Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 473 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак
грамотасы менен сыйлоо жана Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ардак грамота менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга сунушталган талапкерлерге талаптар
3-глава. Ардак грамотага жана ардак наамдарга сунуштоо тартиби
4-глава. Комиссиянын иштөө тартиби
5-глава. Ардак грамотаны жана ардак наамдын төш белгисин тапшыруу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоонун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруунун негиздерин, тартибин жана талаптарын аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы (мындан ары – Ардак грамота) менен мамлекет алдында сиңирген эмгеги бар Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, эл аралык жана коомдук уюмдар, юридикалык жактар сыйланат.
3. Ардак грамота өлкөнүн социалдык-экономикалык жана руханий потенциалын арттырууга сиңирген эмгеги, билим берүү, медицина, курулуш, укуктук тартип, санариптештирүү, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбиялык, коомдук жана/же кайрымдуулук чөйрөлөрүндөгү, ошондой эле башка чөйрөлөрүндөгү олуттуу жетишкендиктери үчүн сыйлоонун формасы болуп саналат.
Ошол эле учурда Ардак грамота менен сыйлоого талапкерлер (жарандар) төмөнкү милдеттүү атайын критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы, же мамлекеттик жана/же муниципалдык мекемелердеги жана ишканалардагы жалпы иш стажы – 15 жылдан кем эмес;
– мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын кызматкерлери, жарандык коомдун жана бизнес-жамааттын өкүлдөрү үчүн тиешелүү чөйрөдөгү жалпы иш стажы – 12 жылдан кем эмес.
4. Ардак грамота менен сыйланган адамга төш белги тапшырылат.
Ардак грамотага төш белги төштүн оң жагына тагылат, сыйланган адамдын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамы болсо, ардак наамдын төш белгисинен кийин тагылат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдары (мындан ары – ардак наамдар) тиешелүү чөйрөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга ыйгарылат.
6. Ардак наамдар төмөнкүлөргө ыйгарылат:
1) «Эмгек сиңирген артист» – көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, маданият жана искусство жаатында 20 жылдан кем эмес иштеген, театралдык, музыкалык, кино-, теле- жана радио жана цирк искусствосу жаатында жалпы элге таанылган жогорку көркөм образдарды, спектаклдерди, кинофильмдерди, телефильмдерди, музыкалык чыгармаларды жараткан жогорку кесипкөй артисттерге, дирижерлорго, режиссерлорго, операторлорго, коюучу-сүрөтчүлөргө, костюмдар боюнча сүрөтчүлөргө, үн операторлоруна, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, музыкалык аткаруучуларга, концертмейстерлерге, элдик чыгармаларды аткаруучуларга, музыкалык, хордук, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине;
2) «Эмгек сиңирген врач» – адистиги боюнча 20 жылдан кем эмес иштеген, иш практикасында медициналык илимдин жана техниканын заманбап жетишкендиктерин пайдалануу менен калктын ден соолугун коргоого, дарылоо-профилактикалык жардамдарды уюштурууда жана көрсөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн бардык адистиктеги жогорку кесипкөй врачтарга;
3) «Эмгек сиңирген ойлоп табуучу» – техникалык прогресске жана экономикага олуттуу салым кошкон, өндүрүшкө киргизилген мамлекеттик мааниси бар ойлоп табуулар үчүн, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү ойлоп табуучулук иши үчүн авторлорго;
4) «Эмгек сиңирген куруучу» – адистиги боюнча 20 жылдан кем эмес иштеген, курулушту, курулуш индустриясын жана архитектураны өнүктүрүүдөгү, архитектуралык эстеликтерди реставрациялоодогу, ошондой эле капиталдык курулуштун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуудагы көрүнүктүү эмгектери үчүн, ошондой өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, курулуш жана курулуш индустриясы жаатындагы, илимий-изилдөө жана долбоорлоо мекемелеринин, окуу жайларынын жана башка органдардын жогорку квалификациялуу кызматкерлерине;
5) «Эмгек сиңирген мугалим» – адистиги боюнча 20 жылдан кем эмес иштеген, окуучулардын терең билим алышын, алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүнү камсыз кылуучу педагогикалык жана тарбиялык иште өзгөчө айырмаланган билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй мугалимдерине;
6) «Эмгек сиңирген юрист» – адистиги боюнча 20 жылдан кем эмес иштеген, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти чыңдоодо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо, укуктук мамлекетти калыптандырууда, юридикалык илимди өнүктүрүүдө, юридикалык кадрларды даярдоодо сиңирген олуттуу эмгеги бар жогорку квалификациялуу юристтерге;
7) «Эмгек сиңирген экономист» – адистиги боюнча 20 жылдан кем эмес иштеген, экономикалык иш жана финансылык иш, мамлекеттик аудит, экономикалык илимди жана финансылык рынокту өнүктүрүү жаатында чоң эмгек сиңирген, мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууда, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жогорку квалификациялуу экономисттерге жана ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын адистерине;
8) «Эмгек сиңирген ишкер» – Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, ошондой эле ишкердик чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген ишкердик иштин субъектинин уюштуруучусуна;
9) «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» – көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, адистиги боюнча 20 жылдан кем эмес иштеген, маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө, чыгармачыл кадрларды даярдоого олуттуу салым кошкон, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жогорку кесипкөй режиссерлорго, композиторлорго, дирижерлорго, балетмейстерлерге, хормейстерлерге, концертмейстерлерге, дизайнерлерге, искусство таануучуларга, жазуучуларга, журналисттерге, сүрөтчүлөргө, декоративдик-колдонмо искусствосунун чеберлерине жана маданият жана искусство мекемелеринин башка кызматкерлерине;
10) «Илимге эмгек сиңирген ишмер» – илимдин жана техниканын артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгууга, таанылган илимий мектептерди түзүүгө, илимий кадрларды тарбиялоого жана даярдоого сиңирген эмгеги үчүн илимдин кандидаты же доктору окумуштуулук даражасы бар окумуштууларга, ошондой эле илим жана техника жаатындагы көрүнүктүү эмгектери, техникалык прогресске олуттуу салым кошкон жана жогорку экономикалык натыйжа берген ойлоп табуулары жана ишке киргизилген рационализатордук сунуштары үчүн, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге, ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен конструктордук жана технологиялык уюмдардын, өндүрүштүк жана илимий-өндүрүштүк бирикмелердин, машина куруу, өндүрүштүк жана илимий-изилдөө уюмдарынын, жогорку окуу жайларынын технологиялык борборлорунун жана лабораторияларынын кызматкерлерине;
11) «Геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер» – адистиги боюнча 20 жылдан кем эмес иштеген, пайдалуу кен чыккан жерлерди табуу, чалгындоо жана өнөр жайлык өздөштүрүүгө өткөрүп берүү, гидрогеология жана инженердик геология, экологиялык таза технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, геология илимин өнүктүрүү жаатында айырмаланган, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге, ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен геологиялык, геофизикалык, гидрогеологиялык, топографиялык-геодезиялык уюмдардын, илимий-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайларынын жогорку кесипкөй инженердик-техникалык кызматкерлерине жана кызматчыларына;
12) «Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер» –мамлекеттик кызматта 20 жылдан кем эмес иштеген, мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат системасын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги жана олуттуу салымы, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкендиги үчүн мамлекеттик кызматчыларга;
13) «Саламаттык сактоого эмгек сиңирген кызматкер» – саламаттык сактоо тармагында 20 жылдан кем эмес иштеген, калктын саламаттыгын сактоодо, медициналык жардамдын жана дары менен камсыздоонун сапатын жогорулатууда сиңирген эмгеги үчүн, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда чоң ийгиликтерге, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине;
14) «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга эмгек сиңирген кызматкер» – жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө 20 жылдан кем эмес иштеген, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда кошкон олуттуу салымы жана сиңирген эмгеги, муниципалдык кызмат системасын өркүндөтүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкендиги үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлерине;
15) «Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер» – ушул чөйрөдө 20 жылдан кем эмес иштеген, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, педагогикалык жана тарбиялоо ишине, инновациялык окуу-методикалык куралдарды, программаларды, методикаларды түзүүдө сиңирген эмгеги, билим берүү процессин илимий-методикалык камсыздоого катышкандыгы үчүн билим берүү уюмдарынын, билим берүүнү башкаруу органдарынын, билим берүү системасынын илимий-изилдөө институттарынын жогорку кесипкөй илимий-педагогикалык жана башка кызматкерлерине;
16) «Жаратылышты коргоого эмгек сиңирген кызматкер» – айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жаатында 20 жылдан кем эмес иштеген, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, жаратылыш ресурстарын сактоодо, аз калдыктуу жана калдыксыз курулмаларды иштеп чыгууда жана өздөштүрүүдө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоодо сиңирген эмгеги үчүн жаратылышты коргоо органдарынын жогорку кесипкөй кызматкерлерине, экологиялык көйгөйлөр менен иштеген илимий-изилдөө жана башка мекемелердин кызматкерлерине;
17) «Өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» – чийки затты казып алууда, продукция өндүрүүдө, анын сапатын жакшыртууда сиңирген эмгеги үчүн бул тармакта 10 жылдан кем эмес иштеген, экономиканын өнөр жай тармактарынын түрдүү уюмдарынын, кен казуу өнөр жайынын жогорку кесипкөй жумушчуларына, мастерлерине, инженердик-техникалык кызматкерлерине, өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, бул тармакта 20 жылдан кем эмес иштеген энергетика жана өнөр жай жаатындагы жумушчуларга жана инженердик-техникалык кызматкерлерге, ошондой эле илимдин жана техниканын жетишкендиктерин ишке киргизүүнүн, технологияны өркүндөтүүнүн, өндүрүштүк процесстерди механикалаштыруунун жана автоматташтыруунун эсебинен өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда, продукция чыгарууну көбөйтүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө, технологиялык, долбоордук-конструктордук уюмдардын кызматкерлерине;
18) «Маалыматтык-коммуникациялык технологияларга эмгек сиңирген кызматкер» – чөйрөдө 20 жылдан кем эмес иштеген, байланыш каражаттарын өнүктүрүүдө, модернизациялоодо, эксплуатациялоодо, калкты тейлөөнү жакшыртууда, принциптүү жаңы жогорку натыйжалуу техниканы жана технологияны иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө сиңирген олуттуу эмгеги бар, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, телекоммуникация, көрсөтүү, почта байланышы, байланыштын курулуш, оңдоо, долбоорлоо ишканалары жаатындагы, байланыш жаатындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын жогорку кесипкөй кызматкерлерине;
19) «Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер» – айыл чарба жаатында 20 жылдан кем эмес иштеген, айыл чарба өндүрүшү тармактарын өнүктүрүүдө: илимдин, техниканын жетишкендиктерин, алдынкы тажрыйбаны жана чарба жүргүзүүнүн жаңы методдорун ишке киргизүүнүн негизинде түшүмдүүлүктү, жердин күрдүүлүгүн жогорулатууга, мамлекетке жана калкка жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын сатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкен мамлекеттик органдардын, агрардык өнөр жай комплексинин жана айыл чарба жаатындагы башка уюмдардын жогорку кесипкөй кызматкерлерине, ошондой эле өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, агрардык реформаны жүргүзүүгө активдүү катышкан адамдарга;
20) «Калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер» – калкты тейлөө чөйрөсүндө 20 жылдан кем эмес иштеген, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, калкка турмуш-тиричилик, соода, турак жай, коммуналдык жана башка кызматтарды көрсөтүүдө, кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн, тейлөөнүн формаларын жана методдорун иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө, жарандарга социалдык жардамды жана аларды пенсия менен камсыздоону уюштурууда, маданий-эс алуу ишин жана туризмди өнүктүрүүдө сиңирген чоң эмгеги үчүн калкты тейлөө чөйрөсүндөгү мекемелердин жана уюмдардын жогорку кесипкөй кызматкерлерине;
21) «Транспортко эмгек сиңирген кызматкер» – транспорт тармагында 20 жылдан кем эмес иштеген, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда жана транспорт каражаттарын пайдаланууну жакшыртууда сиңирген эмгеги үчүн, өндүрүштүк тапшырмаларды аткарууда, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууда илимдин, техниканын жетишкендиктерин жана эмгектин алдынкы методдорун өндүрүшкө киргизүүнүн негизинде жогору көрсөткүчтөргө жетишкен, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен темир жол, аба, суу, автомобиль жана транспорттун башка түрлөрүнүн, мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө жана долбоордук уюмдардын, окуу жайларынын жогорку кесипкөй кызматкерлерине;
22) «Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер» – дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө, калктын дене тарбия системасын, массалык спортту, жогорку жетишкендиктеги спортту өркүндөтүүгө, кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө сиңирген олуттуу эмгеги үчүн, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү камсыз кылуучу уюштуруу-методикалык, окутуу-машыктыруу, тарбиялоо, инженердик-техникалык, илимий-педагогикалык жана чарбалык иштеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн дене тарбия жана спорт жаатында 20 жылдан кем эмес иштеген дене тарбия жана спорт мекемелеринин жогорку кесипкөй кызматкерлерине;
23) «Жарандык коргонуу мамлекеттик системасына эмгек сиңирген кызматкер» – авариялардын, кыйроолордун жана табигый кырсыктардын алдын алуудагы жана алардын кесепеттерин жоюудагы күч-аракети үчүн, башкаруу органдарын, авариялык-куткаруу кызматтарынын күчтөрүн жана каражаттарын, авариялык-куткаруу түзүмдөрүн өзгөчө кырдаалдар зонасына чыгарууга жана тейлөө объекттеринде же аймактарында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө ар дайым даярдыкта кармоодо жеке сиңирген эмгеги үчүн, өзгөчө кырдаалдар шарттарында калкты иш-аракеттерге даярдоого катышкандыгы үчүн, авариялык-куткаруу кызматтары жана авариялык-куткаруу түзүмдөрү үчүн квалификациялуу кадрларды тарбиялоодо, окутууда, даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Жарандык коргонуу жаатында 20 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын Жарандык коргонуу кызматтарынын жана авариялык-куткаруу түзүмдөрүнүн жогорку кесипкөй кызматкерлерине.
Ардак наам ыйгарылган адамдарга төш белги тапшырылат, ал төшүнүн оң жагына Кыргыз Республикасынын ардак наамдарынын белгилеринен кийин тагылат.
7. Ардак грамотанын, Ардак грамотанын жана ардак наамдардын төш белгилеринин, ардак наамдардын күбөлүктөрүнүн сыпаттамалары жана үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.
8. Ардак грамота менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Ардак грамота менен сыйлоого жана ардак
наамдарды ыйгарууга сунушталган талапкерлерге талаптар
9. Ардак грамота менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга талапкерлер төмөнкү критерийлерге шайкеш келүүгө тийиш:
– мамлекеттик же муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн ведомстволук сыйлыктарынын (ардак грамота, грамота, төш белги жана сыйлыктардын башка түрлөрү) болушу;
– болжолдуу сыйлоо датасына чейин акыркы эки жыл ичинде талапкерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын, Министрлер Кабинетинин сыйлыктарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыштарынын жоктугу.
10. «Эмгек сиңирген ишкер» ардак наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн ишкердик иштин субъекти төмөнкү критерийлерге шайкеш келүүгө тийиш:
– «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» жана «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалгыз уюштуруучу болуп саналган же болбосо уставдык же акционердик капиталынын 30 пайызынан ашык өлчөмдөгү үлүшкө ээ болгон уюштуруучу тарабынан түзүлгөн;
– республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге карызы болбогон;
– кошумча нарктын жогорку даражасындагы инновациялык, импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган продукцияны чыгаруучу жана чакан же орто ишкердик субъекттеринин категориясына кирген;
– республиканын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле кайрымдуулук ишин жүргүзгөн;
– иштеген мезгилде банкроттук жол-жобосун демилгелөөгө же болбосо өтүүгө дуушар болбогон.
3-глава. Ардак грамотага жана ардак наамдарга
сунуштоо тартиби
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (мындан ары – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) атына Ардак грамота менен сыйлоого жана ардак наамды ыйгарууга сунуш министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин же административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (мындан ары – ыйгарым укуктуу субъект) тарабынан киргизилет.
Мындан тышкары сыйлоо жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары (мындан ары – ыйгарым укуктуу субъект) тарабынан киргизилиши мүмкүн.
12. Ардак грамота менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, юридикалык жактардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын (мындан ары – өтүнүч берүүчү орган) жамааттары тарабынан демилгелениши мүмкүн жана ыйгарым укуктуу субъектке жиберилет.
13. Чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды, эл аралык жана коомдук уюмдарды сыйлоого сунуштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча киргизилет.
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары – Президенттин Администрациясы) кызматкерлерин Ардак грамота менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч Президенттин Администрациясынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан демилгеленет.
15. Ардак грамота менен сыйлоо жана ардак наамды ыйгаруу жөнүндө сунуштар болжолдонгон сыйлоого чейин отуз күндөн кечиктирилбестен киргизилүүгө тийиш.
16. Ыйгарым укуктуу субъект сыйлыкка сунуштоонун негиздүүлүгү жана алар кол койгон сыйлоо жөнүндө материалдарда баяндалган маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
17. Сыйлоо материалдары «Сыйлык» автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – «Сыйлык» АМС) аркылуу электрондук формада берилет.
«Сыйлык» АМСтин иштөө жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен аныкталат.
18. Мамлекеттик сырларды камтыган сыйлоо материалдары гриф менен белгиленген тартипте кагаз түрүндө жиберилет.
19. Ардак грамота менен сыйлоону жана ардак наамдарды ыйгарууну кароого документтердин тизмеги:
– талапкердин конкреттүү сиңирген эмгегин көрсөтүү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атына сунуш, ага ыйгарым укуктуу субъекттин жетекчиси жок болгон учурда жетекчинин милдеттерин аткаруу жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн тиркөө менен анын орун басары кол коет;
– «Сыйлык» АМСтин формасына ылайык сыйлоо барагы (талапкердин ким экендигин мүнөздөөчү маалыматтарды камтыйт, анын ичинде тармактагы жана бул жамааттагы жалпы иш стажы; өндүрүштө иштеген адамдар үчүн – ишинин негизги жыйынтыктары; сыйлык көрсөтүлөт, анда бардык белгиленген графалар так жана толук толтурулууга тийиш);
– чогулуштун протоколу, ыйгарууга сунуштоо жөнүндө коллегиалдуу органдардын чечими (коллегиалдуу орган жок болсо – жетекчинин чечими);
– иштеген жери же өтүнүч берүүчү орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн паспорттун көчүрмөсү, эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү, сиңирген эмгегин ырастаган башка документтер, окумуштуулук даражасы жөнүндө документтер (болсо), сертификаттардын, мамлекеттик сыйлыктардын документтеринин көчүрмөлөрү жана башка документтер;
– соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкат;
– талапкердин сунуштоо учурунда, ошондой эле өткөн жылы күчүндө болгон тартиптик жаза чараларынын жоктугу жөнүндө өтүнүч берүүчү органдын маалымкаты;
– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды, эл аралык жана коомдук уюмдарды сыйлоо жөнүндө макулдашуу-кат.
20. «Эмгек сиңирген ишкер» ардак наамына ушул Жобонун 19-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча сыйлоо материалдары төмөнкү документтерди камтыйт:
1) салык кызматынын мамлекеттик органдарынын ишкердик иштин субъектинин ишкердик чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштегендигин ырастаган маалымкаты;
2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздын жоктугун ырастаган документтер;
3) «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» жана «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик иштин субъектинин жалгыз уюштуруучу болуп саналгандыгын же уставдык же акционердик капиталынын 30 пайызынан ашык өлчөмдөгү үлүшүнө ээ экендигин ырастаган уюштуруу документтеринин юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
4) иштеген мезгилде ишкердик иштин субъектинин банкроттук жол-жобону демилгелөөгө же болбосо өтүүгө дуушар болбогондугун ырастаган документ.
21. Юридикалык жактар үчүн сыйлоо материалдарынын тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:
– ишинин конкреттүү жыйынтыктарын көрсөтүү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атына сунуш;
– чогулуштун протоколу, сыйлоого сунуштоо жөнүндө коллегиалдуу органдардын чечими (коллегиалдуу орган жок болсо – жетекчинин чечими);
– «Сыйлык» АМСтин формасына ылайык сыйлоо барагы;
– юридикалык жактын уставынын юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
– мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
22. Жашыруун грифи менен келип түшкөн сыйлоо материалдарына ушул Жобонун тиркемелерине ылайык сыйлоо барагы толтурулат.
