Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 16-июну № 212
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31¹-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында 2026-жылдын 1-июлунан тартып 2027-жылдын 30-июнуна чейин коомдук мамилелерди убактылуу укуктук жөнгө салуу (мындан ары – коомдук мамилелерди убактылуу укуктук жөнгө салуу) киргизилсин.
2. Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Коомдук мамилелерди убактылуу укуктук жөнгө салуу колдонулган убакта энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду даярдоо, өз ара аракеттенүү жана коштоо Убактылуу жобого ылайык жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар коомдук мамилелерди убактылуу укуктук жөнгө салуу колдонулган мезгилде Убактылуу жобого ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлор боюнча документтерди ыкчам кароону камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду менен биргеликте белгиленген тартипте:
1) 2027-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө коомдук мамилелерди убактылуу укуктук жөнгө салуунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн;
2) мониторингдин жыйынтыгы боюнча 2027-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча сунуштар менен коомдук мамилелерди убактылуу укуктук жөнгө салуунун натыйжалары жөнүндө корутундуну даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;
3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |