Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 109
Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициентин бекитүү жөнүндө
«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши, токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти экономикалык шарттардын жана Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүн күтүүнүн наркынын өзгөрүшүн эске алуу менен, үч жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга тийиш экендиги;
Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициентинин өлчөмүн өзгөртүү тиешелүү өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылбай тургандыгы белгиленсин. Коэффициенттин өлчөмү өзгөргөнгө чейин түзүлгөн көмүү жайларын брондоо келишимдери боюнча келишим түзүлгөн датага карата колдонулган коэффициенттин өлчөмү колдонулат.
3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 7-июлундагы https://www.gorkenesh.kg/ru/the-rulings-of-the-bgk-mob/29-sozyv/6564-109-ob-utverzhdenii-koeffitsienta-dopolnitelnykh-uslug-po-bronirovaniyu-mest-zakhoroneniya-na-munitsipalnykh-kladbishchakh-goroda-bishkek.html расмий сайтында жарыяланды
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| Б. Усеналиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 109 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти
Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти (мындан ары - кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибинин 2-главасынын 6-пунктуна ылайык эсептелген.
Кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициентин эсептөөдө көмүү жайларын көрктөндүрүү, тосмолорду алуу жана орнотуу, аймакты күтүү жана санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана бак-дарактарга кам көрүү, суу менен камсыздоо, транспорттук чыгымдар, ошондой эле көрүстөндөрдүн аймагынын тийиштүү санитардык абалын камсыздоо менен байланышкан чыгымдар эске алынган.
1 брондолгон участокко карата негизги маалыматтар:
участоктун аянты - 10 чарчы метр;
күтүү мезгилин эсептөө - 10 жыл;
санитардык тазалоо жана күтүү - бир жылда 12 жолу;
санитардык күтүүгө жана чарбалык керектөөлөргө карата техникалык суунун орточо айлык чыгымы - 20 м3;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр - 17,25%;
рентабелдүүлүк - 10%.
Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү
жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн
коэффициентин эсептөө таблицасы
№ | Чыгымдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Бирдик үчүн баа (сом) | Сумма (сом) |
| 1. Брондолгон бир участокко карата чыгымдар (бир жолку кызмат көрсөтүү) | ||||
1.1. | Тосмону алуу жана орнотуу боюнча жумушчулардын орточо эмгек акысы | сом | 3 | 1 570 | 4 710 |
1.2. | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр | % | 17,25 |
| 812 |
| Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү эске алуу менен орточо эмгек акынын жыйынтыгы |
|
|
| 5 522 |
1.3. | Материалдар, анын ичинде: |
|
|
| 17 200 |
1.3.1. | Цемент | кг | 50 | 12 | 600 |
1.3.2. | Инерттик материалдар (кум, шагыл, майда таш) | кг | 200 | 3 | 600 |
1.3.3. | Тосмо (даяр материал) | даана | 1 | 16 000 | 16 000 |
1.4. | Күйүүчү-майлоочу материалдарга чыгымдар (дизелдик отун) | л | 10 | 100 | 1 000 |
| Түз чыгымдардын жыйынтыгы (бир жолку кызмат көрсөтүү) |
|
|
| 23 722 |
| 2. 10 жылга брондолгон бир участокту күтүү боюнча чыгымдар | ||||
2.1. | Брондолгон бир участокту санитардык тазалоо жана күтүү | 10 жыл | 1 | 12 240 | 12 240 |
2.2. | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр | % | 17,25 |
| 2 111 |
2.3. | Санитардык күтүүгө жана чарбалык керектөөлөргө карата техникалык суунун орточо айлык чыгымы | 10 жыл | 1 | 360 | 360 |
| Брондолгон бир участокту күтүү боюнча түз чыгымдардын жыйынтыгы | 10 жыл |
|
| 14 711 |
| 3. 10 жылга кошумча чыгымдар | ||||
3.1. | Көмүү жайларын брондоо боюнча иш-аракеттерди административдик коштоого карата чыгымдар | 10 жыл | 1 | 2 160 | 2 160 |
3.2. | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр | % | 17,25 | 372 | 372 |
| Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү эске алуу менен иш-аракеттерди административдик коштоого карата чыгымдардын жыйынтыгы |
|
|
| 2 532 |
3.3. | Чарбалык материалдар (мээлейлер, чакалар, күрөктөр, шаймандар ж.б.) | 10 жыл | 1 | 4 000 | 4 000 |
3.4. | Электр энергиясы боюнча коммуналдык чыгымдар | 10 жыл | 1 | 1 078 | 1 078 |
| Кошумча чыгымдардын жыйынтыгы | 10 жыл |
|
| 7 610 |
| Бардык чыгымдар |
|
|
| 46 043 |
| Рентабелдүүлүк (10%) |
|
|
| 4 604 |
| Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти |
|
|
| 50 647 |
Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициентин эсептөөнүн чечмелениши
1.1. Тосмону демонтаждоого жана орнотууга карата жумушчулардын орточо эмгек акысы (бир жолку кызмат көрсөтүү):
жумушчулардын (жыгач уста, ширетүүчү, жумушчу) орточо айлык эмгек акысы – 34 548 сом;
жумуш күндөрүнүн орточо айлык саны – 22 күн;
жумушчулардын саны – 3 адам.
Бир күндө бир жумушчуга тосмону алуу жана орнотуу үчүн орточо эмгек акы: 34 548 / 22 = 1 570 сом.
2.1. 10 жылга брондолгон бир участокту санитардык тазалоо жана күтүү:
көрүстөндүн аймагын санитардык тазалоого жана күтүүгө карата жумушчунун орточо айлык эмгек акысы - 35 693 сом;
көрүстөндүн тейленүүчү секторунун орточо эсептик аянты - 3 500 чарчы метр;
бир көмүү жайдын аянты - 10 чарчы метр.
Бир участокту күтүүгө карата чыгымдардын эсеби:
35 693 сом / 3 500 чарчы метр × 10 чарчы метр = бир айга 102 сом;
102 × 12 ай × 10 жыл = 12 240 сом.
2.2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр:
12 240 х 17,25% = 2 111 сом.
Жыйынтыгы: 12 240 + 2 111 + 360 = 14 711 сом.
2.3. Санитардык күтүүгө жана чарбалык керектөөлөргө карата техникалык суунун орточо айлык чыгымы:
Көрүстөндүн аймагын тейлөө жана чарбалык керектөөлөр үчүн техникалык суу төмөнкүдөй керектелет:
техникалык суунун орточо айлык чыгымы 20 м3 түзөт;
техникалык сууга карата тариф 1 м3 суу үчүн 0,15 сомду түзөт.
Техникалык суунун 10 жылга карата чыгымынын эсеби:
20 м3 х 0,15 сом х 12 ай х 10 жыл = 360 сом.
3. 10 жылга кошумча чыгымдар.
3.1. Көмүү жайларын брондоо боюнча иш-аракеттерди административдик коштоого карата чыгымдар (10 жылга):
административдик-башкаруу персоналынын (директор, башкы экономист, ритуалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн адиси) орточо айлык эмгек акысы 63 090 сомду түзөт;
жылдык эмгек акы фонду: 63 090 × 12 = 757 080 сом.
Кошумча чыгымдарды эсептөөдө көмүү жайларын брондоо боюнча иш-аракеттерди коштоону жана келишимдерди эске алуу менен, көмүү жайларын брондоону уюштурууга жана документтерди жүргүзүүгө байланышкан административдик чыгымдар эске алынды.
Көмүү жайларын брондоо боюнча иш-аракеттерди административдик коштоого карата чыгымдар административдик-башкаруу персоналынын жылдык эмгек акы фондусунан 10% өлчөмүндө кабыл алынды:
757 080 × 10% = 75 708 сом.
Аянты 10 чарчы метр бир участокко карата чыгымдарды эсептөө көрүстөндүн тейленүүчү секторунун орточо эсептелген 3 500 чарчы метр аянтына пропорционалдуу түрдө жүргүзүлөт:
75 708 / 3 500 чарчы метр × 10 чарчы метр = бир жылга 216 сом;
10 жылга: 216 × 10 = 2 160 сом.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр (17,25%): 2 160 × 17,25% = 372 сом.
Жыйынтыгы: 2 160 + 372 = 2 532 сом.
3.3. Чарбалык материалдар (мээлейлер, чакалар, күрөктөр, балкалар, зым жана башкалар):
бир жылга 400 сом × 10 жыл = 4 000 сом.
3.4. Электр энергиясы боюнча коммуналдык чыгымдар:
бир көрүстөнгө электр энергиясынын чыгымы бир айга 680 кВт⋅саатты түзөт;
электр энергиясына тариф 1 кВт⋅саатына 4,62 сомду түзөт,
680 × 4,62 = бир айга 3 141,60 сом.
Аянты 10 чарчы метр бир участокко карата чыгымдардын эсеби көрүстөндүн тейленүүчү секторунун орточо эсептелген 3 500 чарчы метр аянтына пропорционалдуу түрдө жүргүзүлөт:
3 141,60 сом / 3 500 чарчы метр × 10 чарчы метр = айына 8,98 сом;
8,98 × 12 ай × 10 жыл = 1 078 сом.
10 жылдык мөөнөткө брондолгон бир участокко карата электр энергиясы боюнча чыгымдардын жыйынтыгы 1 078 сомду түзөт.
Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти 50 647 (элүү миң алты жүз кырк жети) сомду түзөт.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И. Аденов |