23. Жеке жактардын жеке маалыматтары паспортунун маалыматтарынын, юридикалык жактардыкы – мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн негизинде толтурулат.
24. «Сыйлык» АМСте жеткиликтүү болгон документтер жана маалымкаттар кагаз жүзүндө же башка түрдө берилбейт.
25. Ардак грамота менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сыйлыктары боюнча комиссиянын (мындан ары – Комиссия) чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
26. Баатырдык эрдиги, тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү жогорку жана Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү жетишкендиктери үчүн өзгөчө учурларда Ардак грамота менен сыйлоо Комиссия тарабынан каралбастан жана ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн стажга талаптарды жана 8-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерди сактабастан, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
27. Сыйлоо жөнүндө сунушту киргизүү Кыргыз Республикасынын Конституция күнүн (5-май), Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн (31-август) майрамдоого, ошондой эле жылдын жыйынтыгы боюнча (31-декабрь) туура келүүгө тийиш.
28. Талапкер ишинен бошогон, башка ишке которулган, тартиптик жаза чарасы колдонулган, кылмыш иши козголгон, жарандыгын өзгөрткөн, каза болгон учурда аны Ардак грамота менен сыйлоого, ардак наамды ыйгарууга сунуштаган ыйгарым укуктуу субъекттин кызмат адамдары токтоосуз Президенттин Администрациясынын сыйлыктар маселесин тескеген ыйгарым укуктуу бөлүмүнө (мындан ары – ыйгарым укуктуу бөлүм) жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
29. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка сыйлыктары менен кийинки сыйлоо эреже катары мурдагы сыйлоодон кийин жаңы сиңирген эмгеги жана жетишкендиктери үчүн үч жылдан эрте эмес болушу мүмкүн.
30. Ардак грамота менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу бир жолу жүргүзүлөт.
31. Сыйлоо/ыйгаруу жөнүндө сунуш Комиссия менен макулдашуу боюнча төмөнкүдөй учурларда ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан каралбастан кайра кайтарылат:
– ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбаса;
– ушул Жобонун 19–21-пункттарында көрсөтүлгөн документтер толук берилбесе;
– сунушталган талапкерлер ушул Жобонун 3, 6, 9, 10-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келбесе.
4-глава. Комиссиянын иштөө тартиби
32. Ушул Жобонун 19–21-пункттарында көрсөтүлгөн документтер Комиссия тарабынан «Сыйлык» АМСти колдонуу аркылуу онлайн режимде каралат.
33. Комиссиянын жеке жана сандык курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.
Комиссия Комиссиянын төрагасынан, төрагасынын орун басарынан жана мүчөлөрүнөн турат.
34. Жыйналышты Комиссиянын төрагасы, ал жок учурда Комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрөт.
Комиссиянын мүчөсү жок болгон учурда жыйналышка анын кызмат орду боюнча орун басары добуш берүү укугу менен катышат.
35. Комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыз кылуу ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
36. Комиссия ыйгарым укуктуу субъект тарабынан Ардак грамота менен сыйлоого жана ардак наамды ыйгарууга сунушталуучу талапкерлердин жалпы саны үчүн квотаны белгилөөгө укуктуу.
37. Зарыл болгон учурда Комиссия сунушталган талапкер боюнча кошумча маалыматты алуу үчүн ыйгарым укуктуу субъекттин жетекчисин чакырууга укуктуу.
38. Комиссия тарабынан сыйлоо материалдары «Сыйлык» АМСте онлайн режимде Комиссиянын мүчөлөрүнө белгилүү бир мезгилде кирүү мүмкүнчүлүгүн ачуу менен каралат.
39. Комиссиянын жыйналышы анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда мыйзамдуу болуп саналат. Комиссия чечимдерди Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
40. Кагаз жүзүндө жашыруун грифи менен жиберилген, мамлекеттик сырды камтыган сыйлоо материалдары каралган учурда Комиссиянын жыйналышы офлайн режимде өткөрүлөт же Комиссиянын чечими сурамжылоо аркылуу кабыл алынат.
41. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, Комиссиянын жыйналышы онлайн режимде өткөрүлгөн учурда протокол «Сыйлык» АМСте автоматтык түрдө түзүлөт.
42. Сыйлоо материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия оң чечим кабыл алган учурда ыйгарым укуктуу бөлүм Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесинин долбоорун даярдайт жана белгиленген тартипте аны кароого киргизет.
43. Комиссия тарабынан сыйлоонун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынган адамды Ардак грамота менен сыйлоого жана ага ардак наамды ыйгарууга Комиссия аталган чечимди кабыл алган күндөн тартып бир жылдан кийин кайрадан сунуштоого болот.
5-глава. Ардак грамотаны жана ардак наамдын төш
белгисин тапшыруу тартиби
44. Ардак грамота менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу белгилерди тапшыруу менен салтанаттуу кырдаалда Министрлер Кабинетинин Төрагасы, ошондой эле анын тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, министрлер, мамлекеттик комитеттин төрагасы, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле башка кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
45. Ардак грамота, анын төш белгиси, ардак наамдын төш белгиси жана күбөлүгү сыйлануучунун жеке өзүнө тапшырылат.
46. Сыйланган адам каза болгон учурда, көзү тирүүсүндө тапшырылбаган сыйлык белгилери жакын туугандарына же мураскорлоруна тагынуу укугусуз өткөрүлүп берилет.
47. Ардак грамота менен сыйлоо, ардак наамды ыйгаруу жөнүндө маалыматтар иштеген жери же өтүнүч берүүчү органдын персоналды башкаруу кызматы тарабынан эмгек китепчесине киргизилет.
48. Ардак грамота, Ардак грамотанын жана ардак наамдын төш белгилерди жоголгон учурда алардын дубликаттары берилбейт.
Сыйлангандарга жоголгондордун ордуна ардак наамдардын күбөлүктөрүнүн дубликаттары ыйгарым укуктуу субъекттин өтүнүчү боюнча берилет.
49. Сыйлангандар Ардак грамотаны тапшыруудан же ардак наамды ыйгаруудан жазуу жүзүндө баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесине жокко чыгаруу жөнүндө өзгөртүү киргизилет.
50. Ардак грамота же ардак наамдардын күбөлүктөрү сыйлануучунун фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу алмаштырылбайт.
51. Мурда Кыргыз Республикасынын ардак наамдары статусуна ээ болгон ардак наамдар ыйгарылган адамдарды окшош аталыштагы ардак наамдарды ыйгарууга кайрадан сунуштоого жол берилбейт.
52. Ардак грамота менен сыйлангандарды жана ардак наамдар ыйгарылгандарды эсепке алуу жана каттоо «Сыйлык» АМСте ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
53. Ардак грамота менен сыйланган, ардак наам ыйгарылган адамдарга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде иштеген жери боюнча иш берүүчү тарабынан аныкталган тартипте жана өлчөмдө бир жолку акчалай сыйлык төлөнүшү мүмкүн.
54. Ардак грамота менен сыйланган же ардак наамдар ыйгарылган адамдар алардан мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде гана ажыратылышы мүмкүн.
Юридикалык жак кайра уюштурулган учурда Ардак грамотанын белгилери кайра уюштуруу процессинде түзүлгөн юридикалык жакка өткөрүп берилет, ал эми юридикалык жак жоюлган учурда уюштуруучуга өткөрүп берилүүгө тийиш.
55. Ардак грамотанын белгилерин жана ардак наамдардын төш белгилерин мыйзамсыз даярдоо, тагынып жүрүү, сатып алуу, сатуу, алмашуу же берүүнүн башка формасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Сыйлоо барагы (Жеке жактар үчүн) 1. Фамилиясы, аты, атасынын аты ______________________ ___________________________________________________ Мурда фамилиясы, аты, атасынын аты башка болсо аларды көрсөтүңүз ____________________________________________________ 2. Кызмат орду, иштеген жери, кызмат орду (кызмат ордунун аталышын толук көрсөтүү) мамлекеттик тилде ______________ _____________________________________________________ _____________________________________________________ (Уюмдун, мекеменин аталышы) расмий тилде _________________________________________ _____________________________________________________ (Уюмдун, мекеменин аталышы) 3. Жынысы _______________ 4. Улуту __________________________ 5. Жарандыгы _______________________________________________ 6. Туулган жери жана датасы __________________________________ ____________________________________________________________ (Облус, шаар, район, айыл жана туулган күнү, айы, жылы) 7. Билими ___________________________________________________ ____________________________________________________________ (Билими боюнча адистиги, окуу жайдын аталышы, аяктаган жылы) 8. Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы_________________ ____________________________________________________________ 9. Кайсы мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган, сыйлоо даталары ___________________________________ ____________________________________________________________ 10. Жашаган дареги ___________________________________________ 11. Байланыш телефону_______________________________________ 12. Жалпы эмгек стажы ________ Тармактагы иш стажы __________ Бул жамаатта иштеген стажы _____________________________ 13. Эмгек иши (жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында окууну, аскер кызматын кошкондо) | ||||
Айы жана жылы | Уюмду көрсөтүү менен кызмат орду | Уюмдун жайгашкан жери | ||
киргени | кеткени | |||
|
|
|
| |
|
|
|
| |
|
|
|
| |
1–13-пункттарда көрсөтүлгөн маалыматтар паспорттогу, эмгек китепчедеги маалыматтарга, билими, квалификациясы жөнүндө маалыматтарга ылайык келет.
| ||||
__________________ (Персоналды башкаруу кызматынын кызматкеринин кызмат орду | __________________ (Колу)
М. О. | __________________ (Аты-жөнү) | ||
14. Ардак наамды сыйлоого/ыйгарууга сунушталган адамдын конкреттүү салымдары ___________________________________________ ____________________________________________ ____________________________________________ ____________________________________________ Талапкерлиги ________________________________ (Аты-жөнү) ______________________________________________ сунушталды (Уюмдун аталышы) ______________________________________________________ (Талкуулоонун датасы, протоколдун №)
| ||||
Жетекчи: __________________________ (Колу) М. О. __________________________ (Аты-жөнү) | Жамааттык органдын төрагасы: __________________________ (Колу) М. О. __________________________ (Аты-жөнү) | |||
____________________________________________________________ (Мамлекеттик органдын жетекчиси)
| ||||
__________________________ (Колу) | __________________________ (Аты-жөнү) | |||
М. О.
20__-жылдын «___» __________ | ||||
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Сыйлоо барагы (Юридикалык жактар үчүн)
1. Юридикалык жактын мамлекеттик тилдеги аталышы ______________________________________________________ (Уюмдун, мекеменин аталышы) Юридикалык жактын расмий тилдеги аталышы ______________________________________________________ (Уюмдун, мекеменин аталышы) 2. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери _____________ 3. Уюштуруу-укуктук формасы _____________________________ 4. Мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар ________________ ______________________________________________________ (Каттоонун датасы, номери, жери) 5. Юридикалык жактын жетекчисинин маалыматтары _________ ______________________________________________________ (Аты-жөнү, кызмат орду) 6. Кыргыз Республикасынын кайсы мамлекеттик сыйлыктары жана башка сыйлыктар менен сыйланган, сыйлоо даталары: ______________________________________________________ 7. Иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги __________________ Каттоо боюнча дареги____________________________________ 8. Байланыш телефону __________________________________ 9. Ишинин узактыгы __________________________________ 1–9-пункттарда көрсөтүлгөн маалыматтар каттоо жөнүндө маалыматтарга ылайык келет. | |||
_________________ (Персоналды башкаруу кызматынын кызматкеринин кызмат орду) | _________ (Колу)
М.О. | _________________ (Аты-жөнү) | |
10. Ардак грамота менен сыйлоого сунушталган адамдын конкреттүү сиңирген эмгеги _________________________________________________________ _________________________________________________________ _________________________________________________________ _________________________________________________________ Талапкерлиги _________________________________________________________ (Юридикалык жактын аталышы) ___________________________________тарабынын сунушталган (Уюмдун аталышы) _________________________________________________________ (Талкуулоонун датасы, протоколдун №)
| |||
Жетекчи: _________________________ (Колу) М.О. _________________________ (Аты-жөнү) | Жамааттык органдын төрагасы: _________________________ (Колу) М.О. _________________________ (Аты-жөнү) | ||
_____________________________________________________ (Мамлекеттик органдын жетекчиси)
| |||
_________________________ (Колу)
| _________________________ (Аты-жөнү) | ||
М.О.
20__жылдын «___»__________ | |||