Редакцияот 16.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 16-июну № 214

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары

менен сыйлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүн өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасын Европа бирлигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча маселени чечүүгө кошкон олуттуу салымы жана авиациялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн сыйлансын:

 

III даражадагы «Манас» ордени менен:

 

Бостонов Данияр Куватбекович

 

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору;

 

Самидинов Манасбек

Самидинович

–

«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы;

 

«Даңк» ордени менен

 

Искендербекова Кундуз Искендербековна

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн реалдуу секторунун башкы эксперти.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров