КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 10-июлу № 109
2025-жылдын 22-сентябрында Швейцария Конфедерациясынын
Женева шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинети менен СПИД, кургак учукка жана безгекке
каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонддун ортосундагы
Алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2025-жылдын 22-сентябрында Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен СПИД, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонддун ортосундагы Алкактык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Алкактык макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө СПИД, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фондго кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-июлундагы № 52 (3812) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2026-жылдын 17-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |