Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 30-июнундагы № П-288 буйругу менен бекитилди) |
Салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы
1-глава. Формалык кийимдин негизги элементтеринин сыпаттамасы
2-глава. Айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы
1-глава. Формалык кийимдин негизги элементтеринин сыпаттамасы
1. Формалык фуражка Фуражка кочкул көк кездемеден, ал эми тегерете кыры жана төбөсү жашыл милтеден даярдалат. Кырына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга филиграндан кош өрүлгөн боо тагылат, кырында алтын жалатылган кокарда жайгашкан. Фуражканын маңдайкы калканчы кара, лакталган. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси жана андан жогору атайын наамы бар адамдардын фуражкасынын кебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгашкан. Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн кырындагы маңдайкы калканчынын үстүндө алтын жалатылган филиграндык боодон тышкары симметриялуу жайгашкан эки эмен бутактары түрүндөгү алтын түстөгү саймалуу жасалга бар. Жайкы фуражка ак же боз түстө болушу мүмкүн. Аялдарга фуражканын ордуна ак же кочкул көк түстөгү, кырлары көк-жашыл түстөгү тегерек формадагы (берет же пилотка) баш кийим берилет. |
2. Кепка Кепка-бейсболка кочкул көк түстөгү кебез кездемеден тигилет. Кепканын алдыңкы бөлүгүндө алтын түстөгү салык кызматынын органдарынын эмблемасы жайгашкан. | |
Кышкы кепи (камуфляждалган) Кышкы кепи кочкул-коргоочу (камуфляждалган марпат блю) түсүндөгү кездемеден тигилип, сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, маңдайдан жана кайрылган жээктен турат. Кепинин эки капталына тегерекчелерден жел кирме үч көзөнөкчө салынган. Фуражканын алкагынын алдыңкы жагында салык кызматынын органдарынын символикасы түшүрүлгөн, коргоочу түстөгү кокарда жайгашкан. Жайкы (камуфляждалган) кепи конструкциясы боюнча кышкы (камуфляждалган) кепкага окшош болуп, жеңилдетилген кездемеден даярдалат жана кайырма кулакчалары (кулактары) жок болот. |
3. Кулакчындуу тумак Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси жана андан жогору курамдагы атайын наамы бар адамдар үчүн тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү каракүлдөн тигилген. Төбөсү төрт кыйыктан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) кочкул көк түстөгү күдөрүдөн жасалат. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат. Маңдай кырынын алды жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кокарда жайгашкан. Салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчисине чейин атайын наамы бар адамдар үчүн тумак окшош үлгүдө тигилет, мында аны тигүү үчүн кара түстөгү жарым жүн кездеме колдонулат. | |
4. Бапак Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүңкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз түстөгү табигый каракүлдөн жасалат. Калпак төрт кыйыктан туруп, кочкул көк түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүнүн үстү жагындагы тигиштерине эни 5-6 см болгон көк түстөгү околуу тасма бастыра тигилген.Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет. Эркектер үчүн бапак жогорку курамдагы жана салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамы бар адамдарга гана берилет. Жогорку курамдагы жана салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамы бар аялдар үчүн боз түстөгү табигый каракүлдөн тигилген берет берилет. |
5. Галстук Галстук кочкул көк же кара түстөгү жибек сымал, курч бурч менен аяктаган узун трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн турат. | |
6. Кочкул көк же кара түстө галстук-бант үстү тик бурчтуу түйүн жана тик бурчтуу формада илинген эки лентадан турат. Жашыруун бекиткичтин жардамы менен формалык көйнөктүн жакасынын астына бекитилет. |
7. Мээлей – суук мезгилде колду коргоого арналган, кара түстөгү, мех менен жылууланган кышкы форма кийиминин элементи. | |
8. Моюн орогуч – жылдын суук мезгилинде моюнду сууктан коргоо үчүн колдонулуучу, жоолук түрүндөгү кышкы формалык кийимдин элементи, боз, ак же кочкул көк түстө (форманын комплектине жараша) жасалат. |
9. Көйнөк Кыска жеңдүү көйнөк ак же көгүш түстөгү кездемеден тигилип, кайырма жана тик жакалуу, бүктөмү жана жапкычы бар эки төш чөнтөктүү. Алды этегине чейин ачык жана кайып тигилген планкадагы бекиткич менен жасалат. Учасы кокеткалуу. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана куру топчуга топчуланат, ал эми бели резина менен бекемделет. Узун жеңдүү көйнөк ак же көгүш түстөгү кездемеден тигилип, кайырма жана тик жакалуу, бүктөмү жана жапкычы бар эки төш чөнтөктүү. Алды этегине чейин ачык жана кайып тигилген планкадагы бекиткич менен жасалат. Учасы кокеткалуу. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана куру топчуга топчуланат, ал эми бели резина менен бекемделет. Аялдар үчүн сол жагына топчуланат. |
10. Поло көйнөгү Поло көйнөгү кочкул көк жана ак түстөгү трикотаж кездемеден тигилген, кынама көрүнүштө, көйнөк үлгүсүндө бычылган кыналма жеңдери менен, алды жана учасы кесилген кокеткалуу, бир катарлуу сыдырмасы жана жакасы бар. Поло көйнөктүн алды планкада тешилген көйнөктүн түсүнө дал келген майда көйнөкчө топчулар менен топчуланат. Алдында кийимдин жогорку бөлүгүндө учасына өтүүчү көйнөктүн кездемесинен тигилген кош кокеткалар жайгашкан. Алдыңкы бөлүгүнүн сол жагында, көйнөктүн кездемесинен тигилген сыдырмалуу тилик чөнтөк жайгашкан. Поло көйнөктүн учасы классикалык, кош кокеткалуу, ал декоративдик тигиш менен тигилген. Жеңдери орнотулган кыска. Жеңдердин этектери кочкул көк түстөгү көйнөктүн кездемесинен манжета менен тигилген. Жака, планка, чөнтөк, манжеттер кочкул көк түстөгү трикотаж (көйнөк) кездемеден жасалган. Бардык кошумча бөлүктөр, кокеткалар жана жан чөнтөктөр үчүн жасалгалоо тигиштери каралган. Сол жеңде шеврон жайгашкан. Аялдар үчүн поло көйнөгү эркектер үчүн поло көйнөктүн үлгүсү боюнча аялдардын келбетинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тигилет. |
11. Шымы же юбкасы менен күнүмдүк китель Китель кочкул көк түстөгү габардинден тигилет. Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, жылмакай жээктүү, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи кадимкидей кош тигиштүү. Кителде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичирээк өлчөмдөгү топчулар менен топчуланган бүктөм жана жапкыч менен жан төш чөнтөктөрү, жапкыч жана топчусу жок бүктөм менен каптал жан чөнтөктөрү бар. Кителдин кайырма жакасына салык кызматынын органдарынын символикасына окшош бүркүт түрүндөгү металл символ бекитилет, мында бүркүттөрдүн баштары карама-каршы тарапка багытталат. Жогорку курамдагы жана салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары бар адамдар үчүн китель кочкул көк түстөгү габардинден, эки жакка кымтыланма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алты топчусу бар, алардын экөө топчуланат, каптал тилик чөнтөктөрү, капкалдырыктуу жана тилик төш чөнтөгү бар, учасынын этеги тиликсиз жасалат. Жакасы жана кайрылган жең учу жазылыгы 2,5 мм болгон көк-жашыл милте менен кыйылган. Аялдар үчүн китель сол жагына топчуланат, ошол эле учурда аялдардын кителинде төш чөнтөк топчулары каралган эмес. Жогорку курамдагы атайын наамы бар адамдар үчүн китель кайырма жака формалык кийимдин айырмалоочу элементи болуп саналган лавр же эмен бутактары түрүндөгү алтын оюмунун саймалуу сүрөттөрү менен кооздолгон. Жакасынын ар бир тарабында төмөнкү четин бойлой симметриялуу бирден оюм-чийим жайгашкан, андан 1–1,5 см аралыкта; оюм-чийимдин узундугу 8–10 см, туурасы 2–2,5 см. Бутактары көлөмдүү рельефтик эффект жаратуучу жалбырактардын жана желелердин деталдуу чиймелери менен ийри формага ээ. Кайрылган жең учунда сайма туурасы 2,5 мм болгон жашыл түстөгү бир сызыктуу тегерек формада жасалган, мында сайманын ортосу жеңдин четинен 5–7 см аралыкта жайгашкан. Шымдын багалеги кое берилип, манжетсиз тигилген, улук жана орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн эни 2,5 мм болгон жашыл милте менен бастырылган. Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн шымдын сырткы каптал тигиши боюнча шымдын бүткүл узундугуна жашыл түстөгү кош лампастар тигилет. Ар бир лампастын туурасы 25 мм. Лампастардын ортосунда, так шымдын каптал тигиши боюнча, туурасы 5 мм болгон жашыл түстөгү борбордук милте тигилет. Аялдар үчүн китель кочкул көк түстөгү костюм кездемесинен тигилет. Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, денеге жарым-жартылай кынама, жылмакай жээктүү, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи кош тигиштүү. Кителде жапкычы жана топчулары жок эки тарабына бүктөлгөн каптал жан чөнтөктөрү бар. Аялдардын кителинде жан төш чөнтөктөр, жапкычтар жана топчулар каралган эмес. Кителдин кайырма жакасына салык кызматынын органдарынын символикасына окшош бүркүт түрүндөгү металл символ бекитилет, мында бүркүттөрдүн баштары карама-каршы тарапка багытталат. Аялдарга белгиленген үлгүдөгү форма шым берилиши мүмкүн. Шымдын ордуна белгиленген үлгүдөгү юбка кийүүгө болот. Орто жана улук курамдагы атайын наамдары бар аялдар үчүн китель жана юбка кочкул көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилет. Юбка тизеге чейин түз. |
12. Ачык боз түстөгү жайкы китель Жайкы китель күнүмдүк китель шым (юбка) сыяктуу эле, болгону ачык боз түстөгү кездемеден тигилет. Жогорку курамдагы атайын наамы бар адамдар үчүн ачык боз түстөгү жайкы китель, кайырма жакасы формалык кийимдин айырмалоочу элементи болуп саналган лавр же эмен бутактары түрүндөгү алтын оюмунун саймалуу сүрөттөрү менен кооздолгон. Жакасынын ар бир тарабында төмөнкү четин бойлой симметриялуу бирден оюм-чийим жайгашкан, андан 1–1,5 см аралыкта; оюм-чийимдин узундугу 8–10 см, туурасы 2–2,5 см. Бутактары көлөмдүү рельефтик эффект жаратуучу жалбырактардын жана желелердин деталдуу чиймелери менен ийри формага ээ. Кайрылган жең учунда сайма туурасы 2,5 мм болгон жашыл түстөгү бир сызыктуу тегерек формада жасалган, мында сайманын ортосу жеңдин четинен 5–7 см аралыкта жайгашкан. Погондор белгиленген үлгүдөгү рельефтик тигилген оюму менен алтын түстөгү волокадан орнотулат. Шымдын багалеги кое берилип, манжетсиз тигилген, жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн шымдын сырткы каптал тигиши боюнча шымдын бүткүл узундугуна жашыл түстөгү кош лампастар тигилет. Ар бир лампастын туурасы 25 мм. Лампастардын ортосунда, так шымдын каптал тигиши боюнча, туурасы 5 мм болгон жашыл түстөгү борбордук милте тигилет. |
13. Параддык китель Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн параддык китель, ак түстөгү габардинден, эки жакка кымтыланма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн алтын түстөгү алты топчусу бар, алардын экөө топчуланат. Китель жарым-жартылай кынама көрүнүштө, каптал тилик чөнтөктөрү, капкалдырыктуу жана тилик төш чөнтөгү бар. Учасынын этеги тиликсиз жасалат. Кайрылган жака, жаканын учу туурасы 2,5 мм болгон жашыл түстөгү милте менен жасалган. Жакасында алтын эмен бутактары симметриялуу жайгаштырылган. Ийиндеринде атайын наамга ылайык саймаланган жылдыздары жана жашыл милте менен алтын түстөгү тигилген параддык погондор жайгашкан. Сол жеңинде салык органдарынын белгиленген үлгүдөгү алтын түстөгү символикасы менен ак түстөгү жең белгиси (шеврону) жайгаштырылат. Жеңдин манжеттери алтын эмен бутактарынын тегерек саймалары менен кооздолгон. Сайманын жогору жагында, 1 см аралыкта, жеңдин айланасы боюнча 2,5 мм алтын түстөгү декоративдик милте жайгашкан, ал эми анын жогору жагында, 1 см аралыкта, ошондой эле жеңдин айланасы боюнча жашыл түстөгү милте бар. Шым кочкул көк түстөгү, багалеги кое берилип, манжетсиз тигилген. Шымдын сырткы каптал тигиши боюнча шымдын бүткүл узундугуна туурасы 25 мм болгон жашыл түстөгү кош лампастар жайгаштырылган. Аялдар үчүн параддык китель сол жагына топчуланат жана кынама көрүнүштө каралган. Аялдар үчүн шымдын ордуна юбка кийүүгө болот. |
14. Жайкы көйнөк Жайкы көйнөк кочкул көк түстөгү кездемеден тигилет, тигилген кыска жеңдери менен түз, этеги көк-жашыл түстөгү милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөрү каптама болуп, “бант” бүгүштүү жана топчуга топчулануучу капкалдырыктары бар. Жакасы кайырма лацкандары менен, топчулары белине чейин бүчүлөнөт, көйнөктүн каптал чөнтөктөрү тилик жалбырактуу кыюуланган, көйнөктүн этеги алды жагында беттеме бүгүштүү, белинде тоголуу куру бар. |
15. Костюм (камуфляждалган), жайкы Коргоочу түстөгү (камуфляждалган марпат блю) кебез кездемеден тигилген, түз кынама, бору борттук жашырын сыдырмалуу, бир ачык топчусу менен күрмө. Өңүрү бел сызыгы боюнча ички кулисалуу, үстүңкү жана астыңкы жапкыч жан чөнтөктөрү бар, жакасы кайырма. Учасы бүтүн, бел сызыгы боюнча ички кулисалуу. Жеңине бир тигиш салынган орнотулма, манжеталуу. Сол жеңинде камуфляждалган түстөгү шеврон жайгашкан. Сол жеңинде камуфляждалган түстөгү шеврон жайгашкан. Шым кочкул-коргоочу түстөгү кебез кездемеден, кошуп тигилген бел кур бар, ал топчулар менен топчуланат жана кур өткөргүч илмектери менен жабдылган. Шымдын капталдарында – жапкыч менен жан чөнтөктөр бар. Ички тигиштериндин сызыгы боюнча – штрипкалар, алардын бош учтары эки топчу менен топчуланган. |
16. Свитер жарым-жартылай жүн кездемеден, кочкул көк түстө, рельефтүү трикотаж кездемеден тигилген, формалык кийим катары кийүүгө арналган. Жакасы – V-формалуу, жеңи узун, манжеттери менен, кийимдин этегинде серпилгич кур каралган. Свитер ийин жана чыканак бекемдөөчү каптамалар, жапкычтуу төш чөнтөктөр, ошондой эле ийинге топчу менен бекитилген фальшпогондор менен жабдылган. Сол жеңге белгиленген үлгүдөгү шеврон тигилет. | |
17. Костюм (камуфляждалган), кышкы Жылууланган, кочкул-коргоочу түстөгү суу өткөрбөй турган кездемеден (камуфляждалган марпат блю) тигилген, этегине чейин мехтен ичилиги бар, мех жакалуу жана чечилме капюшондуу, түз кынама көрүнүштөгү, боору борттук жашыруун бекиткич, бир ачык топчусу бар күрмө. Өңүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички тилкелери, жогорку жана төмөнкү капкалдырыктуу каптама төш чөнтөктөрү бар, жакасы кайырма, нукура (жасалма) мехтен. Учасы бел сызыгы боюнча ички тилкелер менен туташ бычылган. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Жеңинин учу ичин карай бүгүлүп, туюк тигилген. Сол жеңинде камуфляждалган түстөгү шеврон жайгашкан. Шым суу өткөрбөй турган кочкул-коргоочу түстөгү кездемеден тигилет, этегине чейин жылуулоочу ичилиги бар, бели кайып тигилген, топчу менен топчуланат, өткөргүчтөрү бар. Шымдын капталдарында капкалдырыктуу каптама чөнтөктөр бар. Шымдын багалеги жабык тилик жана өткөзгүчү бар бүгүлгөн тигиш менен иштетилген. Багалектин тигишинин сызыктарында – боолор бар, алардын бош учтары эки топчуга топчуланат. |
18. Шымы менен аялдардын жайкы костюму Жайкы костюм кочкул көк түстүү кездемеден тигилет, денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө жакет, бир жагына кымтыланма кыска жеңдүү, кайрылган жең учу жашыл түстүү милте менен бастырылган, бүчүлөмөсү “көрүнбөгөн” кайырма жакалуу лацкандары менен, рамкаланган тилик жан чөнтөктөрү, учасы бир тигиштүү төш чөнтөгү тилик жалбыракчалуу. Шым түз жан чөнтөктөрү, бел кур каптал тигишинде көк-жашыл милте басылган. |
19. Күрмө Күрмө кочкул көк түстөгү жарым-жартылай жүн кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Өңүрлөрү кокеткалуу, кокеткалар бастыра тигилген тигиштерге капкалдырыктуу “беттеме” бүгүлүү чөнтөктөр салынган. Учасы ортосунда тигиши бар кокеткалуу. Жеңи кош тигиштүү, учтарына тилиги бар манжета салынган. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары, манжеттер жана кур Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык топчуларга топчуланат. Бели кайып тигилген, капталдарында көлөмдү тууралоону жана ыңгайлуу жарашууну камсыз кылуучу серпилгич (резинкалар) салынган. Шым кочкул көк түстө, манжети жок, түз эле кое берилет. Шымдын сырткы тигишинде бүткүл узундукка жазылыгы 2,5 мм жашыл түстөгү лампас жайгашкан. | |
Аялдар үчүн күрмөнүн формасы ушундай эле. Юбка түз кынама көрүнүштө, классикалык түрдө тигилген, орто узундуктагы, тизесине чейин ичтелген, топчуга топчулануучу кайып тигилген куру бар. Курда кур тагынуу үчүн илмектер каралган. Юбканын арткы бөлүгүндө арткы кездеменин ортосунда жайгашкан жашыруун сыдырма менен орто тигиш каралган. Сыдырманын узундугу 18-23 см. Кыймылдын ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн арткы тигиштин ылдый жагында тилик калтырылат. |
20. Кышкы пальто Улук жана орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн пальто бир жакка кымтыланма, кынама көрүнүштө, ичи ватин менен жылууланган кочкул көк түстөгү драптан тигилет. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын жалатылган төрт формалык топчуга топчуланат. Жакасы кайырма лацкандары менен, жеңдери тилик, кош тигиштүү. Ийиндеринде белгиленген үлгүдөгү чечилме погондор жайгаштырылат. Ийин тигиштерине чечилме погондорду бекитүү үчүн туурасынан ичке тарткычтар кошо тигилген жана аларды бекем кармоо үчүн кнопкалар орнотулган. Погондордо атайын наамга ылайык белгиленген үлгүдөгү айырмалоочу белгилер жайгаштырылат. Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн пальто бозомтук-көгүш түстөгү драптан, салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары бар адамдар үчүн кочкул көк түстөгү драптан. Пальто эки жакка кымтыланма, кынама көрүнүштө, ичи ватин менен жылууланган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын жалатылган алты формалык топчуга топчуланат. Жакасы каракүлдөн тигилген. Жеңдери тилик, кош тигиштүү, ар бир тилигинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын жалатылган кичине өлчөмдөгү экиден топчу жайгаштырылат. Ийиндеринде белгиленген үлгүдөгү чечилме погондор жайгаштырылат. Улук жана орто курамдагы атайын наамдары бар аялдар үчүн пальто бир жакка кымтыланма, кынама көрүнүштө, ичи ватин менен жылууланган кочкул көк түстөгү драптан тигилет. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын жалатылган төрт формалык топчуга топчуланат. Жогорку курамдагы атайын наамдары бар аялдар үчүн пальто боз түстөгү кездемеден, ал эми салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси деген атайын наамдары бар адамдар үчүн кочкул көк түстөгү кездемеден, эки жакка кымтыланма, кынама көрүнүштө, ичи ватин менен жылууланган. Жакасы кайырма, жакасынын жогорку бөлүгү, жабуулары жана манжеттери каракул менен бүткөн. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алты формалык топчуга топчуланат. |
21. Жазгы-күзгү булгаары күрмө Күрмө кара түстөгү нукура же жасалма булгаарыдан, түз тигилген, жылуулоочу мех эмес жеңил ичилик салынган. Ички борбордук бекиткич сыдырма, боорунун үстү жашыруун кнопкалар менен бекитилген. Жакасы кайырма, чечилме, кара же кочкул боз түстөгү каракүлдөн тигилген. Күрмөнү чечилме мех жакасы менен да, жакасыз да кийүүгө жол берилет. Өңүрлөрүндө жалбыракчалуу тилик каптал жан чөнтөктөрү жайгашкан. Учасы ортосунан тигиштүү жана кокеткалуу. Жеңи кош тигиштүү. Ийин тигиштерине чечилме погондорду бекитүү үчүн туурасынан ичке тарткычтар кошо тигилген жана аларды бекем кармоо үчүн кнопкалар орнотулган. Погондордо атайын наамга ылайык белгиленген үлгүдөгү айырмалоочу белгилер жайгаштырылат. |
22. Эркектердин кышкы күрмөсү Күрмө кочкул көк түстөгү жылууланган кездемеден тигилет, жасалма мех жакалуу жана чыгарып коймо капюшону бар, түз тигилген, боору сыдырма жана кнопкалар салынган. Өңүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички тилкелери, капкалдырыктуу каптама төш чөнтөгү жана капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар, жакасы кайырма, жасалма мехтен. Учасы бел сызыгы боюнча ички тилкелер менен туташ бычылган. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Жеңинин учу ичин карай бүгүлүп, туюк тигилген. Ийин тигиштерине чечилме погондорду бекитүү үчүн туурасынан ичке тарткычтар кошо тигилген жана аларды бекем кармоо үчүн кнопкалар орнотулган. Погондордо атайын наамга ылайык белгиленген үлгүдөгү айырмалоочу белгилер жайгаштырылат. |
23. Плащ Плащ күңүрт көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчулануучу бир жагына кымтыланма, ичилик салынган, тогоо менен курчалуучу куру бар. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу. Өңүрлөрү кокеткалуу, кыюуланган тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу жана тигиш дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңи кош тигиштүү, уч жагы тигилген жең тарткычтуу, анын бош учтары бүчүлүккө топчуланат. Ийин тигиштерине чечилме погондорду бекитүү үчүн туурасынан ичке тарткычтар кошо тигилген жана аларды бекем кармоо үчүн кнопкалар орнотулган. Погондордо атайын наамга ылайык белгиленген үлгүдөгү айырмалоочу белгилер жайгаштырылат. |
24. Жазгы-күзгү күрмө Жазгы-күзгү күрмө кочкул көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, бир жагына кымтыланма, кыюуланган тилик чөнтөктүү клапандары топчуга топчуланат. Төш чөнтөктөрүнө сыдырма салынган. Жакасы кайырма. Бүчүлүгү тигилүүчү кырында, жеңдери бир тигиштүү, алды жагы пластмасса топчуларга топчуланат. Күрмөнүн белинде – көмүскө тартма. Капюшону жана синтепон ичилиги топчуларга топчуланат. Жакасына, кырына, жеңдин учтарына, чөнтөктөрүнө жана клапандарына кооздолуучу тигиш жүргүзүлгөн. Ийин тигиштерине чечилме погондорду бекитүү үчүн туурасынан ичке тарткычтар кошо тигилген жана аларды бекем кармоо үчүн кнопкалар орнотулган. Погондордо атайын наамга ылайык белгиленген үлгүдөгү айырмалоочу белгилер жайгаштырылат. |
25. Сыйлыктар планкасы Сыйлыктар планкасы (ордендердин жана медалдардын планкасы) бул сыйлык үчүн белгиленген тиешелүү түстөгү жана үлгүдөгү муар тасмасы менен капталган тик бурчтуу металл же желим түрүндөгү негиз болуп саналат. Планка формага тагууга арналган. Сыйлыктар планкалары кызмат адамынын төшүнүн сол жагына, кителдин төш чөнтөгүнүн үстүндө бир же бир нече катар жайгаштырылат, сыйлыктардын улуктугу тартибинде – борбордон сырткы четине чейин жайгаштырылат. Бир нече катар жайгаштырылганда, үстүнкү катар астыңкы катарга караганда көбүрөөк же бирдей сандагы планкаларды камтышы керек. Планкалар атайын бекиткичтин же кармоочу негиздин жардамы менен формалык кийимге бекитилет. Кызматкердин алган мамлекеттик же ведомстволук сыйлыктарына ылайык келбеген планкаларды тагынууга жол берилбейт. |
26. Бут кийим Бут кийим иш стилине ылайык келиши керек, катуу, жабык, жылмакай териден же сырткы көрүнүшү жана сапаты боюнча окшош башка материалдардан жасалышы керек. Эгерде мындай перфорация иш стилинин талаптарын жана бут кийимдин расмий сырткы көрүнүшүн бузбаса, декоративдик же функционалдык перфорациясы бар бут кийим кийүүгө жол берилет. Кара же кочкул күрөң түстө, классикалык тамандуу (резина же булгаары), декоративдик элементтери жок, кызматтык стилге ылайык келген бут кийимдерге уруксат берилет. Эркектер үчүн үстү жабык же боосу жок, согончогу төмөн же такасы жок туфли. Аялдар үчүн жабык типтеги бут кийим, моделдүү же классикалык, 5 см жогору эмес ыңгайлуу такалуу, буттун башы жана согончогу жабык болушу керек. Суук мезгилде ичи жылууланган кара булгаары өтүк кийүүгө уруксат берилет. Эркектер үчүн кончу кыска өтүк; аялдар үчүн кончу узун. Конструкцияда “сыдырма” тибиндеги бекиткич каралууга жана кийимдин жалпы формасына ылайык келүүгө тийиш. |
2-глава. Айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы
27. Айырмалоо белгилер болуп: кокарда, тулкудагы кокарда, эмблема, колго тагылган шеврон, погондор, топчулар эсептелет. | |
28. Кокарда Кокарда металлдан жасалган, бир бүтүн штампталган, стилдештирилген лавр жалбырактарынан жасалган алтын түстүү гүлчамбар түрүндө, гүлчамбардын ичинде алтын түстүү томпок сүйрү розетка жайгашкан, анын борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгашкан, гербдин четинен кокарданын четтерине чейин гофрленген бети бар. Борбордо кокарданын капталдарын баш кийимге бекитүү үчүн клямер коргойт. Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн кокарда эмен жалбырактары менен алкакталат. | |
29. Эмблема Эмблема алтын түстүү, металлдан, толук куюлуп жасалат. Контуру рельефтелген, контурдун ортосунда салык кызматынын органдарынын символика белгилеринин элементтери тартылган. | |
30. Топчулар Топчулардын чөйчөкчөсү, түпчөсү, көзөнөгү же илмечи бар, алтын түстө, металлдан жасалат. Үстүңкү бет жагы томпок Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтик сүрөтү тартылган. Топчунун диаметри 14 жана 22 мм. Алтын, кочкул көк жана көк түстөгү пластмассадан жасалган топчуга уруксат берилет. |
31. Жеңге тагылуучу шеврон Шеврон жүндөн же пахтадан жасалган кездемеден жасалат. Шеврондун жалпы контуру сүйрү, төмөнкү бөлүгүндө тегеректелген бурчтары менен тигинен узартылган, формасы калканга окшош. Кочкул көк түстүн фонунда төмөнкү бөлүгүндө салык кызматынын органдарынын символикасына окшош ак бүркүт жайгашкан. Бүркүттүн жогору жагында “КЫРГЫЗСТАН САЛЫК КЫЗМАТЫ” деген ак түстөгү жазуу бар. Бүркүттүн башына окшош түстөгү геометриялык фигуралар коюлган: ортоңку бөлүгүндө үч ромб, эки капталында тегерек фигуралар. Көрсөтүлгөн элементтер бүркүттүн башынын үстүндө сүйрү композицияда жайгашкан. Кантовкасы жашыл түстөгү ичке сызык менен жасалат. Салык кызматынын органдарынын эмблемасы болгон жеңге тагылган белги (шеврон) ушул Сыпаттамада каралган учурларды кошпогондо, кийим формасынын бардык түрүнө тагылат жана сол жеңдин сырткы тарабына ортосуна, жеңдин жогорку чекитинен 8 см аралыкта жайгаштырылат. Шеврондун бийиктиги 9 см, туурасы 7 см. Камуфляждалган колго тагылган белги (шеврон) камуфляждалган түстөгү “марпат блю” кездемеден жасалат. Шеврондун жалпы контуру сүйрү, төмөнкү бөлүгүндө тегеректелген бурчтары менен тигинен узартылган, формасы калканга окшош. Шеврондун фону камуфляждалган “марпат блю” түстө. Төмөнкү бөлүгүндө салык кызматынын органдарынын символикасына окшош ак түстөгү бүркүт жайгашкан. Бүркүттүн үстүндө ак түстөгү “КЫРГЫЗСТАН САЛЫК КЫЗМАТЫ” деген жазуу бар. Бүркүттүн жогорку жагында окшош түстөгү геометриялык фигуралар коюлган: ортоңку бөлүгүндө үч ромб, эки капталында тегерек фигуралар. Көрсөтүлгөн элементтер бүркүттүн башынын үстүндө сүйрү композицияда жайгашкан. Кантовкасы жашыл түстөгү ичке сызык менен жасалат. Камуфляждалган колго тагылган белги (шеврон) камуфляждалган түстөгү формалык кийимге тагылат жана сол жеңдин сырткы тарабына, жеңдин жогорку чекитинен 8 см аралыкта жайгаштырылат. Шеврондун бийиктиги 9 см, туурасы 7 см. Параддык жеңге тагылган белги (шеврон) ак түстөгү кездемеден жасалат. Шеврондун жалпы контуру сүйрү, төмөнкү бөлүгүндө тегеректелген бурчтары менен тигинен узартылган, формасы калканга окшош. Шеврондун ортосунда салык кызматынын органдарынын символикасына окшош алтын түстүү бүркүт жайгашкан. Бүркүттүн үстүндө алтын түстөгү “КЫРГЫЗСТАН САЛЫК КЫЗМАТЫ” деген жазуу бар. Бүркүттүн башына алтын түстөгү геометриялык фигуралар коюлган: ортоңку бөлүгүндө үч ромб, эки капталында сүйрү композицияны түзгөн тегерек фигуралар. Шеврондун милтеси тышкы контуру боюнча алтын түстөгү жиптен жасалган. Шеврондун бийиктиги 9 см, туурасы 7 см. Боз жеңге тагылган белги (шеврон) ачык боз кездемеден жасалат. Шеврондун жалпы контуру сүйрү, тигинен узартылган, үстүнкү бурчтары тегеректелген жана төмөнкү бөлүгү учтуу, формасы калканга окшош. Шеврондун ортосунда салык кызматынын органдарынын символикасына окшош ак түстүү бүркүт жайгашкан. Бүркүттүн үстүндө ак түстөгү “КЫРГЫЗСТАН САЛЫК КЫЗМАТЫ” деген жазуу бар. Бүркүттүн башына ак түстөгү геометриялык фигуралар коюлган: ортоңку бөлүгүндө үч ромб, эки капталында сүйрү композицияны түзгөн тегерек фигуралар. Шеврондун милтеси тышкы контуру боюнча жашыл түстөгү жиптен жасалган. Шеврондун бийиктиги 9 см, туурасы 7 см. | |||
(Жеңге тагылуучу шеврон) | (Камуфляждалган шеврон) | (Боз шеврон) | (Параддык шеврон) |
Салык кызматынын 1, 2, 3-рангдагы кеңешчилеринин погондору ич жагы нооту менен кыюуланып, кочкул-көк түспөл волокадан даярдалат. Погондун талаачасында жашыл түстөгү эки жарык чагылдыргыч тилке болот. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 20 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 3 жылдызча бекитилет. Салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 20 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 2 жылдызча бекитилет. Салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 20 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 1 жылдызча бекитилет. Салык кызматынын 1, 2, 3-рангдагы инспекторлорунун погондору ич жагы нооту менен кыюуланып, кочкул-көк түспөл волокадан даярдалат. Погондун талаачасында көк-жашыл түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке болот. Салык кызматынын 1-рангдагы погондун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түспөл 4 жылдызча бекитилет. Салык кызматынын 2-рангдагы погондун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түспөл 3 жылдызча бекитилет. Салык кызматынын 3-рангдагы погондун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түспөл 2 жылдызча бекитилет. |
