынын жарандарына (3-тиркеме) кошумча пакеттин алкагындагы медициналык кызмат көрсөтүүлөр ушул МКПнын 1-тиркемесине ылайык МКПнын пакеттеринин тизмегине шайкеш жеңилдетилген негизде көрсөтүлөт.
56. МКПнын медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнүн кошумча пакетинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) адистештирилген амбулатордук медициналык жардам (тармактык адистердин консультациялары, диагностикалык изилдөөлөр жана дарылоо);
2) өнөкөт ооруларды (жүрөктүн ишемиялык оорусу, жүрөк жетишсиздиги, инсульт, өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу ж.б.) амбулатордук деңгээлде узакка созулган медикаментоздук дарылоо;
3) пландуу стационардык, адистештирилген медициналык жардам.
57. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү ушул МКПнын 4-тиркемесинде каралган көлөмдөрдө жана шарттарда алат.
58. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин иштеген жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү ушул МКПнын 5-тиркемесинде каралган көлөмдөрдө жана шарттарда алат.
4-глава. Дары каражаттары жана вакциналар менен камсыздоо
59. МКП алкагында жарандарды дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
60. МКП боюнча дары менен камсыздоо учурдагы жылга бекитилген бюджеттин чегинде Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине ылайык МКП пакеттеринин тизмегинде аныкталган диагностикалык, профилактикалык, терапиялык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары каражаттарын, вакциналарды жана башка медициналык буюмдарды камтыйт.
61. Дары менен камсыздоо МКП пакеттеринин тизмегинин бөлүмдөрүнө, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү дары каражаттарынын тизмегине жана берүү ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат:
1) шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүдө;
2) иммунопрофилактика үчүн;
3) айрым ооруларда жана абалдарда амбулатордук деңгээлде базалык пакеттерге ылайык (гипертониялык оору, кант диабети, кургак учук, ВИЧ);
4) медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлдеринде стационардык жардам көрсөтүүдө.
62. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандар үчүн амбулатордук деңгээлде милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруу органы тарабынан бекитилүүчү дары каражаттарынын тизмегине ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасынын (мындан ары - ММККП) алкагында айрым ооруларда жана абалдарда жеңилдетилген дары каражаттары берилет.
63. Дары каражаттары көрсөтмөлөр болгондо жана клиникалык протоколдорго жана эл аралык патенттелбеген аталыштарды (ЭПА) пайдалануу менен Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине ылайык дайындалат. Саламаттык сактоо уюмдарынын адистеринин дайындоолору бейтаптардын медициналык документтеринде катталат.
64. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн амбулатордук деңгээлде дары менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте МКПнын жана ММККПнын алкагында дары каражаттарын рецептуралык берүү принциби боюнча жүргүзүлөт.
Жеңилдиктер Ички референттик бааны (мындан ары - ИРБ) түзүү методикасына ылайык эсептелген, бекитилген ИРБнын өлчөмүндө берилет. Амбулатордук деңгээлде дары каражаттарына чыгымдардын кепилденген ордун толтуруу ушул жылга бекитилген бюджетке жараша милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруу органы тарабынан аныкталат.
65. МКПны ишке ашырууга катышкан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан дары каражаттарын сатып алуу борборлоштурулган түрдө жана/же саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлинде, МКП пакеттеринин тизмегинде каралган көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмүнө жараша республикалык бюджеттен бөлүнгөн, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо уюмдары дары менен камсыздоону дары каражаттарына 3-6 айга муктаждыкты жана сактоо мөөнөтүн эске алуу менен МКП пакеттеринин тизмегинин негизинде жүргүзөт.
66. Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарына, фармацевтикалык иштин стандарттарына, профилактикалык жана инфекциялык контролдун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
5-глава. Кошо төлөө системасы жана жеңилдик категорияларын коргоо
67. Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына медициналык жардам алгачкы, экинчи жана үчүнчү деңгээлдердеги бардык мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында акысыз көрсөтүлөт:
1) мамлекеттик балдар үйлөрүндө, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө жашаган, асырап алган үй-бүлөлөрдө (фостердик үй-бүлөлөрдө) тарбияланып жаткан, ата-энесинин камкордугусуз калган жетим балдарга;
2) ата-энесинин камкордугусуз калган 23 жашка чейинки курактагы жетим балдардын ичинен балдар үйлөрүнүн жана интернат үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө;
3) карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн интернат үйлөрүндө жашаган жарандарга.
68. Башка категориядагы жарандарга ушул МКПнын 2-тиркемесине ылайык базалык пакеттерден тышкары медициналык кызматтар жеңилдетилген негизде көрсөтүлөт.
69. Бекитилген базалык пакетке кирбеген медициналык кызмат көрсөтүүлөр жалпы калкка кошо төлөмдү төлөө менен көрсөтүлөт.
6-глава. Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо
70. МКПны ишке ашыруу өз милдеттеринин чегинде МКП ишке ашырууга салым кошкон жана жоопкерчилик тарткан бардык катышуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат:
№ | Милдеттер | Иш-аракеттер | Жооптуу катышуучу |
1) | МКПны ишке ашыруунун натыйжалуулугун камсыз кылуу | Бардык кызыкдар тараптардын катышуусун, жоопкерчилигин жана кызыкчылыктарын камсыз кылуучу МКПны ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
2) | МКПны каржылоо үчүн жетиштүү ресурстарды түзүү | Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында чогултуу жана өткөрүп берүү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында калкты камсыздандырууну камтуунун өсүшү | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, ММК фонду |
3) | МКПны ишке ашыруу үчүн натыйжалуу инфраструктураны түзүү | Медициналык уюмдарды материалдык-техникалык камсыздоо. |
|
Медициналык кадрлардын жетиштүү санын камсыз кылуу. Медициналык кадрлардын билимдерин жана көндүмдөрүн медициналык практиканын заманбап стандарттарына ылайык жогорулатуу программаларын ишке ашыруу. Клиникалык протоколдорду, диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмолорду иштеп чыгуу, үзгүлтүксүз кайра кароо жана өркүндөтүү | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | ||
4) | МКПны каржылоонун алкагында ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүү | Иш жүзүндөгү өздүк наркын жана системалуу факторлорду эске алуу менен медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин түзүү жана өз убагында кайра кароо. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, ММК фонду |
МКПнын көлөмүнүн бардык ченемдерин ишке ашырууну камсыз кылуу менен медициналык жардамды каржылоонун көлөмдөрүн бөлүштүрүү. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ММК фонду | ||
Милдеттенмелерге ылайык медициналык кызматтарды көрсөтүүчүлөр менен келишимдерди түзүү жана мониторинг жүргүзүү. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ММК фонду | ||
МКПнын алкагында саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык кызматтарга акы төлөө механизмдерин иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ММК фонду | ||
5) | Калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | Саламаттык сактоо ресурстарын натыйжалуу пайдалануу. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ММК фонду |
Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын туруктуу жогорулатуу процесстерин киргизүү. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ММК фонду | ||
Медициналык жардамдын ырааттуулугун уюштуруу. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | ||
Амбулатордук жана стационардык деңгээлде дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен өз убагында камсыздоо. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ММК фонду, "Кыргызфармация" МИ | ||
Бейтаптарды натыйжалуу колдоону жана алардын канааттануусун камсыз кылуу. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ММК фонду | ||
113 "шашылыш байланыш линиясы" аркылуу медициналык жардам жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына катышуу маселелери боюнча калк менен кайтарым байланышты камсыз кылуу. | ММК фонду | ||
"Дары-дармек" мобилдик тиркемеси аркылуу дары менен камсыздоо маселелери боюнча калк менен кайтарым байланышты камсыз кылуу. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | ||
Ведомстволук медициналык уюмдардын жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | ||
6) | МКП жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу | МКП ишке ашыруунун алкагында коммуникация боюнча стратегияны иштеп чыгуу. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ММК фонду |
МКП маселелери боюнча калк менен үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу. | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | ||
Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуудагы укуктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн айылдык саламаттык сактоо комитеттерин колдоо жана тартуу | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
71. МКПны ишке ашыруу белгиленген максаттарга, милдеттерге, аралыктык жана акыркы натыйжаларга жетүү жолу менен камсыз кылынат.
72. МКПны ишке ашырууну баалоо компетенциясынын жана МКП ишке ашыруунун алкагында иш-чаралардын жооптуу катышуучулар тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
73. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги МКПны ишке ашыруу боюнча жыйынды отчетту түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизет.
7-глава. Күтүлүүчү натыйжа
74. Саламаттык сактоо жаатындагы натыйжаларды жакшыртуу: өмүр бою профилактикалык, дарылоочу жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү ар тараптуу камтуу ооруну жана өлүмдү, өзгөчө алдын ала турган жана дарылоого мүмкүн болгон ооруларды азайтууга алып келет.
75. Акыйкаттуулукту жогорулатуу: негизги саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жалпы жеткиликтүүлүк саламаттык сактоодогу теңсиздикти кыскартат жана калктын аялуу катмарынын зарыл болгон медициналык жардамды алуусун камсыз кылат.
76. Финансылык коргоо: кепилденген медициналык кызмат көрсөтүү жарандарды саламаттык сактоонун катастрофалык чыгымдарынан коргойт жана медициналык кызмат көрсөтүүгө өз чөнтөгүнөн акы төлөөгө кеткен чыгымдарды кыскартат.
77. Саламаттык сактоо системасын чыңдоо: медициналык жардамдын бардык деңгээлдеринде уюштурулган кызмат көрсөтүү, так клиникалык протоколдор жана сапатты камсыздоо механизмдери саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун жакшыртат.
78. Эл аралык милдеттенмелерге шайкештик: медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнүн кайра каралган комплекстүү пакеттери Кыргызстандын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн жалпы камтууга жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жолундагы прогресске өбөлгө түзөт.
79. Оору түйшүгүн азайтуу: иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде профилактикага, эрте аныктоого жана дарылоого басым жасоо жугуштуу да, жугуштуу эмес да оорулардын түйшүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.
|
| Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакеттеринин
ТИЗМЕГИ
1-глава. Медициналык жарам көрсөтүүнү уюштуруу
1. "Таралган белгилерге жана симптомдорго жалпы мамиле" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) кечиктирилгис кийлигишүүнү талап кылуучу абалды тез баалоо;
3) температураны контролдоо, анын ичинде медикаментоздук эмес муздатуу жана жылытуу;
4) артериялык кан басымын өлчөө;
5) экспресс-тестирлөө;
6) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
7) кооптуу белгилер жана кошумча жардамга кайрылуу керек болгон учурлар боюнча консультация берүү;
8) адиске өз убагында жөнөтүү менен кооптуу белгилерди жана ооруларды эрте аныктоо;
9) симптомдорду четтетүү үчүн жүрүм-турумдун/айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсү боюнча консультация берүү;
10) баланы 6 ай бою жалаң эмчек эмизүү жана туура кошумча тамак берүү боюнча консультация берүү;
11) абалга жараша тамактанууну баалоо жана консультация берүү;
12) уйку гигиенасы боюнча консультация берүү;
13) курч суициддик ойлордо жана өзүнө зыян келтирүүдө аны эрте аныктоо жана адиске жөнөтүү;
14) УДИ;
15) рентгенография;
16) ЭКГ;
17) пульсоксиметрия;
18) түз офтальмоскопия;
19) отоскопия;
20) пикфлоуметрия, аба агымынын эң жогорку ылдамдыгын өлчөө;
21) күзгү менен кароо;
22) тыгыздалуунун же массанын аспирациясы;
23) флуоресцеин тамызуу;
24) кулак кулкусун алуу;
25) көздү жуу;
26) физиологиялык эритме менен жуу;
27) жөтөлдө жана демигүүдө ингаляциялык бронходилататорлор;
28) жергиликтүү микробго каршы препараттар;
29) жергиликтүү анальгетиктер;
30) теринин жабыркоосунда жана бүдүр чыкканда жергиликтүү антигистаминдик препараттар;
31) теринин жабыркоосунда жана бүдүр чыкканда жергиликтүү кортикостероиддер;
32) гинекологиялык ооруларда жергиликтүү эстроген;
33) кусууга каршы булчуңга препараттар;
34) булчуңга анальгетиктер;
35) ич катууда ректалдык жумшартуучулар;
36) мурун, ооз көңдөйлөрүнүн жана тамак ооруларында интраназалдык кортикостероиддер;
37) пероралдык анальгетиктер;
38) ысытманы түшүрүүчү пероралдык каражаттар;
39) микробго каршы пероралдык каражаттар;
40) кусууга каршы пероралдык каражаттар;
41) пероралдык антигистаминдик препараттар;
42) пероралдык кортикостероиддер;
43) көкүрөк ооруганда пероралдык антиагреганттар;
44) жөтөл жана демигүүдө пероралдык диуретиктер;
45) пероралдык регидратациялоочу эритме;
46) баш айланууда пероралдык антихолинергиялык препараттар;
47) гинекологиялык ооруларда пероралдык контрацептивдер;
48) ич катууда пероралдык жумшартуучу препараттар;
49) ич катууда клизмалар;
50) кесип алуу жана дренаж.
2-глава. Кечиктирилгис медициналык жардам
2. "Кечиктирилгис базалык жардам" пакети (базалык пакет).
3. "Кеңейтилген кечиктирилгис жардам" пакети (базалык пакет).
4. "Ооруканага чейинки кечиктирилгис базалык жардам" пакети (базалык пакет).
5. "Ооруканага чейинки кечиктирилгис кеңейтилген жардам" пакети (базалык пакет).
6. "Уулуу жаныбарлар жана курт-кумурскалар чакканда жана анын кесепетинен жабыркаганда кечиктирилгис базалык жардам" пакети (базалык пакет).
7. "Жаныбарлар чакканда жана анын кесепетинен жабыркаганда кечиктирилгис кеңейтилген жардам" пакети (базалык пакет).
8. "Айлана-чөйрөнүн таасир этүүсүндө (анын ичинде сууга чөгүү) базалык кечиктирилгис жардам" пакети (базалык пакет).
9. "Айлана-чөйрөнүн таасир этүүсүндө (анын ичинде сууга чөгүү) кеңейтилген кечиктирилгис жардам" пакети (базалык пакет).
10. "Ууланууда жана уулуу заттардын таасир этүүсүндө базалык кечиктирилгис жардам" пакети (базалык пакет).
11. "Ууланууда жана уулуу заттардын таасир этүүсүндө кечиктирилгис кеңейтилген жардам" пакети (базалык пакет).
12. "Термикалык жана химиялык жаракаттарда базалык кечиктирилгис жардам" пакети (базалык пакет).
13. "Термикалык жана химиялык жаракаттарда кеңейтилген кечиктирилгис жардам" пакети (базалык пакет).
14. "Курч механикалык жаракатта базалык кечиктирилгис жардам" пакети (базалык пакет).
15. "Курч механикалык жаракатта кеңейтилген кечиктирилгис жардам" пакети (базалык пакет).
3-глава. Репродуктивдүү жана сексуалдык саламаттык
16. "Кош бойлуу убакта үзгүлтүксүз кам көрүү" пакети (базалык пакет).
Төрөткө чейинки байкоо боюнча клиникалык протоколго ылайык төрөткө чейин кеминде 8 кабыл алууда болууну камтыган кош бойлуу убакта комплекстүү кам көрүү.
Пакет төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) психоактивдүү заттарды колдонууга карата скрининг;
3) экспресс-тестирлөө;
4) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
5) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
6) УДИ;
7) кош бойлуу убакта физиологиялык симптомдор боюнча консультация берүү;
8) төрөткө даярдануу, анын ичинде төрөт убагында ооруну басаңдатуу маселелери боюнча консультация берүү;
9) үй-бүлөнү пландоо маселелери боюнча консультация берүү;
10) 6 ай бою жалаң гана эмчек эмизүү жана туура кошумча тамактандыруу маселелери боюнча консультация берүү;
11) төрөттө коштоочунун укугу маселелери боюнча консультация берүү;
12) туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, салмакты контролдоо, ошондой эле алкоголь ичүү жана тамеки чегүү маселелери боюнча комплекстүү консультация берүү;
13) төрөткө чейин даярдануу убагында кооптуу белгилер маселелери боюнча консультация берүү;
14) тамак-аш жетишсиз калктын арасында рациондун энергетикалык баалуулугун жана белокту керектөөнү жогорулатуу боюнча тамактануу жаатында консультация берүү;
15) вакцинациялоо: столбнякка каршы анатоксинди камтыган вакцина;
16) ВИЧти жуктуруунун жогорку тобокелдиги бар кош бойлуу аялдар үчүн контактка чейинки профилактика;
17) эндемиялык региондордо мите курттарга каршы пероралдык препараттар;
18) темир жана фолий кислотасы препараттарын пероралдык кабыл алуу;
19) калктын рационунда кальций аз камтылган топторунун арасында гана кальций препараттарын пероралдык профилактикалык кабыл алуу;
20) пероралдык антациддер;
21) симптомсуз бактериурияда пероралдык микробго каршы препараттар;
22) өмүр үчүн маанилүү көрсөткүчтөргө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү (энеде);
23) өмүр үчүн маанилүү көрсөткүчтөргө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү (түйүлдүктө);
24) көрсөтмөлөр боюнча адистештирилген мекемелерге жөнөтүү.
17. "Төрөткө чейинки кабылдап кетүүлөрдү дарылоо" пакети (базалык пакет).
Пакет төмөнкүлөрдү камтыйт: преэклампсия жана эклампсия, гестациялык диабет, катуу көңүл айлануу жана кусуу, кош бойлуу убактагы аз кандуулук, кош бойлуу убактагы инфекциялар (ЗЖИ, ЖЖБИ жана башкалар), бойдон түшүү же эрте төрөө коркунучу, көп түйүлдүктүү кош бойлуулук жана резус-шайкеш келбестик.
Пакет төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, салмакты контролдоо, ошондой эле алкоголь ичүү жана тамеки чегүү маселелери боюнча комплекстүү консультация берүү;
3) төрөткө чейинки кош бойлуу убактагы кооптуу белгилер боюнча консультация берүү;
4) экспресс-тестирлөө;
5) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
6) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
7) УДИ;
8) түйүлдүктүн стрессиз тести;
9) түйүлдүктүн биофизикалык профили;
10) темир жана фолий кислотасы препараттарын пероралдык кабыл алуу;
11) өмүр үчүн маанилүү көрсөткүчтөргө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү (энеде);
12) өмүр үчүн маанилүү көрсөткүчтөргө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү (түйүлдүктө);
13) ВИЧтин энеден балага жугуусун профилактикалоо үчүн ВИЧ маселелери боюнча консультация берүү;
14) абалга жараша тамактануу маселелери боюнча баалоо жана консультация берүү;
15) кош бойлуу убакта гипертензиялык бузулууларда пероралдык гипертензияга каршы препараттар;
16) кош бойлуу убакта эненин инфекцияларын дарылоо үчүн пероралдык микробго каршы препараттар;
17) ВИЧ менен ооруган кош бойлуу аялдар үчүн пероралдык ретровируска каршы препараттар (РВК);
18) пероралдык гипогликемиялык препараттар;
19) кош бойлуу убакта диабет болгондо тери астына инсулин;
20) аборттордун өзүнөн-өзү кайталануусунун алдын алуу үчүн тери астына аз молекулярдуу гепарин;
21) кош бойлуу убакта гипертензиялык бузулууларда булчуңга магний сульфатын саюу;
22) кош бойлуу убакта сифилис болгондо булчуңга микробго каршы препараттар;
23) эрте төрөттүн жыйынтыгын жакшыртуу үчүн булчуңга кортикостероиддер;
24) булчуңга анти-D иммуноглобулин;
25) кошумча кычкылтек генотерапиясы;
26) кош бойлуу убакта гипертензиялык бузулууларда венага гипертензияга каршы препараттар;
27) венага магний сульфаты;
28) венага кальций глюконаты;
29) венага инфузиялар;
30) венага инсулин;
31) канды жана канды алмаштыруучуларды куюу;
32) аборттордун өзүнөн-өзү кайталануусунун алдын алуу үчүн жатын моюнчасына тигиш салуу;
33) көрсөтмөлөр боюнча оперативдүү кийлигишүүлөр, кесарча кесүү;
34) диурезди контролдоо.
18. "Толгоо жана төрөт убагында күндөлүк кам көрүү" пакети (базалык пакет).
Төрөттүн үч этабын тең камтыган комплекстүү интранаталдык кам көрүү, төрөт убагында үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү (партограмманы колдонуу), ооруну дарылоо варианттары, анын ичинде медикаментоздук эмес жана фармакологиялык методдор, төрөттүн үчүнчү мезгилин активдүү көзөмөлдөө, төрөткө квалификациялуу жардам берүү менен вагиналдык төрөт.
Пакет төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) манжа менен вагиналдык изилдөө;
2) жатындын жыйрылуу активдүүлүгүн клиникалык баалоо;
3) түйүлдүктүн жүрөк кагышынын жыштыгын мезгил-мезгили менен аускультациялоо;
4) допплеграфиянын жардамы менен түйүлдүктү аускультациялоо;
5) түйүлдүктүн абалын ырастоо үчүн УДИ;
6) ооруксуздандыруу үчүн релаксация методдору;
7) ооруксуздандыруунун мануалдык методдору;
8) төрөт убагында эненин кыймылдуулугу жана абалы маселелери боюнча консультация берүү;
9) ооруганда эпидуралдык анестезия;
10) булчуңга анальгетиктер;
11) венага анальгетиктер;
12) төрөттүн экинчи мезгилин клиникалык баалоо;
13) жатындын жыйрылуусун клиникалык баалоо;
14) төрөттүн экинчи мезгилиндеги абал боюнча консультация берүү;
15) ыйынуу методдору боюнча консультация берүү;
16) вагиналдык төрөт;
17) төрөттөн кийинки кан акетүүнүн алдын алуу үчүн пероралдык утеротониктер;
18) төрөттөн кийинки кан кетүүнү профилактикалоо үчүн булчуңга утеротониктер;
19) төрөттөн кийинки кан кетүүнү профилактикалоо үчүн венага утеротониктер;
20) жатындын тонусун баалоо;
21) вагиналдык кан кетүүгө мониторинг жүргүзүү;
22) эненин жана түйүлдүктүн өмүрү үчүн маанилүү функцияларга мониторинг жүргүзүү, үзгүлтүксүз контролдоо.
19. "Толгоо жана төрөт убагында кабылдап кетүүлөрдү башкаруу" пакети (базалык пакет).
Медициналык көрсөтмөлөр болгондо оперативдүү кийлигишүү, кесарча кесүү, төрөт убагында кабылдап кетүүлөрдү дарылоо (узакка созулган төрөт, феталдык дистресс, кан кетүү), жаңы төрөлгөн балага дароо кам көрүү, анын ичинде жаңы төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн негизги методдору, "кенгуру" методу менен кам көрүүнү баштоо.
Пакет төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) экспресс-тестирлөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) төрөттү стимулдаштыруу үчүн простагландиндердин пероралдык аналогдору;
5) пероралдык гипертензияга каршы препараттар;
6) төрөттү стимулдаштыруу үчүн простагландиндердин вагиналдык аналогдору;
7) төрөттөн кийинки кан кетүүдө сублингвалдык мизопростол;
8) төрөттөн кийинки кан кетүүдө булчуңга окситоцин;
9) плацентаны кол менен алуудан кийин булчуңга микробго каршы профилактика;
10) энеде төрөттөн кийинки инфекциялар болгондо булчуңга микробго каршы препараттар;
11) эрте төрөттөрдө пероралдык токолитиктер;
12) эрте төрөттөрдүн натыйжаларын жакшыртуу үчүн антенаталдык кабыл алуу үчүн булчуңга кортикостероиддер;
13) төрөттү стимулдаштыруу үчүн венага окситоцин;
14) венага гипертензияга каршы препараттар;
15) булчуңга магний сульфаты;
16) венага магний сульфаты;
17) төрөттөн кийинки кан кетүүдө венага окситоцин;
18) төрөттөн кийинки кан кетүүдө венага транексам кислотасы (ТХА);
19) түйүлдүктүн чел кабыгы эрте жарылган аялдарда венага бактерияга каршы профилактика;
20) энеде төрөттөн кийинки инфекциялар болгондо венага бактерияга каршы препараттарды саюу;
21) В тобундагы стрептококк очок алганда венага антибактерияга каршы препараттарды саюу;
22) эрте төрөттүн натыйжаларын жакшыртуу үчүн венага антенталдык кортикостероиддерди саюу;
23) венага инфузия;
24) төрөттү индукциялоо үчүн амниотомия;
25) оперативдүү кийлигишүү, кесарча кесүү;
26) кыпчуурларды салуу;
27) түйүлдүктү вакуумдук экстракциялоо;
28) биринчи жана экинчи даражадагы чурайдын айрылуусун тигүү;
29) үчүнчү жана төртүнчү даражадагы чурайдын айрылуусун тигүү;
30) жатын моюнчасынын айрылуусун тигүү;
31) канды жана канды алмаштыруучуларды коюу;
32) төрөттөн кийинки кан кетүүдө баллон тампонадасы;
33) төрөттөн кийинки кан кетүүдө жатынды деваскуляризациялоо (жатындын магистралдык тамырларын буу/убактылуу клиптөө же мүмкүн болсо жатын артерияларынын эмболизациясы);
34) төрөттөн кийинки кан кетүүдө жатындын бимануалдык компрессиясы;
35) төрөттөн кийинки кан кетүүдө жатын көңдөйүн кол менен текшерүү;
36) кол менен вакуумдук аспирациялоо;
37) төрөттөн кийинки кан кетүүдө компрессиялык тигиштер;
38) кан тамырларды буу боюнча операция;
39) субтоталдык гистерэктомия;
40) тоталдык гистерэктомия.
20. "Аялдарга төрөттөн кийинки мезгилде үзгүлтүксүз кам көрүү" пакети (базалык пакет).
Эне жана жаңы төрөлгөн бала үчүн төрөттөн кийинки кеминде төрт жолу баруу, эмчек эмизүүнү колдоо жана консультация берүү, жаңы төрөлгөн балдарды скринингдөө жана иммунизациялоо, үй-бүлөнү пландоо боюнча консультация берүү, психикалык саламаттыкты скринингдөө жана колдоо.
Пакет төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) жардам көрсөтүлгөн жерде текшерүү;
3) негизги лабораториялык анализдер;
4) 6 ай бою жалаң гана эмчек эмизүү жана туура кошумча тамактандыруу маселелери боюнча консультация берүү;
5) төрөттөн кийинки мезгилде физикалык активдүүлүк жана кыймыл аз жашоо образын профилактикалоо маселелери боюнча консультация берүү;
6) абалга жараша тамактануу маселелери боюнча баалоо жана консультация берүү;
7) ВИЧтин энеден балага жугуусун профилактикалоо үчүн ВИЧ маселелери боюнча консультация берүү;
8) үй-бүлөнү пландоо жана контрацепция маселелери боюнча консультация берүү;
9) психикалык билим берүү жана психосоциалдык колдоо (анын ичинде кам көрүүчү адамдар үчүн);
10) төрөттөн кийинки депрессияны жана тынчсызданууну клиникалык баалоо;
11) перианалдык ооруну жеңилдетүү үчүн жергиликтүү муздатуу;
12) пероралдык анальгетиктер;
13) эндемикалык райондордо пероралдык мите курттарга каршы препараттар;
14) ВИЧти жуктуруп алуунун жогорку тобокелдиги бар кош бойлуу аялдар үчүн контактка чейинки профилактика;
15) төрөттөн кийинки мезгилде темир жана фолий кислотасы препараттарын пероралдык кабыл алуу;
16) өмүр үчүн маанилүү функцияларга туруктуу мониторинг жүргүзүү;
17) көрсөтмөлөр болгондо кыйла жогорку деңгээлдеги адистештирилген мекемелерге жөнөтүү.
21. "Кош бойлуулукту диагностикалоо жана аборт жасоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) пероралдык анальгетиктер;
5) пероралдык микробго каршы препараттар;
6) булчуңга анальгетиктер;
7) булчуңга анти-D иммуноглобулин;
8) осмотикалык кеңейтүүчү менен цервикалдык каналды дилатациялоо;
9) дилатациялоо жана эвакуациялоо;
10) кол менен вакуум-аспирациялоо;
11) электровакуум-аспирациялоо.
22. "Аборт менен байланышкан кабылдап кетүүлөрдү диагностикалоо, медикаментоздук жана хирургиялык дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) УДИ;
5) булчуңга анальгетиктер;
6) венага анальгетиктер;
7) септикалык абортто венага микробго каршы препараттар;
8) венага инфузиялар;
9) канды жана анын компоненттерин куюу;
10) төрөттөн кийинки жаракаттарды хирургиялык калыбына келтирүү;
11) лапаротомия.
23. "Кош бойлуулукту диагностикалоо жана системалуу терапиянын жардамы менен аборт жасоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) абортто, бойдон түшүүдө жана түйүлдүктүн жатын ичинде өлүүсүндө консультация берүү жана колдоо;
4) үй-бүлөнү пландоо жана контрацепция маселелери боюнча консультация берүү;
5) медикаментоздук абортту өз алдынча жасоо;
6) пероралдык анальгетиктер;
7) аборт үчүн прогестерон рецепторунун пероралдык антагонисттери;
8) аборт үчүн сублингвалдык простагландиндер;
9) аборт үчүн буккалдуу простагландиндер;
10) булчуңга анти-D иммуноглобулин;
11) аборт үчүн вагиналдык простагландиндер;
12) көрсөтмөлөр болгондо аборттун кабылдап кетишин дарылоого жөнөтүү.
24. "Жатындан тышкаркы кош бойлуулукту диагностикалоо, медикаментоздук жана хирургиялык дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) УДИ;
5) үй-бүлөнү пландоо жана контрацепция маселелери боюнча консультация берүү;
6) пероралдык анальгетиктер;
7) жатындан тышкаркы кош бойлуулукта булчуңга антиметаболиттер;
8) жатындан тышкаркы кош бойлуулукта венага анти-D иммуноглобулин саюу;
9) венага инфузиялар;
10) канды жана анын компоненттерин куюу;
11) жатындан тышкаркы кош бойлуулукта лапаротомия.
25. "Жатындан тышкаркы кош бойлуулукту кошумча хирургиялык дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) жатындан тышкаркы кош бойлуулукта венага анти-D иммуноглобулин саюу;
4) венага инфузиялар;
5) канды жана анын компоненттерин куюу;
6) жатындан тышкаркы кош бойлуулукта лапароскопиялык хирургия.
26. "Менструалдык саламаттыкты чыңдоо" пакети (кошумча пакет):
1) менархе маселелери боюнча консультация берүү;
2) менструация маселелери боюнча консультация берүү;
3) таза сууга жана санитарияга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча консультация берүү.
27. "Оорутуп өтүүчү менструалдык кан кетүүлөр боюнча консультация берүү" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) оорутуп өтүүчү менструалдык кан кетүүлөр боюнча консультация берүү;
3) дисменореяны дарылоонун медикаментоздук жана медикаментоздук эмес методдору боюнча консультация берүү.
28. "Менструалдык көп кан кетүүнү диагностикалоо, медикаментоздук дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) көп кан кетүү боюнча консультация берүү;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) пероралдык анальгетиктер;
5) менструалдык көп кан кетүүдө пероралдык транексам кислотасы (ТХА);
6) темир жана фолий кислотасынын пероралдык препараттары;
7) венага темир препараттары.
29. "Үй-бүлөнү пландоо жана контрацепцияны тандоо маселелери боюнча текшерүү, тестирлөө, консультация берүү" пакети (базалык пакет):
1) анамнезди чогултуу жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) үй-бүлөнү пландоо жана контрацепция методдору, ошондой эле контрацептивдерди тандоо боюнча консультация берүү;
6) фертилдүүлүктү аныктоо методу (FAB) боюнча консультация берүү;
7) пероралдык гормоналдык контрацептивдер;
8) шашылыш контрацепциянын пероралдык каражаттары;
9) булчуңга гормоналдык контрацептивдер;
10) жатын ичиндеги спираль (BMC);
11) жатын түтүктөрүн эки жактан буу;
12) тери астындагы контрацептивдик имплантты алып салуу;
13) жатын ичиндеги спиралды (BMC) алып салуу;
14) вазэктомия.
30. "Жакын өнөктөштүн зомбулугун таануу жана баштапкы чара көрүү" пакети (базалык пакет):
1) алгачкы жардам көрсөтүү;
2) жакын өнөктөш зомбулук көрсөткөн учурда анамнез жана физикалдык текшерүү;
3) жакын өнөктөш зомбулук көрсөткөн учурларды коопсуз жана купуя документтештирүү;
4) экспресс-тесттер;
5) негизги лабораториялык анализдер;
6) вакцинациялоо: В гепатити;
7) вакцинациялоо: ВПЧ;
8) коопсуз жана тиешелүү шарттарда байланышты жакшыртуу/чыр-чатактарды чечүү боюнча консультация берүү;
9) коопсуз аборт боюнча консультация берүү жана жөнөтүү;
10) психикалык бузулууларды клиникалык баалоо;
11) зомбулуктан жабыркагандар үчүн психикалык билим берүү, анын ичинде стрессти азайтуу;
12) адистештирилген медициналык мекемелерге жана башка колдоо кызматтарына жөнөтүү;
13) коопсуздук жаатында кечиктирилгис муктаждыктар болгон учурда консультация берүү жана адистерге жөнөтүү;
14) аялдарга карата зомбулук жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана гендердик ченемдерди жана мамилелерди жайылтуу;
15) жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматы бар өзүнчө материалдарды берүү.
31. "Сексуалдык зомбулукту таануу жана баштапкы чара көрүү" пакети (базалык пакет):
1) алгачкы жардам көрсөтүү;
2) сексуалдык зомбулукта анамнез жана физикалдык текшерүү;
3) соттук-медициналык экспертиза;
4) сексуалдык зомбулукту коопсуз жана купуя документтештирүү анын ичинде соттук-медициналык далилдер;
5) экспресс-тестирлөө;
6) негизги лабораториялык анализдер;
7) психикалык бузулууларды клиникалык баалоо;
8) жыныстык жол менен берилүүчү инфекцияларды (ЖЖБИ) пероралдык микробго каршы профилактика;
9) ВИЧти контакттан кийинки профилактика;
10) шашылыш жардам үчүн пероралдык контрацептивдер;
11) булчуңга ЖЖБИни микробго каршы профилактика;
12) жатын ичиндеги спираль (BMC);
13) адистештирилген медициналык мекемелерге жана башка колдоо кызматтарына жөнөтүү;
14) зомбулуктан жабыркагандар үчүн психикалык билим берүү, анын ичинде стрессти азайтуу;
15) жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтык материалдарды берүү.
4-глава. Өсүү, өнүгүү, картаюу
32. "Туура тамактануу маселелери боюнча консультация берүү жана колдоо" пакети (базалык пакет):
1) 6 ай бою жалаң гана эмчек эмизүү жана туура кошумча тамактандыруу маселелери боюнча консультация берүү;
2) ымыркайларды жана кенже курактагы балдарды тамактандыруу жана энелердин тамактануусу маселелери боюнча консультация берүү;
3) тамактануу, азык-түлүк коопсуздугу жана туура тамактануу маселелери боюнча консультация берүү;
4) абалга жараша тамактанууну баалоо жана консультация берүү;
5) жакшы тамактанбаган калктын арасында рациондун күнүмдүк калориясын жана белокту керектөөнү көбөйтүү боюнча тамактануу жаатында консультация берүү;
6) туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, салмакты контролдоо, ошондой эле алкоголь ичүү жана тамеки чегүү маселелери боюнча комплекстүү консультация берүү.
33. "Алсыроону диагностикалоо, консультация берүү жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) ийиндин ортосунун айланасын (ИОА) өлчөө;
3) экспресс-тестирлөө;
4) негизги лабораториялык анализдер;
5) бул абалга мүнөздүү тамактануу маселелери боюнча баалоо жана консультация берүү;
6) алмаштыруучу тамактандырууну баалоо жана эмбеген ымыркайларды колдоо;
7) психикалык саламаттык жана бакубаттуулук маселелери боюнча консультация берүү;
8) баланы 6 ай бою жалаң эне сүтү менен багуу жана туура кошумча тамактандыруу маселелери боюнча консультация берүү;
9) адиске эрте кайрылуу менен кооптуу белгилерди жана ооруну эрте аныктоо;
10) пероралдык регидратация эритмеси;
11) микробго каршы пероралдык препараттар;
12) пероралдык анальгетиктер;
13) глюкозаны ичүү;
14) кошумча кычкылтек терапиясы;
15) венага глюкоза саюу.
34. "Физикалык активдүүлүктү колдоо" пакети (базалык пакет):
1) физикалык активдүүлүк жана аз кыймылдуу жашоо образынын алдын алуу маселелери боюнча консультация берүү;
2) физикалык активдүүлүктүн деңгээлин баалоо;
35. "Уйкунун бузулушун диагностикалоо жана окутуунун жардамы менен аны башкаруу" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) аз кыймылдуу жашоо образы жана туура уктоо маселелери боюнча консультация берүү;
3) уйку гигиенасы боюнча окутуу жана консультация берүү.
5-глава. Жаңы төрөлгөн балдардын, ымыркайлардын, балдардын жана өспүрүмдөрдүн өсүшү жана өнүгүшү
36. "Төрөттөн кийинки бир сааттын ичинде жаңы төрөлгөн балдарга биринчи кезектеги кам көрүү" пакети (базалык пакет):
1) жаңы төрөлгөн балага тез жардам көрсөтүү протоколдорун колдонуу;
2) экспресс-тестирлөө;
3) киндикке кам көрүү;
4) эмизүүнү эрте баштоого көмөк көрсөтүү;
5) теринин териге контактын камсыз кылуу;
6) ВИЧке кабылган жаңы төрөлгөн балдар үчүн пероралдык антиретровирустук препараттар.
37. "Жаңы төрөлгөн балдарга үзгүлтүксүз кам көрүү" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) жаңы төрөлгөн балдарды универсалдуу скринингдөө;
3) инфекциянын кооптуулугун азайтуу үчүн микробго каршы пероралдык препараттар;
4) геморрагикалык оорунун алдын алуу үчүн булчуңга К витаминин саюу;
5) жаңы төрөлгөн балдардын офтальмиясынын алдын алуу үчүн микробго каршы жергиликтүү препараттар;
6) баланы 6 ай бою жалаң эне сүтү менен багуу жана эмизүү көйгөйлөрүндө практикалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча консультация берүү;
7) жаңы төрөлгөн балдарга үзгүлтүксүз кам көрүү маселелери боюнча консультация берүү;
8) кооптуу белгилерди жана ооруларды эрте аныктоо жана врачка эрте кайрылуу боюнча консультация берүү.
38. "Төрөттөн кийинки 24 сааттан кийин неонаталдык кабылдоолорду диагностикалоо жана дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) аз салмактагы жаңы төрөлгөн балдардын тамактануусун баалоо жана консультация берүү;
3) жетилбей төрөлгөн жана жогорку тобокелдиктеги балдар үчүн микронутриенттик кошумчалар;
4) кыйла жогорку деңгээлдеги адистештирилген медициналык мекемелерге эрте жиберүү менен кооптуу белгилерди жана ооруларды эрте аныктоо;
5) экспресс-диагностика;
6) негизги лабораториялык анализдер;
7) кеңейтилген лабораториялык анализдер;
8) ультра добуштук изилдөөлөр;
9) рентгенография;
10) электроэнцефалография (ЭЭГ);
11) компьютердик томография (КТ);
12) бел пункциясы;
13) пульсоксиметрия;
14) неонаталдык сарыкта кан алмаштыруу;
15) фототерапия;
16) жетилбей төрөлгөн балдар үчүн пероралдык пробиотиктер;
17) жетилбей төрөлгөн балдар үчүн пероралдык метилксантиндер;
18) неонаталдык кабылдоолордо микробго каршы пероралдык препараттар;
19) пероралдык анальгетиктер;
20) неонаталдык кабылдоолордо карышууга каршы пероралдык препараттар;
21) неонаталдык кабылдоолордо пероралдык бензо диазепиндер;
22) жаңы төрөлгөн балдардын офтальмиясы үчүн микробго каршы жергиликтүү препараттар;
23) кошумча кычкылтек терапиясы;
24) венага суюктуктар;
25) жаңы төрөлгөн балдар үчүн венага вазопрессорлор;
26) неонаталдык кабылдоолордо сурфактантты эндотрахеалдык киргизүү;
27) неонаталдык кабылдоолордо микробго каршы венага препараттар;
28) венага анальгетиктер;
29) неонаталдык кабылдоолордо карышууга каршы венага препараттар;
30) неонаталдык кабылдоолордо венага бензодиазепиндер;
31) неонаталдык кабылдоолордо ингаляциялык бронхо дил ататорл ор;
32) жаңы төрөлгөн балдардын реанимациясы;
33) инвазивдүү эмес механикалык вентиляция;
34) инвазивдүү механикалык вентиляция;
35) канды жана кан препараттарын куюу;
36) диагностикалык лапаротомия (некроздук энтероколитте);
37) дем алуу жолдорун туура жайгаштыруу жана дем алуу жолдорунун ачык болушун базалык камсыз кылуу;
38) СРАР жана Амбу баштыгынын жардамы менен оң басымдуу вентиляция;
39) кекиртектен дем алуу жолу менен дем алуу жолдорунун ачык болушун камсыз кылуу;
40) эндотрахеалдык интубация.
39. "Пайдалуу өсүүнү жана өнүгүүнү колдоо" пакети (базалык пакет):
1) антропометриялык баалоо;
2) скринингдик аудиометрия;
3) жалаң гана эмизүүнү практикалык көрсөтүү менен консультация берүү;
4) баланы 6 ай бою жалаң эне сүтү менен багуу жана туура кошумча тамактандыруу боюнча консультация берүү;
5) багуусундагы балдар үчүн эне сүтүн алмаштыруучуларды (ЭСА) пайдалануу маселелери боюнча консультация берүү, анын ичинде муктаждыкты жана тобокелдикти баалоо;
6) релактация маселелери боюнча консультация берүү;
7) туура уктоо маселелери боюнча консультация берүү;
8) тамактануу, азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча консультация берүү;
9) жоопкерчиликтүү кам көрүү жана эрте окутуу маселелери боюнча консультация берүү;
10) физикалык активдүүлүк маселелери боюнча баалоо жана консультация берүү.
40. "Балдарга узак мөөнөттүү жардам берүүнү пландоо" пакети (базалык пакет):
1) саламаттыктын социалдык детерминанттарын баалоо;
2) жекече кам көрүү пландарын иштеп чыгуу жана жүргүзүү (саламаттык абалын баалоо сапарлары);
3) баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчүлөр менен узак мөөнөттүү мамилелерди түзүү жана колдоо;
4) анамнезди жана физикалдык изилдөөнү, анын ичинде аралыктагы окуяларды изилдөө жана документтештирүү;
5) өмүр бою скринингдөө пландары;
6) кеңейтилген кам көрүүнү пландоо;
7) кызмат көрсөтүүлөрдү координациялоо үчүн өнөкөт ооруларды башкаруу (виртуалдык консультация берүү);
8) өспүрүмдүн өнүгүү стадияларын баалоо;
9) өспүрүмдүн өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмүн баалоо.
41. "Баланын саламаттыгын баалоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) көрүүнү текшерүү (мектепке чейинки курактагы балдар);
3) көрүүнү текшерүү (мектеп окуучулары);
4) экспресс-тестирлөө;
5) негизги лабораториялык анализдер;
6) кеңейтилген лабораториялык анализдер;
7) негизги өнүгүү этаптарына мониторинг жүргүзүү;
8) өнүгүүсү кечиккенде адистерге жөнөтүү.
42. "Чоңдордун саламаттыгын баалоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр.
43. "Балдардын катарактасын диагностикалоо жана хирургиялык дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) жарака лампасы менен кароо;
2) тонометрия;
3) оптикалык биометрия;
4) чырак менен кароо (көрүүнү сыртынан баалоо);
5) көрүү курчтугун текшерүү;
6) анестезия менен көздү кароо;
7) катарактаны алып салуу боюнча хирургиялык операция.
44. "Жүрөктүн тубаса оор кемтиктери" пакети (базалык пакет):
1) анамнезди топтоо жана физикалдык изилдөө;
2) пульсоксиметрия;
3) негизги лабораториялык анализдер;
4) кеңейтилген лабораториялык анализдер;
5) рентгенография;
6) электрокардиограмма (ЭКГ);
7) эхокардиография;
8) антигипертензивдүү препараттарды венага саюу;
9) диуретиктерди венага саюу;
10) антиаритмиялык препараттарды венага саюу;
11) микробго каршы препараттарды венага саюу;
12) жүрөк катетеризациясы;
13) хирургиялык дарылоо.
45. "Нерв түтүкчөсүнүн тубаса кемтиктери" пакети (базалык пакет):
1) тамак-ашты фолий кислотасы менен байытууну пайдалануу боюнча консультация берүү;
2) фолий кислотасын ичүү боюнча пренаталдык консультация берүү;
3) МРТ, көрсөтмөлөр болгондо;
4) көрсөтмөлөр боюнча хирургиялык дарылоо.
46. "Буттардын тубаса бузулушу" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) буттардын тубаса бузулуу түрүн жана оордук даражасын диагностикалоо;
3) көрсөтмөлөр болгондо рентгенография;
4) тартууну жана гипстөөнү колдонуу (Понсети методу);
5) буттардын тубаса бузулушун хирургиялык дарылоо.
47. "Эриндин жана/же таңдайдын тубаса жырыгы" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) атайын упчунун/жабдыктын жардамы менен тамактандырууну колдоо;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) хирургиялык дарылоо.
48. "Тубаса гипотиреоз" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) тамак-ашты йод менен байытууну пайдалануу боюнча консультация берүү;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) тироксин менен алмаштыруучу терапия.
6-глава. Паллиативдик жардам
49. "Паллиативдик жардамга муктаж бейтапты баалоо жана башкаруу" пакети (базалык пакет):
1) паллиативдик жардам көрсөтүү каралган адамдарды аныктоо;
2) бейтапка багытталган паллиативдик жардамды комплекстүү баалоо;
3) бейтапты жана/же камкорчуну окутуу жана консультация берүү;
4) бул абалга мүнөздүү тамак-аш маселелери боюнча баалоо жана консультация берүү;
5) паллиативдик жардам маселелери боюнча камкорчуларды окутуу жана колдоо;
6) адистештирилген паллиативдик жардамга жана башка көмөкчү кызмат көрсөтүүлөргө жиберүү;
7) симптомдорду дарылоонун дары-дармексиз методдору боюнча консультация берүү;
8) ооз көңдөйүнө жана териге кам көрүү (анын ичинде жаракаттарга кам көрүү);
9) кошумча кычкылтек терапиясы;
10) пероралдык анальгетиктер;
11) пероралдык ич алдыруучулар;
12) кусууга каршы пероралдык каражаттар;
13) ич өткөккө каршы пероралдык каражаттар;
14) кандидоздо микробго каршы пероралдык каражаттар;
15) пероралдык кортикостероиддер;
16) пероралдык диуретиктер;
17) пероралдык опиоиддер;
18) пероралдык антидепрессанттар;
19) пероралдык бензодиазепиндер;
20) пероралдык антипсихотиктер;
21) тери астына опиоиддер;
22) тери астына бензодиазепиндер;
23) тери астына антипсихотиктер;
24) ич катууда клизмалар;
25) опиоиддердин ашыкча дозасында венага опиоддик антагонисттер;
26) трансуретралдык катетерди орнотуу.
7-глава. Жугуштуу эмес оорулар жана психикалык саламаттык
50. "Темирдин жетишсиздигинен аз кандуулукту диагностикалоо жана дары-дармек менен дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) абалга жараша тамактанууну баалоо жана консультация берүү;
5) пероралдык темир препараттары;
6) венага темир препараттары;
7) канды жана анын компоненттерин куюу.
51. "Темирдин жетишсиздигинен аз кандуулукту кошумча диагностикалоо" пакети (кошумча пакет) - кеңейтилген лабораториялык тесттер.
52. "Алгачкы иммундук жетишсиздик абалдардын алдын алуу" пакети (базалык пакет) - профилактикалык микробго каршы препараттарди пайдалануу боюнча консультация берүү.
53. "Алгачкы иммундук жетишсиздиктерди диагностикалоо жана дары-дармек менен дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык анализдер;
2) негизги лабораториялык анализдер;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) венага гамма-глобулин (IgG) саюу;
5) венага микробго каршы препараттарди саюу;
6) венага иммуноглобулин терапиясы.
54. "Алгачкы иммундук жетишсиздиктер менен байланышкан кабылдоолорду кошумча дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) парентералдык тамактануу;
2) ашказан-ичеги инфекцияларында микробго каршы пероралдык препараттар.
55. "Кандын уюшунун бузулууларын диагностикалоо жана дары-дармек менен дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) УДИ;
5) рентгенография;
6) пероралдык антитромботиктер;
7) венага антитромботиктер.
56. "Кандын уюшунун бузулууларын кошумча дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) канды алмаштырып куюу;
2) кан факторлорун колдонуу.
57. "Жатын моюнчасынын рагын скринингдөө" пакети (базалык пакет):
1) уксус кислотасы менен визуалдык кароо (VIA);
2) цитология (Папаниколау сүртүндүсү же суюктук цитологиясы);
3) ВПЧ ДНКсын тестирлөө.
58. "Эмчек рагын эрте аныктоо маселелери боюнча окутуу жана консультация берүү" пакети (базалык пакет):
1) эмчек рагы жөнүндө маалымдуулук маселелери боюнча консультация берүү;
2) 40 жаш жана андан улуу курактагы аялдарда эрте аныктоого окутуу.
59. "Эмчек рагын скринингдөө" пакети (базалык пакет) - скрининг маммографиясы.
60. "Балдарда ракты эрте аныктоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) рентгенография;
4) УДИ.
61. "Курч лимфобласттык лейкозду диагностикалоо, системалуу жана/же нур терапиясы" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) рентгенография;
5) УДИ;
6) преднизолон менен пероралдык профазалык терапия;
7) борбордук веналык катетерди орнотуу;
8) пероралдык химиотерапия;
9) тери астына химиотерапия;
10) венага химиотерапия;
11) седациялоо;
12) сөөк чучугун аспирациялоо;
13) белдин пункциясы;
14) нур терапиясын пландоо жана моделдештирүү;
15) нур терапиясын колдонуу.
62. "Беркитт лимфомасын диагностикалоо, хирургиялык жол менен дарылоо, системалуу жана/же нур терапиясы" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) рентгенография;
5) УДИ;
6) седациялоо;
7) эксцизиондук биопсия;
8) плевроцентез;
9) парацентез;
10) сөөк чучугун аспирациялоо;
11) Беркитт лимфомасында венага химиотерапия.
63. "Ходжкин лимфомасын диагностикалоо, системалуу жана/же нур терапиясынын жардамы менен дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) рентгенография;
5) УДИ;
6) спирометрия;
7) электрокардиограмма (ЭКГ);
8) өпкө функциясын изилдөө;
9) седациялоо;
10) пероралдык химиотерапия;
11) пероралдык кортикостероиддер;
12) венага химиотерапия;
13) нур терапиясын пландоо жана моделдештирүү;
14) нур терапиясын колдонуу;
15) аралыктагы нур терапиясын пландоо жана моделдештирүү;
16) аралыктагы нур терапиясын колдонуу;
17) борбордук веналык катетерди орнотуу;
18) сөөк чучугунун биопсиясы;
19) эксцизиондук биопсия;
20) сөөк чучугун аспирациялоо.
64. "Вильмс шишигин диагностикалоо, хирургиялык дарылоо, системалуу жана/же нур терапиясы менен дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) рентгенография;
5) УДИ;
6) борбордук веналык катетерди орнотуу;
7) процедуралык седация;
8) венага химиотерапия (неоадъюванттык жана/же адъюванттык);
9) нефрэктомия жана лимфа түйүндөрүнүн биопсиясы;
10) нефронду сактоочу нефрэктомия жана лимфа түйүндөрүнүн биопсиясы;
11) нур терапиясын пландоо жана моделдөө;
12) нур терапиясын колдонуу;
13) өпкөнүн жоголбой турган түйүнчөлөрүн хирургиялык алып салуу.
65. "Вильмс шишигинин кабылдап кетүүлөрүн дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) торакоцентез;
2) парацентез.
66. "Беш жашка чейинки балдарда ретинобластоманы диагностикалоо, медикаментоздук жана хирургиялык дарылоо" пакети:
1) көздү кароо;
2) процедуралык седация;
3) кыйыр офтальмоскопия;
4) фундус-сүрөткө тартуу;
5) венага химиотерапия;
6) энуклеация;
7) фокалдык лазердик терапия;
8) криотерапия.
67. "Беш жаштан жогору балдарда ретинобластоманы диагностикалоо, хирургиялык дарылоо, системалуу жана/же нур терапиясы" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) көздү кароо;
3) процедуралык седация;
4) кыйыр офтальмоскопия;
5) фундус-сүрөткө тартуу;
6) ретинобластомада фокалдык лазердик терапия;
7) ретинобластомада криотерапия;
8) ретинобластомада венага химиотерапия (адъюванттык);
9) энуклеация.
68. "Ретинобластоманы системалуу, лазердик жана/же нур терапиясынын жардамы менен дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) кыйыр офтальмоскопия;
3) фундус-сүрөткө тартуу;
4) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
5) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
6) фотокоагуляциялык терапия;
7) термикалык абляция;
8) ретинобластомада артерияга химиотерапия;
9) ретинобластомада интравитреалдык химиотерапия;
10) нур терапиясын пландоо жана моделдөө;
11) аралыктан нур терапиясын пландоо жана моделдөө;
12) брахитерапияны пландоо жана моделдөө;
13) брахитерапияны колдонуу;
14) аралыктан нур терапиясын колдонуу.
69. "Балдардын рак оорусу менен байланышкан кечиктирилгис кырдаалдарды башкаруу (жалпы)" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) шишиктин лизис синдромунда пероралдык препараттар;
4) жогорку көңдөй венасы кысылганда венага химиотерапия;
5) баш сөөктүн ичиндеги гипертензияда венага химиотерапия;
6) абдоминалдык компартмент-синдромунда венага химиотерапия;
7) жүлүн катуу кысылганда венага химиотерапия;
8) гемодиализ;
9) аралыктан нур терапиясын пландоо жана моделдөө;
10) аралыктан нур терапиясын колдонуу;
11) жогорку көңдөй венасы кысылганда хирургиялык редукция;
12)баш сөөктүн ичиндеги гипертензияда вентрикулоперитонеалдык (ВП) шунттоо;
13) абдоминалдык компартмент-синдромунда парацентез;
14) жүлүн катуу кысылганда ламинэктомия.
70. "Аналдык ракты диагностикалоо, хирургиялык дарылоо, системалуу жана/же нур терапиясы" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) УДИ;
5) ректоскопия;
6) эксцизиондук биопсия;
7) ичке ийне менен аспирациялык биопсия;
8) пероралдык химиотерапия;
9) венага химиотерапия;
10) венага химиотерапия (бир эле учурда);
11) жаракатты хирургиялык кесип алуу;
12) колостомия;
13) ич көңдөйү жана чат аркылуу радикалдуу резекция;
14) толук мезоректумэктомия (ТМЭ);
15) нур терапиясын пландоо жана моделдөө;
16) нур терапиясын колдонуу.
71. "Ооз көңдөйүнүн рагын скринингдөө" пакети (базалык пакет) - анамнез жана ооз көңдөйүнүн рагына карата физикалдык текшерүү.
72. "Жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдигин баалоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) артериялык кан басымын өлчөө жана баалоо;
3) жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча ДСУнун лабораториялык таблицасын пайдалануу;
4) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
5) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр.
73. "Гипертонияны диагностикалоо жана аны медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) артериялык кан басымын өлчөө жана баалоо;
3) АПФ пероралдык ингибиторлору;
4) ангиотензин II рецепторунун пероралдык блокаторлору;
5) кальций каналынын пероралдык блокаторлору;
6) пероралдык тиазид жана тиазид сымал диуретиктери.
74. "Гипертониялык ооруну кошумча диагностикалоо" пакети (базалык пакет):
1) электрокардиограмма (ЭКГ);
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр изилдөөлөр.
75. "Гипертониялык оору менен байланышкан кечиктирилгис абалдарды диагностикалоо, аларды медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) гипертониялык криздерде венага адреналдык блокаторлор;
4) гипертониялык криздерде венага вазодилататорлор.
76. "Жүрөктүн курч кармаган ишемиялык оорусун диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) базалык лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) электрокардиограмма (ЭКГ);
6) жүрөктүн ишемиялык курч кармаган жабыркоосунда пероралдык антикоагулянттар;
7) жүрөктүн ишемиялык курч кармаган жабыркоосунда пероралдык бета-блокаторлор;
8) жүрөктүн ишемиялык курч кармаган жабыркоосунда пероралдык нитраттар;
9) жүрөктүн ишемиялык курч кармаган жабыркоосунда пероралдык статиндер;
10) жүрөктүн ишемиялык курч кармаган жабыркоосунда пероралдык АПФ ингибиторлору;
11) миокарддын курч инфарктында пероралдык антиагреганттар;
12) венага анальгетиктер;
13) жүрөктүн ишемиялык курч кармаган жабыркоосунда венага диуретиктер;
14) жүрөктүн ишемиялык курч кармаган жабыркоосунда венага тромболитиктер;
15) жүрөктүн ишемиялык курч кармаган жабыркоосунда венага нитраттар;
16) жүрөктүн ишемиялык курч кармаган жабыркоосунда венага антикоагулянттар.
77. "Жүрөктүн ишемиялык оорусун диагностикалоо жанаузакка созулган медикаментоздук дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) электрокардиограмма (ЭКГ);
5) жүк келтирүү менен ЭКГ тестирлөө.
78. "Жүрөктүн курч кармаган ишемиялык оорусун ТКК жардамы менен кошумча дарылоо" пакети (базалык пакет) - белгилүү бир критерийлер боюнча, курч кармаган баштапкы тери аркылуу коронардык кийлигишүүлөр (ТКК).
79. "Жүрөктүн курч кармаган жетишсиздигин диагностикалоо жана аны медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-диагностика;
3) базалык лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) эхокардиография;
6) рентгенография;
7) электрокардиограмма (ЭКГ);
8) пероралдык АПФ ингибиторлору;
9) ангиотензин II рецепторлорунун пероралдык блокаторлору;
10) пероралдык вазодилататорлор;
11) пероралдык диуретиктер;
12) кошумча кычкылтек терапиясы;
13) венага диуретиктер;
14) венага инотроптук препараттар.
80. "Жүрөк жетишсиздигин диагностикалоо жана узакка созулган медикаментоздук дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) эхокардиограмма;
5) рентгенограмма;
6) электрокардиограмма (ЭКГ);
7) кошумча кычкылтек терапиясы.
81. "Курч кармаган инсулыту диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) курч кармаган ишемиялык инсулыта пероралдык антиагреганттар;
4) курч кармаган ишемиялык инсулыта пероралдык антикоагулянттар;
5) курч кармаган ишемиялык инсулыта пероралдык статиндер;
6) курч кармаган ишемиялык инсультта гипертензияга каршы пероралдык препараттар.
82. "Курч кармаган инсультту кошумча дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) курч кармаган инсультта венага тромболитиктер;
2) курч кармаган гипергликемияда венага инсулин.
83. "Инсулыту диагностикалоо жана узакка созулган медикаментоздук дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр.
84. "Аритмияны диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) эхокардиография;
4) электрокардиограмма (ЭКГ);
5) кеңейтилген лабораториялык анализдер;
6) аритмияда пероралдык антикоагулянттар;
7) кошумча кычкылтек терапиясы;
8) венага антиаритмиялык препараттар;
9) венага антикоагулянт;
10) пероралдык антикоагулянттар;
11) жүрөктүн кагышын контролдоо үчүн препараттар;
12) венага антиаритмиялык препараттар.
85. "Ревмокардитти медикаменттердин жардамы менен профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) стрептококк фарингитин дарылоо үчүн микробго каршы пероралдык препараттар;
2) жүрөктүн ревматикалык ооруларын профилактикалоо үчүн процедуралардын алдында венага микробго каршы препараттарды саюу;
3) процедуралардын алдында микробго каршы препараттарды пероралдык профилактикалык колдонуу.
86. "ӨӨБО кабылдап кетүүсүн диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) пульсоксиметрия;
3) спейсер менен колдонулуучу антимускариндик препараттар бар көп дозалуу ингалятор;
4) спейсер менен колдонулуучу бета-агонисттери бар көп дозалуу ингалятор;
5) небулайзер аркылуу антимускариндик препараттар;
6) небулайзер аркылуу бета-агонисттер;
7) микробго каршы пероралдык препараттар;
8) пероралдык кортикостероиддер;
9) венага микробго каршы препараттар;
10) венага кортикостероиддер.
87. "ӨӨБО диагностикалоо жана узакка созулган медикаментоздук дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) рентгенография;
5) пульсоксиметрия;
6) спирометрия;
7) пикфлоуметрия;
8) ӨӨБО дарылоо планы боюнча консультация берүү.
88. "ӨӨБО кабылдап кетүүсүн кошумча дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) кошумча кычкылтек терапиясы;
2) дем алуу жолдорундагы үзгүлтүксүз оң басымды колдоо (СРАР);
3) өпкөнү инвазивдүү эмес жасалма вентиляциялоо.
89. "Астманын кабылдап кетүүсүн диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
3) пульсоксиметрия;
4) пикфлоуметрия;
5) кошумча кычкылтек терапиясы;
6) пероралдык кортикостероиддер;
7) спейсер менен колдонулуучу антимускариндик препараттар бар дозаланган ингалятор;
8) спейсер менен колдонулуучу бета-агонисттер бар дозаланган ингалятор;
9) небулайзер аркылуу антимускариндик препараттар;
10) небулайзер аркылуу бета-агонисттер.
90. "14 жашка чейинки балдарга ооз көңдөйүнүн ооруларын жана башка абалдарын (анын ичинде кариес) скринингдөө жана профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) ооз көңдөйүнүн күнүмдүк гигиенасы, анын ичинде тишти фторлуу тиш пастасы менен тазалоо боюнча консультациялар;
3) фторлакты сүйкөө;
4) фиссуралар жана көрүнбөгөн оюктарга герметик сүйкөө.
5) кыйла жогорку деңгээлдеги дарылоого жөнөтүү.
91. "Ичегилердин өткөрбөстүгүн жана бүтөлмөлөрүн диагностикалоо, медикаментоздук жана хирургиялык дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) УДИ;
5) рентгенография;
6) булчуңга анальгетиктер;
7) венага анальгетиктер;
8) ичегинин паралитикалык өткөрбөстүгүндө жана ичегинин өткөрбөстүгүндө микробго каршы венага препараттар;
9) венага суюктуктар;
10) назогастралдык сордуруу;
11) хирургиялык дарылоо;
12) парентералдык тамактануу.
92. "Сокур ичегини диагностикалоо, медикаментоздук жана хирургиялык дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) УДИ;
6) венага анальгетиктер;
7) сокур ичегиде микробго каршы венага препараттар;
8) венага суюктуктар;
9) аппендэктомия.
93. "Жугуштуу эмес ооруларды профилактикалоо" пакети (базалык пакет) - туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, салмакты контролдоо, ошондой эле алкоголь ичүү жана тамеки чегүү маселелери боюнча комплекстүү консультация берүү.
94. "Кант диабетин диагностикалоо, консультациялар жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр, анын ичинде гликирленген гемоглобинди аныктоо;
3) экспресс-тестирлөө;
4) абалга жараша тамактанууну баалоо жана консультация берүү;
5) гипогликемиялык пероралдык препараттар;
6) пероралдык АПФ ингибиторлору;
7) ангиотензин рецепторунун пероралдык блокаторлору;
8) тери астына инсулин.
95. "Кант диабетин кошумча дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) глюкозанын деңгээлине туруктуу мониторинг жүргүзүү;
2) пероралдык статиндер.
96. "Диабетке байланышкан кечиктирилгис абалдарды диагностикалоо, медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) экспресс-тестирлөө;
4) курч кармаган гипергликемияда тери астына инсулин саюу;
5) гипогликемияда глюкозанын пероралдык эритмеси;
6) венага инфузиялар;
7) курч кармаган гипергликемияда венага инсулин саюу;
8) венага глюкоза саюу.
97. "Диабеттик нейропатияны диагностикалоо" пакети (базалык пакет):
1) диабеттик таманда анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) таманга кам көрүү боюнча консультациялар.
98. "Диабеттик ретинопатияны диагностикалоо жана лазердик фотокоагуляциянын жардамы менен дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) көрүүнүн курчтугун текшерүү;
2) түз офтальмоскопия;
3) кыйыр офтальмоскопия;
4) торчо кабыктын лазердик фотокоагуляциясы.
99. "Сезгенүү артритин хирургиялык процедуралардын жардамы менен кошумча дарылоо" пакети (кошумча пакет) - эндопротездөө.
100. "Зааранын кармалышын же бүтөлүшүн диагностикалоо, медикаментоздук жана хирургиялык дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) уродинамикалык изилдөө, басымды жана агымды изилдөө;
6) цистоскопия;
7) УДИ;
8) зааранын кармалышында көрсөтмөлөр боюнча пероралдык препараттар;
9) катетерди трансуретралдык орнотуу;
10) заара чыгаруу жолдорунун бүтөлүшүндө хирургиялык кийлигишүү.
101. "Өнөкөт бөйрөк оорусун диагностикалоо жана аны медикаментоздук дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) микциялык цистоуретрография (МЦУГ);
6) венага пиелография;
7) цистоскопия;
8) бөйрөктүн биопсиясы;
9) УДИ;
10) абалга жараша тамактанууну баалоо жана консультация берүү.
102. "Бөйрөктүн курч жабыркоосун диагностикалоо, медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) УДИ;
6) диализ катетерин орнотуу;
7) гемодиализ;
8) абалга жараша тамактанууну баалоо жана консультация берүү;
9) венага инфузиялар;
10) чурайдын үстүнө катетер орнотуу;
11) заара чыгаруучу түтүккө стент орнотуу;
12) трансуретралдык катетерди орнотуу.
103. "Урук безинин бурулушун кошумча хирургиялык дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) хирургиялык дарылоо;
2) орхиэктомия.
104. "Орточо жана оор даражадагы депрессияны баалоо, базалык психосоциалдык колдоонун жардамы менен дарылоо, психологиялык жана медикаментоздук дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) психикалык, неврологиялык жана баңгизаттардан бузулуулары бар адамдарда өзүнө зыян келтирүү жана суицид тобокелдигин баалоо;
3) экспресс-тестирлөө;
4) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
5) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
6) психикалык билим берүү жана психосоциалдык колдоо (анын ичинде бейтаптарга кам көргөн адамдар үчүн);
7) когнитивдик жүрүм-турум терапиясы же инсандар аралык терапия;
8) пероралдык антидепрессанттар;
9) адистештирилген психиатриялык мекемеге жөнөтүү.
105. "Психозду баалоо, базалык психосоциалдык колдоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) психикалык, неврологиялык жана баңгизаттардан бузулуулары бар адамдарда өзүнө зыян келтирүү жана суицид тобокелдигин баалоо;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) экспресс-тестирлөө;
5) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
6) электроэнцефалография (ЭЭГ);
7) психикалык, неврологиялык жана баңгизаттардан бузулуулары бар адамдарда өзүнө зыян келтирүү жана суицид тобокелдиги боюнча консультацияга жиберүү;
8) психикалык билим берүү жана психосоциалдык колдоо (анын ичинде бейтаптарга кам көргөн адамдар үчүн);
9) дары препараттарынан улам пайда болгон экстрапирамиддик кыйыр таасирлерде пероралдык антихолинергетикалык препараттар;
10) пероралдык антипсихотиктер;
11) булчуңга антипсихотиктер;
12) венага антипсихотиктер.
106. "Психозду баалоо, базалык психологиялык терапия" пакети (кошумча пакет) - психотикалык бузулууларда когнитивдик-жүрүм-турум терапиясын же инсандар аралык терапияны камсыз кылуу.
107. "Биполярдык бузулууну баалоо, аны базалык психосоциалдык колдоонун жана медикаментоздук дарылоонун жардамы менен башкаруу" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) психикалык, неврологиялык жана баңгизаттардан бузулуулары бар адамдарда өзүнө зыян келтирүү жана суицид тобокелдигин баалоо;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) психикалык билим берүү жана психосоциалдык колдоо (анын ичинде бейтаптарга кам көргөн адамдар үчүн);
6) дары препараттарынан улам пайда болгон экстрапирамиддик кыйыр таасирлерде пероралдык антихолинергетикалык препараттар;
7) маанайды пероралдык турукташтыргычтар;
8) пероралдык антипсихотиктер;
9) калтыратмага каршы пероралдык каражаттар;
10) узак убакыт таасир этүүчү венага бензодиазепиндер;
11) психикалык, неврологиялык жана баңгизаттардан бузулуулары бар адамдарда өзүнө зыян келтирүү жана суицид тобокелдиги маселелери боюнча адиске жөнөтүү.
108. "Биполярдык бузулууну психологиялык терапиянын жардамы менен дарылоо" пакети (кошумча пакет) - когнитивдик жүрүм-турум терапиясы же инсандар аралык терапия.
109. "Базалык психосоциалдык колдоонун жана психологиялык дарылоонун жардамы менен өзүнө зыян келтирүү, суицид тобокелдигин баалоо жана башкаруу" пакети (базалык пакет):
1) башка психикалык жана физикалык бузулууларга байланыштуу өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жана өзүн мертинткен адамдардын анамнези жана физикалдык изилдөө;
2) психикалык, неврологиялык жана баңгизаттардан бузулуулары бар адамдарда өзүнө зыян келтирүү жана суицид тобокелдигин баалоо;
3) бейтаптар жана кам көрүүчү адамдар үчүн психикалык билим берүү;
4) өзүнө зыян келтирүүдө когнитивдик жүрүм-турум терапиясы;
5) кам көрүүчү адамдарды психосоциалдык колдоо;
6) социалдык колдоону күчөтүү боюнча консультация берүү;
7) өзүнө зыян келтирүүдө диалектикалык жүрүм-турум терапиясы;
8) психикалык, неврологиялык жана баңгизаттардан бузулуулары бар адамдарда өзүнө зыян келтирүү жана суицид тобокелдиги боюнча адистерге жөнөтүү.
110. "Жүрүм-турум бузулууларын баалоо, аларды башкаруу" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) жүрүм-турум көйгөйлөрүн баалоо;
3) психосоциалдык колдоо;
4) психологиялык жактан өзүнө-өзү жардам берүүгө үйрөтүү (анын ичинде бейтапка кам көргөн адамдар үчүн);
5) көңүл буруунун жетишсиздиги/гиперактивдүүлүк синдромунда (КЖГС) пероралдык колдонуу үчүн психостимуляторлорду дайындоо.
111. "Ашыкча салмакты жана семирүүнү баалоо, аларды жүрүм-турум жана/же психологиялык терапиянын жардамы менен башкаруу" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) дене салмагынын индексин (ДСИ) эсептөө;
4) бел айланасын өлчөө;
5) психикалык бузулууларды клиникалык баалоо;
6) туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, салмакты контролдоо, ошондой эле алкоголь ичүү жана тамеки чегүү маселелери боюнча комплекстүү консультация берүү;
7) бейтаптын абалына жараша тамактануу маселелери боюнча баалоо жана консультация берүү;
8) салмакты контролдоо/сактоо маселелери боюнча консультация берүү;
9) тамактануу, азык-түлүк коопсуздугу жана туура тамактануу маселелери боюнча консультация берүү;
10) аз кыймылдуу жашоо образын профилактикалоо жана туура уктоо маселелери боюнча консультация берүү;
11) психикалык саламаттык жана бакубаттуулук маселелери боюнча консультация берүү;
12) баланы 6 ай бою жалаң эне сүтү менен багуу жана туура кошумча тамактандыруу маселелери боюнча консультация берүү;
13) өзүн-өзү баалоо жана өзүн-өзү контролдоо маселелери боюнча консультация берүү;
14) психикалык билим берүү жана психосоциалдык колдоо (анын ичинде бейтапка кам көргөн адамдар үчүн);
15) ашыкча салмак жана семирүү учурунда когнитивдик-жүрүм-турум же инсандар аралык терапия;
16) жогорку тобокелдиктеги жана калктын аялуу тобу үчүн салмакты контролдоо/сактоо маселелери боюнча консультация берүү.
112. "Опиоиддерден баш тартуу синдромун баалоо, медикаментоздук дарылоо жана психосоциалдык колдоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) пероралдык альфа-адренергиялык блокаторлор;
4) пероралдык опиоиддик агонисттер;
5) парентералдык альфа-адренергиялык блокаторлор;
6) психикалык билим берүү жана психосоциалдык колдоо (анын ичинде бейтаптарга кам көргөн адамдар үчүн);
7) көрсөткүчтөр боюнча дарылоого жөнөтүү.
113. "Баңгизаттардан (кара куурай, психостимулятор жана башка) баш тартуу синдромун баалоо, медикаментоздук дарылоо жана психосоциалдык колдоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) психикалык билим берүү жана психосоциалдык колдоо (анын ичинде бейтаптарга кам көргөн адамдар үчүн);
4) бензодиазепиндерди парентералдык колдонуу;
5) антидепрессанттарды парентералдык колдонуу;
6) көрсөткүчтөр боюнча дарылоого жөнөтүү.
114. "Деменцияны баалоо (Альцгеймер оорусун кошо алганда) жана аны психосоциалдык колдоонун жардамы менен башкаруу" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) бейтаптар жана кам көрүүчү адамдар үчүн психикалык билим берүү;
5) деменцияда когнитивдик-жүрүм-турум терапиясын же инсандар аралык терапия кылуу.
115. "Талманы баалоо, медикаментоздук дарылоо жана базалык психосоциалдык колдоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) экспресс-тестирлөө;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) электроэнцефалография (ЭЭГ);
6) психикалык билим берүү жана психосоциалдык колдоо (анын ичинде бейтапка кам көргөн адамдар үчүн);
7) калтыратмага каршы пероралдык препараттар;
8) булчуңга бензодиазепиндер;
9) пероралдык антипиретиктер;
10) венага бензодиазепиндер.
116. "Талманы жана калтыратманы кошумча диагностикалоо" пакети (кошумча пакет):
1) электрокардиограмма (ЭКГ);
2) бел пункциясы;
3) видеоэлектроэнцефалография (ЭЭГ), мүмкүнчүлүк болгондо.
117. "Ара төрөлгөн балдардын ретинопатиясын диагностикалоо жана лазердик терапиянын жардамы менен дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) ара төрөлгөн балдардын ретинопатиясын профилактикалоо үчүн ара төрөлгөн балдарда кычкылтектин деңгээлине жана сатурациясына мониторинг жүргүзүү;
2) көздүн түбүн сүрөткө тартуу (фундус-фотография);
3) кыйыр офтальмоскопия;
4) наркоздо көздү кароо;
5) ара төрөлгөн балдардын ретинопатиясын транспупиллярдык диоддук лазер менен дарылоо.
118. "Балдардын көз ооруларын скрининг жана баштапкы диагностикалоо" пакети (базалык пакет):
1) көрүү курчтугун текшерүү;
2) чырактын жардамы менен кароо (сырткы көрүүнү баалоо);
3) көрүү курчтугу үчүн тест жүргүзүү;
4) ымыркайлар жана ясли курагындагы бөбөктөр үчүн көрүү курчтугун аныктоо үчүн тест жүргүзүү;
5) кыйыр офтальмоскопия;
119. "Амблиопияны жана кылыйлыкты диагностикалоо, дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) ретиноскопия;
2) субъективдүү рефракция;
3) стереокөрүүнүн курчтугуна тест жүргүзүү;
4) биригүү тести;
5) призматикалык тест;
6) амблиопияны дарылоо үчүн таңгыч менен таңуу;
7) субъективдүү рефракция;
8) көрүү курчтугуна тест жүргүзүү.
120. "Чоңдордун катарактасын диагностикалоо жана хирургиялык дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) көрүү курчтугун текшерүү;
2) ультра добуштук изилдөөлөр (а/b сканерлөө);
3) оптикалык биометрия;
4) жарака чырактын жардамы менен кароо;
5) контрасттык сезгичтик;
6) иол имплантациясы менен катаракта микрохирургиясы (SICS);
7) Nd: YAG-лазери менен арткы капсулотомия.
121. "Крапивницаны диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) дары терапиясын карап чыгуу;
3) үй шартында өзүнө-өзү кам көрүү боюнча консультацияларды берүү;
4) пероралдык антигистаминдик препараттар;
5) венага антигистаминдик препараттар;
6) пероралдык кортикостероиддер.
8-глава. Зомбулук жана жаракаттар
122. "Инсандар арасындагы зомбулукту таануу жана баштапкы чара көрүү" пакети (базалык пакет):
1) зомбулуктан жабыр тарткандардын анамнези жана толук медициналык изилдөө, анын ичинде зарылдыгына жараша документтерди жана далилдерди чогултуу;
2) баштапкы жардам көрсөтүү;
3) психикалык ооруну дарылоого жөнөтүү;
4) коопсуздуктун кечиктирилгис маселелерин чечүү үчүн адистерге консультация берүү берүү жана жөнөтүү;
5) алкоголь ичүү жана баңгизат колдонуу маселелери боюнча консультация берүү;
6) катаал мамиленин белгилерин жана симптомдорун аныктоо жана документтештирүү;
7) жакын арада травмалык таасирге кабылгандарга психологиялык баштапкы жардам көрсөтүү;
8) адистештирилген медициналык жана башка колдоо кызматтарына жөнөтүү.
123. "Балдарга катаал мамилени жана жаштар тарабынан зомбулукту таануу жана баштапкы чара көрүү" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) балдарга катаал мамиленин белгилерин жана симптомдорун аныктоо жана документтештирүү;
3) баштапкы жардам көрсөтүү;
4) жакын арада болгон травмалык таасирлерге психологиялык баштапкы жардам көрсөтүү;
5) тобокелдик тобундагы же этиятсыз, катаал мамиле же зомбулук белгилери бар балдарды адиске жөнөтүү;
6) психикалык ооруларды дарылоого жөнөтүү;
7) жогорку тобокелдиктеги үй-бүлөлөр үчүн тарбия көндүмдөрү боюнча максаттуу консультация берүү;
8) ата-энелердин психикалык саламаттыгын колдоо;
9) коопсуздуктун кечиктирилгис маселелерин чечүү үчүн консультация берүү жана адистерге жөнөтүү;
10) адистештирилген медициналык жана башка колдоо кызматтарына жөнөтүү.
124. "Улгайган адамдарга карата зомбулукту аныктоо жана аларга чара көрүү" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык изилдөө;
2) баштапкы жардам көрсөтүү көрсөтүү;
3) коопсуздуктун кечиктирилгис маселелерин чечүү үчүн консультация берүү берүү жана адистерге жөнөтүү;
4) катаал мамилелердин белгилерин жана симптомдорун аныктоо жана документтештирүү;
5) улгайган адамдардагы психикалык бузулууларды клиникалык баалоо;
6) психикалык билим берүү жана психосоциалдык колдоо (анын ичинде бейтапка кам көргөн адамдар үчүн);
7) жакын арада болгон жаракат алуу тажрыйбасында баштапкы психологиялык жардам көрсөтүү;
8) психикалык ооруларды дарылоого жөнөтүү;
9) социалдык кызматтарга жөнөтүү;
10) адистештирилген медициналык жана башка колдоо кызматтарына жөнөтүү.
125. "Уулуу жаныбарлардын жана курт-кумурскалардын чагуусу боюнча консультация берүү жана профилактикалоо" пакети (базалык пакет) - чагуунун жана ууланууну профилактикалоо боюнча консультация берүү.
126. "Механикалык жаракаттарда консультация берүү жана профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) кулап түшүүнү профилактикалоо боюнча консультация берүү;
2) коопсуздук жана жаракат алууну профилактикалоо боюнча консультация берүү;
3) балдарды кармоочу түзүлүштөрдү пайдалануу жана жолдо коопсуз жүрүм-турум боюнча консультация берүү;
4) кулап түшүүнү профилактикалоо үчүн күч жана тең салмактуулук боюнча консультация берүү.
127. "Уулануу, уулуу жана экологиялык таасирлер боюнча консультация берүү жана профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) ымыркайлар жана бөбөктөр үчүн турмуш-тиричиликтеги коопсуздук маселелери боюнча консультация берүү;
2) суу коопсуздугу маселелери боюнча консультация берүү.
128. "Экинчи деңгээлдеги стационарда механикалык жаракатта хирургиялык операциялар" пакети (базалык пакет):
1) омуртканын хирургиялык декомпрессиясы;
2) омуртканын хирургиялык фиксациясы;
3) бронхоскопия;
4) диагностикалык лапароскопия.
9-глава. Жугуштуу оорулар
129. "Балдарды пландуу иммундаштыруу" пакети (базалык пакет):
1) вакцина боюнча консультация берүү;
2) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
3) иммундаштыруудан кийинки кандай болбосун кыйыр реакцияларды байкоо жана аларды дарылоого жана билдирүүгө даярдык;
4) вакцинациянын статусун жана критерийлерге ылайык келүүсүн скирингдөө;
5) вакцинация: дифтерия;
6) вакцинация: ымыркайлар үчүн дифтерияга, селеймеге, көк жөтөлгө (АКДС-ВК) каршы вакцина;
7) вакцинация: b (Hib) түрүндөгү гемофилдүү инфекция;
8) вакцинация: В гепатити;
9) вакцинация: ВПЧ;
10) вакцинация: кызамык;
11) вакцинация: пневмококк конъюгат вакцинасы;
12) вакцинация: ооз аркылуу полиомиелиттик вакцина;
13) вакцинация: инактивдештирилген полиомиелиттик вакцина;
14) вакцинация: ротавирус;
15) вакцинация: кызамыкча;
16) вакцинация: селеймедеги анатоксин менен вакцина;
17) вакцинация: БЦЖ;
18) вакцинация: эпидемиялык паротит;
19) вакцинация: респиратордук синцитиалдык вирус (РСВ).
130. "Белгилүү бир мүнөздөмөлөрү бар иммундаштыруу программаларынын алкагында вакцинация алган балдар үчүн сунуштамалар" пакети (базалык пакет):
1) пландалып жаткан вакцина боюнча консультация берүү;
2) иммундаштыруудан кийинки кандай болбосун терс көрүнүштөрдү байкоо жана аларды дарылоого жана билдирүүгө даярдык;
3) вакцинациянын статусун жана вакцинациянын критерийлерине ылайык келүүсүн скирингдөө;
4) вакцинация: суу чечек.
131. "Белгилүү бир мүнөздөмөлөрү бар иммундаштыруу программаларынын алкагында чоңдор үчүн сунушталган вакцинациялар" пакети (базалык пакет):
1) пландалып жаткан вакцина боюнча консультация берүү;
2) иммундаштыруудан кийинки ар кандай терс таасирлерди байкоо жана аларды дарылоого жана алар жөнүндө билдирүүгө даярдык;
3) вакцинациялоонун статусун жана вакцинациялоонун критерийлерине шайкештигин скрингдөө;
4) вакцинациялоо: суу чечек.
132. "Кутурманы профилактикалоо - контакттан кийинки профилактика" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) кутурмага каршы профилактикалык вакцинациялоо;
3) жараларды дарылоо;
4) жараларды жуу;
5) жараларды жуу боюнча консультация берүү;
6) контакттан кийин кутурмага каршы вакцинациялоо сериясы.
133. "Кутурманы диагностикалоо, медикаментоздук дарылоо жана паллиативдик жардам" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) бел пункциясы;
5) шилекейдин сүртүндүсүнүн анализи;
6) венага анальгетиктер;
7) кутурмада венага анксиолитиктер.
134. "Гельминтоздун диагностикасы жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр.
135. "ВИЧти профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) коопсуз секс, тобокелдикти азайтуу боюнча консультация берүү;
2) эркектер үчүн презервативдер;
3) лубриканттар.
136. "ВИЧти тестирлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр жана дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) өнөктөшкө кабарлоо, диагностикалоо жана дарылоо маселелери боюнча консультация берүү;
3) ВИЧти лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөрдү өз алдынча чогултуу маселелери боюнча консультация берүү;
4) адиске эрте жиберүү менен кооптуу белгилерди жана ооруну эрте аныктоо;
5) экспресс-тестирлөө;
6) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
7) бул абалга мүнөздүү тамактанууну баалоо жана консультация берүү;
8) кургак учукту профилактикалоо терапиясы (КПТ);
9) ВИЧте оппортунисттик инфекцияларды профилактикалоо үчүн микробго каршы пероралдык препараттар;
10) биринчи линиядагы терапия үчүн пероралдык антиретровирустук препараттар (АРВ);
11) экинчи же үчүнчү линиядагы терапия үчүн пероралдык антиретровирустук препараттар (АРВ).
137. "Контактка чейинки пероралдык профилактика" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) дары каражаттарын пайдалануу менен байланышкан чейинки профилактика;
3) экспресс-тестирлөө;
4) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
5) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр.
138. "ВИЧти контакттан кийинки профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) контакттан кийинки профилактика.
139. "Клиникалык тобокелдик топторунунун арасында кургак учукту скринингдөө" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) флюрография/рентгенологиялык изилдөө;
3) балдарда тубекрулин сынамы;
4) GeneXpert тести.
140. "Дарыга туруктуу кургак учукту диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) дарыга туруктуу кургак учукту пероралдык дарылоонун кеңейтилген схемасы;
5) көп дарыга туруктуу (КДТ) кургак учукту жана кеңири дарыга туруктуу (КДТ) кургак учукту дарылоо натыйжасыз болгондо микробго каршы препараттарды венага саюу.
141. "Пероралдык препараттардын жардамы менен кургак учукту профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кургак учукту дарылоонун профилактикалык пероралдык дарылоонун кыска мөөнөттүү курстарды дайындоо;
142. "Кайрылуулар боюнча кургак учукту аныктоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр.
143. "Кайрылуулар боюнча кургак учукту диагностикалоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) тобокелдик топторунун арасында кургак учукту активдүү аныктоо;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) рентгенография;
5) ичке ийне менен аспирациялык биопсия;
6) көмүскө кургак учукту териден сыноо;
7) какырыкты индукциялоо;
8) дарылоону үзгүлтүккө учураткан бейтаптарды көзөмөлдөө;
9) медициналык жардамдын бир кыйла жогорку деңгээлдеги мекемелерине жиберүү.
144. "Дарыга сезимтал кургак учукту пероралдык препараттардын жардамы менен дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) кургак учуктун таасирине кабылган адамдарды аныктоо үчүн контакттарды пландуу көзөмөлдөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) бейтаптын абалын эске алуу менен тамактанууну баалоо жана консультация берүү;
5) бейтапка багытталган кургак учукту дарылоо;
6) дарылоону улантуу фазасындагы кургак учукка каршы пероралдык препараттар;
7) дарылоонун интенсивдүү фазасындагы кургак учукка каршы пероралдык препараттар.
145. "Кургак учукту кошумча диагностикалоо" пакети (базалык пакет):
1) УДИ;
2) бронхоскопия;
3) ашказанды жуу;
4) компьютердик томография (көрсөткүчтөр боюнча).
146. "Хирургиялык жол менен кургак учукту дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) хирургиялык дарылоо.
147. "Консультациялардын, вакцинациялоонун жана зыянды азайтуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жардамы менен вирустук гепатитти профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) зыянды азайтуу кызмат көрсөтүүлөрү маселелери боюнча консультация берүү: ийнелерди жана шприцтерди алмаштыруу программалары (ШАП);
3) зыянды азайтуу кызмат көрсөтүүлөрү маселелери боюнча консультация берүү: опиоиддик алмаштыруу терапиясы (ОАТ);
4) төрөлгөндө В гепатитине каршы вакцинанын өз убагындагы дозасы;
5) вакцинациялоо: В гепатити;
6) энеден балага В гепатитинин вирусунун жугуусунун алдын алуу үчүн вируска каршы пероралдык профилактика.
148. "Вакцинациялоонун жардамы менен вирустук гепатитти кошумча профилактикалоо" пакети (базалык пакет) - В гепатитине каршы иммуноглобулин.
149. "Өнөкөт В гепатитин диагностикалоо" пакети (базалык пакет) - экспресс-тестирлөө.
150. "Өнөкөт С гепатитин диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) экспресс-тестирлөө;
3) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
4) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
5) конкреттүү оорулар боюнча консультация берүү;
6) вирустук С гепатитин дарылоо үчүн пангенотиптүү вируска каршы пероралдык препараттар.
151. "Өнөкөт В гепатитин диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) конкреттүү оорулар боюнча консультация берүү.
152. "Өнөкөт гепатитти кошумча диагностикалоо" пакети (базалык пакет):
1) боор фиброзунун стадиясын аныктоо үчүн эластография;
2) УДИ.
153. "Төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекцияларын профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена маселелери боюнча консультация берүү, анын ичинде ичүүчү таза суунун, санитариянын жана гигиенанын жеткиликтүүлүгү;
2) 6 ай бою эмизүү жана адекваттуу кошумча азык маселелери боюнча гана консультация берүү;
3) имараттагы абанын булгануу маселелери боюнча консультация берүү;
4) тамекиден баш тартуу үчүн максаттуу жүрүм-турумдук түзөтүүлөр боюнча консультация берүү;
5) кооптуу белгилерге үй шартында мониторинг жүргүзүүгө окутуу.
154. "Төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекцияларын ФАП деңгээлинде медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) врачка эрте жиберүү менен кооптуу белгилерди жана ооруларды эрте аныктоо;
2) ысытманы басаңдатуучу пероралдык препараттар.
155. "Төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекцияларын диагностикалоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалык кароо;
2) пульсоксиметрия;
3) экспресс-тестирлөө;
4) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
5) УДИ;
6) рентгенография;
7) диагностикалык торакоцентез.
156. "Төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекцияларын дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) врачка эрте жиберүү менен кооптуу белгилерди жана ооруларды эрте аныктоо;
2) ингаляциялык бронходилататорлор;
3) төмөнкү дем алуу жолдорунун курч кармаган инфекцияларында микробго каршы пероралдык препараттар;
4) төмөнкү дем алуу жолдорунун курч кармаган инфекцияларында ысытманы басаңдатуучу пероралдык препараттар;
5) төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекцияларында микробго каршы булчуңга препараттар;
6) кошумча оксигенотерапия;
7) небулайзердин жардамы менен ингаляциялык терапия;
8) төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекцияларында микробго каршы венага препараттар;
9) терапиялык торакоцентез.
157. "Ичеги инфекцияларын профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) эмизүү маселелери боюнча гана консультация берүү жана практикалык колдоо;
2) 6 ай бою эмизүү жана адекваттуу кошумча азык маселелери боюнча гана консультация берүү;
3) суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена маселелери боюнча консультация берүү (коопсуз сууну пайдалануу; санитария жана гигиена);
4) баланын абалына жараша тамактануу маселелери боюнча баалоо жана консультация берүү.
158. Ичеги инфекцияларын профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) адиске эрте жиберүү менен кооптуу белгилерди жана ооруларды эрте аныктоо;
3) экспресс-тестирлөө;
4) негизги лабораториялык изилдөөлөр.
159. "ФАП деңгээлинде ичеги инфекцияларын дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) эмизүүнү улантуу боюнча консультация берүү;
2) суюктукту колдонууну көбөйтүү боюнча консультация берүү;
3) пероралдык регидратация үчүн эритме;
4) катуу суусузданууну дарылоо үчүн саламаттык сактоо уюмуна жиберүү.
160. "Ичеги инфекцияларын амбулатордук деңгээлде дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) эмизүүнү улантуу маселелери боюнча консультация берүү;
2) суюктукту колдонууну көбөйтүү боюнча консультация берүү;
3) пероралдык регидратация үчүн эритме;
4) катуу суусузданууну дарылоо үчүн медициналык мекемеге жиберүү.
161. "Ичеги инфекцияларын стационардык деңгээлде дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) кеңейтилген лабораториялык изилдөө;
3) микробго каршы пероралдык препараттар;
4) булчуңга микробго каршы препараттар;
5) венага инфузиялар.
162. "ЖЖЖИни профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) сексуалдык саламаттык жаатында агартуу;
2) ЖЖЖИни профилактикалоо, тобокелдикти азайтуу жана коопсуз секс боюнча консультация берүү;
3) сексуалдык анамнезди жана тобокелдик факторлорун эске алуу менен тобокелдикти баалоо.
163. "ЖЖЖИни жана көбөйүү жолдорунун инфекцияларын синдромдук диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) күзгү менен кароо;
3) жыныс органдарын кароо;
4) бимануалдык изилдөө;
5) өнөктөшкө кабарлоо маселелери боюнча консультация берүү;
6) кабылдап кетүүнү дарылоого жиберүү.
164. "ЖЖЖИни жана көбөйүү жолдорунун инфекцияларын диагностикалоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) өзүн-өзү тестирлөө;
3) экспресс-тестирлөө;
4) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
5) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
6) күзгү менен кароо;
7) жыныс органдарын кароо;
8) бимануалдык изилдөө;
9) өнөктөшкө маалымдоо боюнча консультация берүү;
10) кабылдап кетүүнү дарылоого жиберүү.
165. "ЖЖЖИни жана көбөйүү жолдорунун инфекцияларын кошумча диагностикалоо" пакети (кошумча пакет):
1) УДИ;
2) аноскопия;
3) ректоскопия;
4) бел пункциясы;
5) лапароскопия.
166. "Заара чыгаруу жолдорунун инфекцияларын синдромдук диагностикалоо, дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) пероралдык анальгетиктер;
3) микробго каршы пероралдык препараттар.
167. "Простатитти диагностикалоо жана аны медикаментоздук дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) негизги лабораториялык анализдер;
3) микробго каршы пероралдык препараттар;
4) микробго каршы венага препараттар;
5) ЖЖЖИге байланышпаган простатитте трансуретралдык катетерди орнотуу.
168. "БНСтин башка инфекцияларын диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) бел пункциясы;
3) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
4) мээнин абсцессинде жана энцефалитте микробго каршы пероралдык препараттар;
5) мээнин абсцессинде жана энцефалитте микробго каршы венага препараттар;
6) калтыратмага каршы препараттар (пероралдык, ректалдык, трансбуккалдык, венага);
7) венага кортикостероиддер;
8) вируска каршы препараттар (көрсөткүчтөр боюнча);
9) баш мээнин абсцессин хирургиялык жол менен кесип салуу;
10) стереотактикалык ийне менен аспирациялоо;
11) курт-кумурскалардын чагуусун профилактикалоо боюнча консультация берүү.
169. "Менингитти диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) кооптуулук белгилерин эрте аныктоо;
3) бел пункциясы;
4) негизги лабораториялык изилдөөлөр;
5) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
6) вакцинациялоо (менингококк, пневмококк, HIB);
7) профилактика: менингококк инфекциясы менен
ооругандарга байланышкан адамдар үчүн микробго каршы пероралдык же венага химиопрофилактика;
8) микробго каршы булчуңга препараттар;
9) микробго каршы венага каражаттар;
10) калтыратмага каршы венага препараттар;
11) венага кортикостероиддер;
12) криптококк менингитинде козу карынга каршы венага препараттар;
13) кургак учук менингитинде дарылоонун интенсивдүү жана колдоочу фазаларынын убагында кургак учукка каршы пероралдык препараттар;
14) дарыга туруктуу кургак учук менингити: пероралдык дарылоонун кеңейтилген схемалары, көп дарыга туруктуу кургак учукта жана кеңири дарыга туруктуу кургак учукта (КДУ/КДТ) микробго каршы венага препараттарды саюу.
170. "Кулак, мурун жана тамак (ЛОР) инфекцияларын диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) мурун көңдөйүнө шишикке каршы каражаттар;
3) микробго каршы пероралдык препараттар;
4) пероралдык анальгетиктер;
5) мурунга кортикостероиддер;
6) венага анальгетиктер;
7) микробго каршы венага препараттар.
171. "Кулактын, тамактын жана мурундун (ЛОР) башка инфекцияларын кошумча диагностикалоо" пакети (кошумча пакет):
1) кеңейтилген лабораториялык изилдөөлөр;
2) рентгенография;
3) ичке ийне менен аспирациялык биопсия.
172. "Кулактын инфекцияларын диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) отоскопия;
3) мурун көңдөйүнө шишикке каршы каражаттар;
4) антигистаминдик пероралдык препараттар;
5) тимпанометрия;
6) кургак сиңирүү;
7) кулакка кам көрүү.
173. "Хирургиялык жол менен кулак инфекциясынын кабылдап кетүүлөрүн кошумча дарылоо" пакети (кошумча пакет):
1) аденоидэктомия;
2) тимпаноцентез;
3) сосцевиддик өсүндүнүн абсцессин ачуу жана чыгарып салуу;
4) тимпаностомия түтүгүн орнотуу.
174. "Кызамыкты профилактикалоо" пакети (базалык пакет):
1) колду самындап жуу маселелери боюнча консультация берүү;
2) кызамыктын жайылышынын алдын алуу үчүн өзүн-өзү изоляциялоо боюнча консультация берүү;
3) инфекцияны жугузуунун алдын алуу үчүн маска кийүү боюнча консультация берүү.
175. "Стационардык деңгээлде кызамыкты диагностикалоо жана медикаментоздук дарылоо" пакети (базалык пакет):
1) анамнез жана физикалдык текшерүү;
2) кеңири лабораториялык тесттер;
3) көкүрөк клеткасынын рентгени;
4) пероралдык регидратация үчүн эритме;
5) пероралдык антипиретиктер;
6) кызамыктын кабылдап кетүүлөрүндө (пневмония, орточо отит) микробго каршы пероралдык препараттар;
7) иммунитети төмөн бейтаптардын кабылдап кетүүлөрүндө вируска каршы пероралдык препараттар;
8) респиратордук кабылдап кетүүлөрдө ингаляциялык бронхо дил ататорл ор;
9) гипоксемияда кошумча оксигенотерапия;
10) оор учурларда венага глюкоза саюу;
11) кабылдап кетүүлөрдө венага микробго каршы препараттарды саюу;
12) дегидратацияда венага суюктуктарды саюу.
|
| Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында социалдык көрсөтмөлөр боюнча амбулатордук жана стационардык деңгээлдерде жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жардам алууга укуктуу жарандардын категорияларынын
ТИЗМЕГИ
1. Ата-энесинин камкордугусуз калган, мамлекеттик балдар үйлөрүндө, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө жашаган же багып алуучу үй-бүлөлөрдө (фостердик үй-бүлө) тарбияланган жетим балдар жана балдар.
2. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үйлөрүнүн жана интернат үйлөрдүн бүтүрүүчүлөрү - 23 жашка чыкканга чейин.
3. Майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар үчүн социалдык тейлөө стационардык мекемелеринде жашаган жарандар.
4. Эмгектик мертинүүнүн, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар (Улуу Ата Мекендик согуштун, 2002-жылдагы Аксы окуяларынын, 2010-жылдагы апрель окуяларынын, 2021-2022-жылдардагы Баткен окуяларынын майыптары, Советтик Армиянын майыптары, башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары жана майыптары, Чернобыль АЭСтеги авариянын натыйжасында жабыр тарткан жарандар, көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар).
5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 18 жашка чейинки курактагы балдар.
6. "Үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулун алуучу үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки курактагы балдары.
7. 70 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары (Кыргыз Республикасынын пенсионерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, блокадалык Ленинграддын жашоочулары, концлагерлердин жашы жете элек туткундары, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жарандар, реабилитацияланган жарандар, майыптыгы бар адамдардын жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлери).
8. "Баатыр эне" ордени жана "Мать-героиня" ордени менен сыйланган адамдар.
9. Анык аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон жана аскердик-дарыгердик комиссиялар тарабынан амбулатордук шарттарда медициналык текшерүүдөн өтүүгө же стационардык шарттарда дарыланууга жиберилген жарандар.
10. 6 жашка чейинки курактагы балдар.
11. Мөөнөттүү аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары - аскердик кызмат өтөө мезгилинде ведомстволук саламаттык сактоо уюмдарында аларга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурларда.
12. ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдар.
13. Бала кезинен майыптыгы бар адамдар (I, II жана III топтор).
14. Курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү.
15. Улуу Ата Мекендик согуштун курман болгон катышуучуларынын үй-бүлө мүчөлөрү.
16. 2002-жылдагы Аксы окуяларында, 2010-жылдагы апрель окуяларында, 2021-2022-жылдардагы Баткен окуяларында курман болгон жана дайынсыз жоголгон адамдардын пенсия курагына жеткен ата-энелери (атасы, апасы), эгерде каза болгон адам алардын жалгыз баласы болсо, ошондой эле балдары - алар 18 жашка чыкканга чейин.
|
| Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жардам алууга укуктуу жарандардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган
КАТЕГОРИЯЛАРЫ
1. Кыргыз Республикасынын жарандары:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишиминин негизинде эмгек мамилелеринде турган адамдар;
2) калкты жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуздар;
3) Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматчылары;
4) Кыргыз Республикасынын пенсионерлери, анын ичинде аскердик пенсионерлер жана ички иштер органдарынын пенсионерлери;
5) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, ошондой эле социалдык жөлөкпул алуучу адамдар;
6) 18 жашка чейинки курактагы балдар, башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучулары, кесиптик орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери - алар 21 жашка чыкканга чейин (сырттан же кечки окуу формалары боюнча билим алгандардан тышкары);
7) Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарында кызмат өтөп жаткан адамдар;
8) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөөчүлөр болуп саналган башка адамдар.
2. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү өз алдынча төлөгөн башка адамдар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар адамдар.
|
| Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга медициналык-санитардык жардам милдеттүү медициналык камсыздандыруу бар болгон жана алгачкы медициналык-санитардык жардамды көрсөткөн саламаттык сактоо уюмуна (ҮМБга/ЖДПБга) бекитилген учурда көрсөтүлөт.
2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар (ҮМБга/ЖДПБга) бекитүү жана адистин жолдомосу бар болсо, базалык пакеттин алкагында Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөрдө жана шарттарда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алат, төмөнкүлөрдөн тышкары:
1) скринингдик изилдөөлөр;
2) паллиативдик жардам боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
3) иммундук жетишсиздик абалдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
4) кандын уюгучтук бузулууларында медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
5) балдардагы тубаса патологияларда медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
6) жүрөктүн курч ишемиялык оорусунда медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
7) инсультта медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
8) кант диабетинде медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
9) вирустук гепатиттерде медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
10) кулактын, тамактын жана мурундун (ЛОР) инфекциялык ооруларында медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
11) ВИЧ-инфекцияны дарылоо боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
12) адистештирилген кардиохирургиялык жардам;
13) адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам;
14) амбулатордук шарттардагы гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрү (гемодиализ медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук наркын төлөө менен акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт);
15) абациляциядан кийин кургак учук менен ооругандарга медициналык жардам.
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 299 "Дарыкана уюмдары аркылуу калкты амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасынын алкагында амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылынууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк студенттер акысыз негизде ҮМБга/ЖДПБга бекитилген жери боюнча жылына бир жолу медициналык кароодон өткөрүлөт.
5. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакеттеринин тизмегинин кошумча пакеттеринде каралган милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар, ошондой эле Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөн ашык көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген медициналык кызмат көрсөтүүлөргө прейскурант боюнча акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.
6. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылбаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга медициналык-санитардык жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөргө прейскурантка ылайык акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 5-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден келген эмгектенген жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырган Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин эмгектенген жарандары, эгерде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга карата камсыздандыруучу тарабынан төгүмдөр төлөнсө, милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында эмгектенгендер менен чогуу жашаган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленгендер менен бирдей шарттарда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга укуктуу.
3. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген эмгектенген жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн алууга укуктуу:
1) амбулатордук шарттарда шашылыш, кечиктирилгис медициналык жардам жана шашылыш консультациялык жардам;
2) алгачкы медициналык-санитардык жардам;
3) иммунопрофилактика/вакцинация;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 299 "Дарыкана уюмдары аркылуу калкты амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасынын алкагында амбулатордук деңгээлде жарандарды жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын базалык пакеттеринин алкагында адистештирилген амбулатордук жардам;
6) Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын базалык пакеттеринин алкагында стационардык жардам, адистештирилген онкологиялык, гематологиялык жана кардиохирургиялык жардамдан тышкары.
4. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакеттеринин тизмегинин кошумча пакеттеринде каралган медициналык кызматтар, ошондой эле Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөн ашык көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген камсыздандырылган эмгектенген жарандарга жана алардын камсыздандырылган үй-бүлө мүчөлөрүнө монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген медициналык кызмат көрсөтүүлөргө прейскурант боюнча акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырбаган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башка жарандарына медициналык-санитардык жардам чет өлкөлүк жарандарга көрсөтүлгөн ошол эле шарттарда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөргө прейскурантка ылайык акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.