Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 30-июнундагы № П-288 буйругу менен бекитилди) |
Салык кызматынын органдарынын формалык кийимин
жана айырмалоо белгилерин кийип жүрүү эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Күнүмдүк формалык кийимди кийүү эрежелери
3-глава. Кышкы формалык кийимди кийүү эрежелери
4-глава. Жайкы формалык кийимди кийүү эрежелери
5-глава. Баш кийимдер
6-глава. Бут кийим
7-глава. Ийинге тагылуучу погондор
8-глава. Атайын наамы жок кызматкерлердин формасы
9-глава. Атайын наамы жок кызматкерлердин форма кийүү эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер атайын наамдары бар салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарынын кийим кийүү, ошондой эле ыйгарылган атайын наамдарга ылайык айырмалоо белгилерин тагынуу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Салык кызматынын органдарында иштеген кызматкерлер аларга ыйгарылган атайын наамдарга ылайык салык кызматынын органынын формалык кийимин кийип жүрүүгө укуктуу.
3. Талаа шарттарында кызматтык иш жүргүзгөн кызматкерлер камуфляждалган түстөгү (марпат блю) формалык кийимди кийип жүрүүгө укуктуу.
4. Поло көйнөгү тибиндеги формалык кийимди жана свитерди талаа шарттарында кызматтык иш жүргүзгөн кызматкерлерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көчмө иш-чараларды жүргүзгөн жана кызматтык иш сапарларда жүргөн кызматкерлерге кийүүгө уруксат берилет. Башка учурларда көрсөтүлгөн формалык кийимди кийип жүрүүгө жетекчиликтин чечими менен жол берилет.
5. Кызматтык мезгилде кызматкерлер ыйгарылган атайын наамга ылайык алар үчүн белгиленген формалык кийимди кийип жүрүүгө милдеттүү.
Жетекчиликтин чечими менен адистештирилген бөлүктөрдүн кызматкерлери формалык кийим кийүүдөн бошотулуп, кызматтык милдеттерин аткарууга уруксат берилиши мүмкүн.
6. Кийим формасына тагылуучу предметтер жана айырмалоо белгилери белгиленген үлгүлөргө жана сыпаттамаларга толук ылайык келүүгө, ошондой эле кынтыксыз абалда болууга тийиш.
7. Төмөнкүлөрдү кийүүгө тыюу салынат:
– ушул Эрежелерде жана салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин расмий сыпаттамасында белгиленген талаптарды бузуу менен формалык кийимди, айырмалоо белгилерин, сыйлык тилкелерин жана тигиштерди;
– эскирген же жокко чыгарылган үлгүдөгү айырмалоо белгилерин, шеврондорду жана формалык кийимдин башка элементтерин;
– калыбынан кеткен жана булганган погондор менен өңү өчкөн жана үтүктөлбөгөн кийим формасын;
– өңү өчкөн жана булганган галстукту;
– үстү тытылган, согончогу эскирген же кончу оролгон, ошондой эле кир бут кийимдерди.
8. Салык кызматынын органынын кийим формасы күнүмдүк, жайкы жана кышкы, анын ичинде жазгы-күзгү форма болуп бөлүнөт.
9. Формалык кийимдин бардык элементтери, анын ичинде баш кийим, мээлей, моюн орогуч, сыйлык тилкелери, бут кийим жана погондор ушул Эрежелердин белгиленген үлгүлөрүнө жана көрсөтмөлөрүнө ылайык так колдонулууга тийиш.
2-глава. Күнүмдүк формалык кийимди кийүү эрежелери
10. Күнүмдүк формалык кийимге төмөнкүлөр кирет: шымы же юбкасы менен күнүмдүк китель, жазгы-күзгү күрмө, жазгы-күзгү булгаары күрмө, күрмө, плащ, аялдардын жайкы костюму, узун жана кыска жеңдүү көйнөк, галстук, галстук-бант, баш кийим (фуражка, кепка, пилотка, берет) жана поло көйнөгү.
11. Параддык кителди жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар гана киет.
12. Күнүмдүк китель бардык топчулары топчуланып кийилет.
13. Шым бийик такалуу бут кийимдер менен кийилет, бир аз түшүрүп кийүүгө уруксат берилет.
14. Аялдардын кители бардык топчулары сол жагына топчуланып кийилет. Юбканын этеги тизеден болушу керек.
15. Узун жеңдүү көйнөктөр манжеттери жана бели кошо бардык топчуларга топчуланып, погондору жана галстугу менен тагылат. Аялдар сол жагына жабылган көйнөк кийишет. Жайкы күнүмдүк форманы кийүүдө галстук менен узун жеңдүү көйнөктү кителсиз (костюмсуз) кийүүгө, ал эми имараттын ичинде – жылдын каалаган убагында кийүүгө уруксат берилет.
Кызматтык жайларда күнүмдүк форманы көйнөктүн үстүңкү топчусун чечип, галстуксуз жана кителсиз (костюмсуз) кийүүгө уруксат берилет.
16. Поло көйнөгү тыкан, таза жана үтүктөлгөн абалда сыртка чыгарылып, галстуксуз кийилет. Поло көйнөктүн жакасы түздөлгөн абалда болууга тийиш. Үч топчулуу поло көйнөк топчулары топчуланып кийилет, мында ысык аба ырайында үстүңкү топчусун чечүүгө уруксат берилет.
17. Пальто, китель, костюм, куртка жана көйнөктүн чөнтөк жапкычтары сыртка карай түздөлүшү керек.
18. Галстук жана галстук-бант ушул Эрежелерде каралгандан башка учурларда дайыма тагылат.
19. Эркектердин жазгы-күзгү булгаары күрмөсү сыдырмасы сыдырылып жана кнопкалары бекитилип же жакасынын жогорку чети ачык калтырылып кийилет. Күрмөнү чечилме мех жакасы менен же ансыз кийүүгө жол берилет. Күрмө негизинен жаанчыл жана нымдуу аба ырайында кийүүгө арналган, мында аны башка аба ырайынын шарттарында да кийүүгө жол берилет.
Чечилме погондор ийин тигиштериндеги ичке тарткычтарга орнотулуп, кнопкалар менен бекитилет. Погондорго атайын наамга ылайык белгиленген үлгүдөгү айырмалоо белгилери жайгаштырылат.
Жазгы-күзгү булгаары күрмөнү салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси жана андан жогору атайын наамы бар адамдар киет.
Күрмө ушул Эрежелерде белгиленген формалык шым, көйнөк жана формалык кийимдин башка предметтери менен кийилет.
20. Эркектердин жазгы-күзгү күрмөсү сыдырмасы сыдырылып жана кнопкалары бекитилип, аба ырайына жараша жакасы кайрылган же көтөрүлгөн абалда кийилет. Күрмөнүн үстүңкү кнопкасын ачып кийүүгө жол берилет.
Күрмөгө белгиленген үлгүдөгү айырмалоо белгилери бар чечилме же тигилме погондор тагылат. Күрмө ушул Эрежелерде белгиленген длк шым жана формалык кийимдин башка предметтери менен кийилет.
21. Эркектердин плащы аба ырайынын шарттарына жараша бардык топчулары топчуланып же үстүңкү бөлүгү гана бекитилип кийилет. Шамалдуу жана жаанчыл аба ырайында жакасын кайрып же көтөрүп кийүүгө жол берилет.
Плащ ушул Эрежелерде белгиленген формалык кийим менен кийилет. Ийиндерине белгиленген үлгүдөгү погондор тагылат.
3-глава. Кышкы формалык кийимди кийүү эрежелери
22. Кышкы формалык кийимге төмөнкүлөр кирет: кышкы пальто, эркектердин кышкы күрмөсү, кышкы (камуфляждалган) костюм, свитер, мээлей, моюн орогуч, баш кийим (кулакчындуу тумак, бапак, кышкы (камуфляждалган) кепкалар).
23. Кышкы пальто бардык топчулары топчуланып кийилет. Жерден пальтонун этегине чейинки аралык: эркектердики – 40 см, аялдардыкы – 38–42 см.
24. Эркектердин кышкы күрмөсү бардык кнопкалары бекитилип, кокетканын деңгээлине чейин сыдырмасы сыдырылып кийилет; суук мезгилде үстүнө чейин топчулоого уруксат берилет.
25. Свитер кара түстөгү, жазуусу жана сүрөтү жок бир өңчөй футболканын үстүнөн кийилет. Свитер тыкан, бырышсыз жана түз абалда болушу керек. Свитердин жеңдери толук түшүрүлүп, аларды түрүүгө же кайрып коюуга жол берилбейт.
26. Кышкы (камуфляждалган) костюм белгиленген үлгүдөгү күрмө жана шым менен комплект түрүндө кийилет. Күрмө боору борттук жашыруун сыдырма менен бекитилип, үстүңкү бир топчусу чечилип кийилет, суук жана шамалдуу аба ырайында күрмөнү толук топчулоого уруксат берилет. Мех жака тыкан түздөлгөн абалда болууга тийиш. Чечилме капюшон зарыл болгон учурда баш кийимдин үстүнөн кийилет же артка ташталган абалда болот. Күрмө жеңдери түшүрүлүп жана түздөлүп кийилет. Шым кызматтык милдеттерди аткаруунун шарттарына жараша белгиленген бут кийимдин сыртынан же анын ичине киргизилип кийилет. Костюмдун бардык предметтери таза, жарактуу жана тыкан абалда болушу керек.
27. Моюн орогуч пальтонун, плащтын, күрмөнүн же жазгы-күзгү күрмөнүн жакасынын астына тыкан салынат. Моюн орогучтун үстүңкү чети жакадан 1-2 см тегиз чыгып турушу керек.
28. Кышкы формалык кийимге мээлей кирет.
4-глава. Жайкы формалык кийимди кийүү эрежелери
29. Жайкы формалык кийимге төмөнкүлөр кирет: жайкы боз китель, жайкы (камуфляждалган) костюм, аялдардын жайкы костюму, жайкы көйнөк, кыска жеңдүү көйнөк, поло көйнөк, баш кийим (фуражка, кепка, пилотка, берет).
30. Жайкы (камуфляждалган) костюм белгиленген үлгүдөгү күрмө жана шым менен комплект түрүндө кийилет. Күрмө боору борттук жашыруун сыдырма менен бекитилип, үстүңкү бир топчусу чечилип кийилет. Ысык аба ырайында үстүңкү топчусун чечип кийүүгө уруксат берилет. Күрмө жеңдери түшүрүлүп жана тыкан түздөлүп кийилет. Шым кызматтык милдеттерди аткаруунун шарттарына жараша белгиленген бут кийимдин сыртынан же анын ичине киргизилип кийилет. Костюмдун бардык предметтери таза, жарактуу жана тыкан абалда болушу керек.
31. Шымы менен аялдардын жайкы костюму ошол эле эрежелер боюнча кийилет.
32. Жайкы боз китель күнүмдүк кителдин эрежеси менен кийилет.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн рельефтүү тигилген оюму бар алтын түстүү волокадан погондор каралган.
33. Параддык китель расмий, салтанаттуу, өкүлчүлүк жана башка протоколдук иш-чараларды өткөрүүдө, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын жогорку жетекчилигинин чечими менен башка учурларда да кийилиши мүмкүн.
34. Кыска жеңдүү көйнөк бардык топчулары топчуланып кийилет. Үстүңкү топчусун чечип, галстугу жок кийүүгө уруксат берилет.
35. Поло көйнөк бардык топчулары топчуланып кийилет.
Үстүңкү топчусун чечип кийүүгө уруксат берилет.
36. Жайкы көйнөк бардык топчулары топчуланып кийилет. Алды жагында бүктөмөсү бар, белине кур тагылат.
5-глава. Баш кийимдер
37. Баш кийимге төмөнкүлөр кирет: фуражка, кепка, пилотка, берет, кулакчындуу тумак, бапак.
38. Кулакчындуу тумак, бапак, фуражка жана кепка түз кийилет, пилотка жана берет – бир аз оңго кыйшайып кийилет. Фуражканын жана кепканын маңдай кыры каштын деңгээлинде, кулакчындуу тумактын жана бапактын төмөнкү кыры каштын бийиктигинен 2–4 см жогору.
39. Бапакты жогорку курамдагы класстык чендери жана салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси бар эркектер киет.
40. Тиешелүү наамдары бар аялдар боз түстөгү накта каракүлдөн жасалган берет кийишет.
41. Кулакчыны түшүрүлгөн кулакчындуу тумакты төмөн температурада кийүүгө уруксат берилет; өрүмдүн учтары ээктин астына байланат, кулакчын көтөрүлгөндө кулаккаптын астына киргизилет.
42. Улук курамдын адамдарынын фуражкалары алтын түстүү саймалуу, калгандары алтын түстүү кокарда менен кийилет.
6-глава. Бут кийим
43. Бут кийим иштиктүү стилге ылайык келип, катуу, жабык, жылмакай териден же ушул сыяктуу материалдардан жасалышы керек.
44. Классикалык таманы менен кара же кочкул күрөң түстөгү, декоративдик элементтери жок бут кийимдерге уруксат берилет.
45. Эркектер үчүн – үстү жабык же боосу жок, такасы жапыз же такасы жок бут кийим.
46. Аялдар үчүн – жабык типтеги, классикалык же моделдик, 5 см жогору эмес такасы туруктуу бут кийим.
47. Жылдын суук мезгилинде жылууланып ичтелген кара булгаары өтүк кийүүгө уруксат берилет: эркектер – кончу кыска, аялдар – кончу узун. Бут кийимдин конструкциясында “сыдырма” бекиткич каралышы мүмкүн.
7-глава. Ийинге тагылуучу погондор
48. Погондор кителге, күрмөгө, пальтого, булгаары күрмөгө, жазгы-күзгү күрмөгө, плащка, кышкы күрмөгө, жайкы көйнөккө, жайкы костюмга жана сырт көйнөккө тагылат.
49. Фальшпогондор (жайкы) камуфляждалган костюмга, (кышкы) камуфляждалган костюмга, свитерге жана поло көйнөккө тагылат.
Камуфляждалган түстөгү костюмдарга белгиленген үлгүдөгү камуфляждалган түстөгү фальшпогондор тагылат, мында свитерге жана поло көйнөккө тиешелүү формалык кийимдин түсүнө ылайык келген фальшпогондор тагылат.
50. Тигилме погондор кителге: чечилме погондор – жазгы-күзгү булгаары күрмөгө, пальтого, плащка, жазгы-күзгү күрмөгө, кышкы күрмөгө, костюмга, көйнөккө, күрмөгө жана көйнөккө тагылат.
51. Погондордогу жылдызчалар аскер кызматчылардыкына окшош жайгаштырылат.
52. Жогорку наамдагы адамдар үчүн погондордо форманын расмий сыпаттамасына ылайык кошумча декоративдик элементтер болушу мүмкүн.
53. Параддык жеңге тагылган белги (шеврон) параддык формалык кителге тагылат.
54. Боз түстөгү жеңге тагылган белги (шеврон) ачык боз түстөгү формалык кителге тагылат. Бул шевронду башка түстөгү формалык кийим менен колдонууга жол берилбейт.
8-глава. Атайын наамы жок кызматкерлердин формасы
55. Салык кызматынын органдарында иштеген жана атайын наамы жок кызматкерлер классикалык кеңсе кийимин кийүүгө милдеттүү.
56. Классикалык кеңсе кийимине төмөнкүлөр кирет:
– эркектер үчүн: көк, кочкул же кара түстөгү 1-4 топчулуу бир түстүү костюм шым же жакети менен; ак, ачык же көгүш түстөгү, узун жана кыска жеңдүү көйнөктөр; галстук; классикалык бут кийим.
– аялдар үчүн: көк, кочкул же кара бир түстөгү юбка костюм, эки же үч бөлүктөн турган костюм; ак, ачык же көк-көгүш түстөгү узун жана кыска жеңдүү көйнөктөр же блузкалар; классикалык бут кийим.
9-глава. Атайын наамы жок кызматкерлердин форма кийүү
эрежелери
57. Эркектердин бир топчулуу костюм шымы жалгыз топчуга топчуланып кийилет.
58. Эркектердин эки же андан көп топчулуу костюм шымы бардык топчуга же үстүңкү топчуга топчуланып кийилет.
59. Эркектердин жилети бар костюм шымы ушундай эле эрежеде кийилет; жилет топчуланган болсо, костюмдун топчуларын топчулабай коюуга уруксат берилет.
60. Аялдардын эки жана үч бөлүктүү костюмдары эркектердики сыяктуу эле эрежеде кийилет. Юбкасы түз болушу керек. Юбканын этеги тизеден жогору болбошу керек.
61. Узун жеңдүү көйнөктөр бардык топчулары топчуланып кийилет. Көйнөктүн жакасы арт жагынан костюмдун жакасынын жогорку чети менен бирдей деңгээлде болушу керек же анын үстүнөн 0,5 см ашпашы керек.
Узун жеңдүү көйнөктү төмөнкүдөй кийүүгө уруксат берилет:
– абанын температурасы жогору болгон учурда, ал эми имараттын ичинде жылдын каалаган убагында костюмсуз, галстук менен;
– абанын температурасы жогору болгон учурда, ал эми имараттын ичинде жылдын каалаган убагында костюмсуз, жилет менен же ансыз, галстук менен;
– кызматтык жайларда үстүңкү топчусун чечип, галстуксуз жана костюмсуз жүрүүгө болот.
62. Жай мезгилинде кыска жеңдүү көйнөк кийүүгө уруксат берилет. Кыска жеңдүү көйнөктү төмөнкүдөй кийүүгө болот:
– абанын температурасы жогору болгон учурда, ал эми имараттын ичинде жылдын каалаган убагында костюмсуз, галстук менен;
– абанын температурасы жогору болгон учурда, ал эми имараттын ичинде жылдын каалаган убагында костюмсуз, жилет менен же ансыз, галстук менен;
– кызматтык жайларда үстүңкү топчусун чечип, галстуксуз жана костюмсуз жүрүүгө болот.
63 Аялдар сол жакты көздөй жабылган көйнөк жана блузка кийишет.
64. Костюмдардын, көйнөктөрдүн жана блузкалардын чөнтөктөрүнүн жапкычтары, эгерде бар болсо, сыртка түздөлүшү керек.
65. Бут кийим кара, кочкул же кочкул күрөң түстө болушу керек; Эркектер үчүн үстү жабык, боолуу же боосу жок бут кийим; аялдар үчүн жабык типтеги, такасы туруктуу, 5 см чейинки бийиктиктеги бут кийим, башы жана согончогу жабык болушу шарт.