Ийинге тагылма погондор кителге, күрмөгө, пальтого, плащка, жайкы көйнөккө, жайкы (аялдардын) костюмга, булгаары күрмөгө, жазгы-күзгү күрмөгө, кышкы сырт күрмөгө, көйнөккө тагылат. Погон жумшагыраак, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет. Салык кызматынын мамлекеттик кеңешчилеринин погондору жогорку жагы кең бурчтуу жана төмөнкү негизи тегеректелген узартылган беш бурчтуу формада тигилме түрүндө жасалат. Погондор периметри боюнча жашыл түстөгү милте менен жана белгиленген үлгүдөгү рельефтүү тигилген оюму бар кочкул көк же ак түстөгү талаанын негизинде жасалат. Салык кызматынын мамлекеттик кеңешчилеринин погондору чечилме түрдө жасалат, үстүңкү бөлүгүнүн капталдары кыйгач кесилип, мүнөздүү беш бурчтуу форманы түзгөн тик бурчтуу формада болот. Погондор периметри боюнча жашыл түстөгү милте менен жана белгиленген үлгүдөгү рельефтүү тигилген оюму бар кочкул көк же ак түстөгү талаанын негизинде жасалат. Погондун узундугу 12–16 см, жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн погондун эни 4–5,5 см, ал эми 1-рангдагы салык кызматынын кеңешчисинен салык кызматынын кичи инспекторуна чейинкилер үчүн 5,5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы көк-жашыл нооту менен милтеленет, милтенин эни – 2,5 мм. Погондун түсү кочкул-көк, ал эми ак түстөгү көйнөккө – күмүш же ак түстө болот. Салык кызматынын 1, 2, 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчилеринин погондору өзгөчө өрүлгөн көк түспөл волокадан даярдалат, жарык чагылдыргыч тилкеси жок, ич жагы нооту менен кыюланат. Салык кызматынын 1-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинин погонунун талаачасына ар биринин диаметри 25 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 3 жылдызча тигилет. Салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметрлери 25 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 2 жылдызча тигилет. Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 25 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу бир жылдызча тигилет. |
32. Погондор Поло көйнөктөгү жана свитердеги погондор (фальшпогондор) кийимдин негизги кездемесинин түсүндө, тик бурчтуу формада, айырмалоочу элементтери жок даярдалат. Камуфляждалган погондор (фальшпогондор) камуфляждалган түстөгү (марпат блю) кийимдин негизги кездемесинин түсүндө, тик бурчтуу формада, айырмалоочу элементтери жок даярдалат. Погондордо (фальшпогондордо) диаметри 20 мм жана 13 мм болгон беш бурчтуу жылдызчалар жайгаштырылат: формалык кийимде – алтын түстө, поло көйнөктө жана свитерде – (марпат блю) коргоочу түстө. Погондордогу (фальшпогондордогу) жылдызчалардын саны атайын наамга ылайык келет. Фальшпогондордогу жылдызчалар тигилген болушу мүмкүн. Формалык кийимдеги, (марпат блю) коргоочу түстөгү кийимдеги жана поло көйнөктөгү погондун (фальшпогондун) узундугу 8,5–9,5 см түзөт. Туурасы 5–6 см. | |
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн параддык погондор белгиленген үлгүдөгү рельефтүү тигилген оюму бар алтын түстөгү волокадан жасалат. Погондор жашыл түстөгү милте менен милтеленет. Погондордо атайын наамга ылайык алтын түстөгү тигилген жылдызчалар жайгаштырылат. | |
Салык кызматынын кызматчыларынын погондорундагы жылдыздар аскер кызматчыларынын погондорундагы жылдыздардын жайгашуусуна окшош жайгаштырылат. Погондордо жогорку кең бурчунун жанына алтын түспөл томпок бүркүт белгиси орнотулат, бул белги салык кызматынын органдарынын символикасына окшош жакага бекитилген учурларды кошпогондо, мында жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдарга карата мындай чектөө колдонулбайт. Белги погондун бетине перпендикулярдуу абалда жайгаштырылат, мында эки ийиндеги погондордогу бүркүттөр бир тарапка – алдыга, кароо багыты боюнча багытталат. Алтын түспөл томпок бүркүт белгиси салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин милдеттүү элементи болуп саналат жана 15 х 15 мм өлчөмүндө даярдалат. Кителдин кайырма жакасындагы бүркүт белгиси 20 х 20 мм өлчөмүндө даярдалат. | |