Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-июну № 443
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жободо:
- 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 17-1, 17-2-пунктчалар менен толукталсын:
"17-1) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат;
17-2) ведомстволук бөлүмдөрдүн, алардын аймактык башкармалыктарынын, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын, анын ичинде кызматтык маянага эселөө коэффициенттерин, жалданма кызматкерлердин жасаган ишине эмгек акы төлөөнүн пайыздык ставкаларынын өлчөмдөрүн жана өзүн каржылоо принциптеринде иштеген сыйлыктарды жана башка дем берүүчү төлөмдөрдү төлөө тартибин белгилейт;";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 27-пунктча менен толукталсын:
"27) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.";
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 26-пунктча менен толукталсын:
"26) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.";
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору жөнүндө жободо:
- 13, 14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Директордун орун басарлары болот, алар Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Директор жок болгон учурда, анын милдеттерин директордун орун басарларынын бири тиешелүү буйруктун негизинде аткарат.";
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 26-пунктча менен толукталсын:
"26) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.";
5) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 16-пункттун 28-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын же келишимдик милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн лицензиялардын жана сертификаттардын колдонулушун убактылуу токтото туруу же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштар менен башкаруу органынын лицензиялоо жана сертификациялоо органдарына материалдарды жөнөтөт;";
- 29-пункттун 5, 6, 7, 9, 10-пунктчаларында түрдүү жөндөмөлөрдөгү "орун басар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "орун басарлар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 37-41-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. Директор жүктөлгөн функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо үчүн, ошондой эле коррупцияга каршы иш-чаралардын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
38. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган, алар мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
39. Директордун орун басарлары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, директор менен директордун орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык ага жүктөлгөн бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Ишкананын ишин жетектөөнү жүзөгө ашырат.
40. Директор жок учурда Ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу директордун тиешелүү буйругунун негизинде директордун орун басарларынын бирине өткөрүп берилет.
41. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат орун ээленген учурга чейин анын милдеттери мамлекеттик башкаруучу органдын чечимине ылайык директордун орун басарларынын бири тарабынан жүзөгө ашырылат.";
6) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти жөнүндө жободо:
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 27-пунктча менен толукталсын:
"27) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.";
7) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти жөнүндө жободо:
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 27-пунктча менен толукталсын:
"27) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.";
8) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун уставында:
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 27-пунктча менен толукталсын:
"27) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти жөнүндө жободо:
14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 27-пунктча менен толукталсын:
"27) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |