Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 2-июлу № 101
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-берененин 2-бөлүгүндө "абоненттердин жана (же) абоненттик" деген сөздөр "пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 220-берененин 3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) пайдалануучулардын жана пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар жөнүндө же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу;
4) компьютерден, серверден жана башка түзүлмөлөрдөн, ошондой эле телекоммуникациялык тарамдардан маалыматты алуу;";
3) 231-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Пайдалануучулардын жана пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар жөнүндө жана (же) пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды алуу";
б) 1-бөлүктө "абоненттер (абоненттик түзүлүштөр менен)" деген сөздөр "пайдалануучулардын (пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүктө "абоненттер", "абоненттердин" жана "абоненттерди" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "пайдалануучулардын", "пайдалануучулардын" жана "пайдалануучуларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктө "абоненттин" деген сөз "пайдалануучулук түзүлмөнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 5-бөлүктө "абоненттер менен абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы туташуулар жөнүндө жана (же) абоненттин турган жери жөнүндө" деген сөздөр "пайдалануучулардын жана пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар жөнүндө жана (же) пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 232-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Компьютерлерден, серверлерден жана башка түзүлмөлөрдөн, ошондой эле телекоммуникациялык тарамдардан маалыматты алуу";
б) 1-бөлүктө ", электр байланыш тармактарынан жана маалыматты жыйноо, иштетүү, топтоо жана сактоо үчүн арналган башка түзүлүштөрдөн" деген сөздөр "жана маалыматты жыйноо, иштетүү, топтоо жана сактоо үчүн арналган башка түзүлмөлөрдөн, ошондой эле телекоммуникациялык тарамдардан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Телекоммуникациялык тарамдардан, компьютерлерден, серверлерден жана башка түзүлмөлөрдөн маалыматтарды конспиративдик алуунун натыйжалары тиешелүү материалдык алып жүрүүчүдө белгиленет, ал таңгакталат, мөөр басып чапталат жана атайын тергөө аракетин жүргүзгөндүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.".
2-берене.
"Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 1-июлу, № 48) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 5-пунктта "байланыш тармактарында (каналдарында)" деген сөздөр "телекоммуникациялык тарамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө - телекоммуникациялык тарамдарда, анын ичинде Интернет тармагында атайын техникалык каражаттардын жардамы менен укукка каршы иштин белгилерин, ошондой эле издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо боюнча конспиративдүү аракеттер";
в) 11-пунктта "электр байланыш тармактарынан" жана "компьютердик" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "телекоммуникациялык тарамдардан" жана "санарип технологиялык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 12-пунктта "электрондук" деген сөз "санариптик" деген сөзгө алмаштырылсын;
д) 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу - телекоммуникациялык сервистин пайдалануучусунун кириш жана чыгыш чалуулары (туташуулары) жөнүндө маалыматты, ошондой эле телекоммуникациялардын операторлорунан башка маалыматтарды алып коюу;";
е) 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20) компьютерлерден, серверлерден жана башка түзүлмөлөрдөн, ошондой эле телекоммуникациялык тарамдардан маалыматтарды алуу - ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин чечүүгө өбөлгө түзүүчү маалыматты санарип дайындарын чогултууга, иштеп чыгууга, топтоого же сактоого багытталган телекоммуникациялык тарамдардан, компьютерлерден, серверлерден жана башка түзүлмөлөрдөн конспиративдүү алуу;";
2) 7-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө;";
- 9-пунктта "электрондук" деген сөз "санариптик" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө:
- 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматты алуу;
4) компьютерлерден, серверлерден, телекоммуникациялык тарамдардан, ошондой эле башка түзүлмөлөрдөн маалыматтарды алуу;";
- 5-пунктта "видео контролдоо" деген сөздөр "аудио-, видеоконтролдоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө санарип технологиялык тутумдар, видео жана аудио жазуулар, кино жана фото тартуулар, ошондой эле инсандын өмүрүнө жана ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген башка техникалык каражаттар пайдаланылат. Маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүү жана анын чегинен тышкары ташып чыгуу, ошондой эле иштеп чыгуу, өндүрүү, сертификаттоо, эсепке алуу, эсептен чыгаруу, сатуу, сатып алуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат. Улуттук коопсуздук органдары маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды борборлоштурулган эсепке алуунун жүргүзүлүшүн камсыз кылат. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруу процессинде маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
г) 5-бөлүктө "сертификациялоонун" деген сөз "сертификаттоонун, эсепке алуунун, эсептен чыгаруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 6 жана 7-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар тарабынан милдеттерди ишке ашыруу кызыкчылыгында телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан ыкчам-иликтөө иш-чаралары техникалык жактан улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
Телекоммуникациялык тарамдарда атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө арналган санарип технологиялык тутумдардын, санарип ресурстарынын жана атайын техникалык каражаттардын ээси болуп улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
7. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө телекоммуникациялардын операторлору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сервистерди пайдалануучулар жөнүндө маалыматты берүүгө;
2) өзүнүн телекоммуникациялык тарамдарында атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга;
3) өзүнүн дайындар базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жеткиликтүүлүктү берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка көмөк көрсөтүүгө.";
е) төмөнкүдөй мазмундагы 8-12-бөлүктөр менен толукталсын:
"8. Телекоммуникациялардын операторлору телекоммуникациялык тарамдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген, төмөнкүлөрдү камтыган талаптардын ишке ашырылышын камсыз кылат:
1) телекоммуникациялык тарамдарда атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүнүн тартибин;
2) телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын камсыз кылууга карата техникалык талаптарды;
3) телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн дайындарды берүү түйүндөрүнө карата талаптарды.
9. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү тактикасы мамлекеттик сырларды түзөт. Атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуучу телекоммуникациялардын операторлору жана башка адамдар аталган иш-чараларды жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана тактикалык ыкмаларын ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
10. Телекоммуникациялардын операторлорунун телекоммуникациялык тарамдарда атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон санариптик технологиялык тутумдар, санарип ресурстары жана атайын техникалык каражаттар менен камсыз кылууга байланышкан чыгымдары телекоммуникациялардын операторлорунун каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.
11. Өзгөчө абал режими киргизилген шартта же массалык башаламандыктар, куралдуу чыр-чатактар мезгилинде конкреттүү мобилдик түзүлмөгө карата телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде убактылуу токтотулуп турушу мүмкүн. Мындай мобилдик түзүлмөгө телекоммуникациялык сервистерди берүүнү кайра улантуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин же телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүүнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде уруксат берилет.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы жана ташылып келген мобилдик түзүлмөлөрдүн бардык эл аралык идентификаторлору мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү түрдө идентификацияланууга тийиш.";
3) 11-берененин 1-бөлүгүндө "маалымат тутумдарын" деген сөздөр "санариптик технологиялык тутумдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 14-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "маалыматтык тутумдарды" деген сөздөр "санариптик технологиялык тутумдарды, санарип ресурстарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 16-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "байланыш кызматын" деген сөздөр "телекоммуникациялык сервистерди" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60-61) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 8-пунктта "электрондук-маалымат" деген сөздөр "санарип" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 11-пунктта "байланыш тарамдарынан" жана "байланыш тарамдары" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "телекоммуникациялык тарамдарда" жана "телекоммуникациялык тарамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 16-пунктта "байланышууга" деген сөз "телекоммуникацияларга" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу - телекоммуникациялык сервистерди пайдалануучулардын кириш жана чыгыш чалуулары (туташуулары) жөнүндө маалыматты, ошондой эле телекоммуникациялардын операторлорунан башка маалыматтарды алып коюу;";
д) 22-пунктта "байланыш тарамдарында жана каналдарында" деген сөздөр "телекоммуникациялык тарамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23) телекоммуникациялык тарамдардан маалыматты алуу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн кандай болбосун телекоммуникациялык тарамдар боюнча берилүүчү сигналдардын ар кандай түрлөрүн техникалык каражаттардын жардамы менен алуу, кайра өзгөртүү жана жазып белгилөө;";
ж) төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын:
"25) объекттерди санариптик таануу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү максатында учурдагы дайындар базасынын негизинде адамды автоматтык түрдө идентификациялоого же верификациялоого, транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин таанууга жөндөмдүү болгон атайын программалык камсыздоонун жардамы менен жүргүзүлүүчү иш-чара.";
2) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"71) объекттерди санариптик таануу;";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу;";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) телекоммуникациялык тарамдардан маалыматтарды алуу;";
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө;";
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, берүү, сактоо жана телекоммуникациялар үчүн арналган түзүлмөлөрдөн маалыматтарды ыкчам алуу;";
б) 2-бөлүктө "маалымат тутумдары" деген сөздөр "санариптик технологиялык тутумдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүк "сертификаттоо," деген сөздөн кийин "эсепке алуу, эсептен чыгаруу," деген сөздөр менен толукталсын;
г) 4-бөлүктө "Байланыш тарамдарын" деген сөздөр "Телекоммуникациялык тарамдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 5-8-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө телекоммуникациялардын операторлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сервистерди пайдалануучулар жөнүндө маалыматты берүүгө;
2) өздөрүнүн телекоммуникациялык тарамдарында атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга;
3) өздөрүнүн дайындар базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жеткиликтүүлүктү берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка көмөк көрсөтүүгө.
6. Телекоммуникациялардын операторлорунун контрчалгындоо ишин жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
7. Өзгөчө абал режими киргизилген шартта же куралдуу чыр-чатак мезгилинде конкреттүү мобилдик түзүлмөгө карата телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде убактылуу токтотулуп турушу мүмкүн. Мындай мобилдик түзүлмөгө телекоммуникациялык сервистерди берүүнү кайра улантуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин же телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүүнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде уруксат берилет.
8. Контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуучу телекоммуникациялардын операторлору жана башка адамдар аталган иш-чараларды жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана тактикалык ыкмаларын ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.";
3) 10-берененин 6-пунктунда "байланыш тарамдарын" деген сөздөр "телекоммуникациялык тарамдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 11-берененин 1-бөлүгүндө "почта, телеграфтык, электрондук жана электр тарамдары жана почта байланышы боюнча берилүүчү башка билдирүүлөрдүн" деген сөздөр "телекоммуникациялык сервистин жана почта байланышынын жардамы менен берилүүчү билдирүүлөрдүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 131-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 4-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |