Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 15-июну № 211
Кыргыз Республикасынын Президентинин
административдик имараттардын комплексин жана медициналык шаарчаны куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Административдик имараттардын комплексин жана медициналык шаарчаны куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 347 «Административдик имараттарды жана курулмаларды ээликтен ажыратуунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттерине кирген административдик имараттар жана курулмалар инвестицияларды тартууну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын алкагында жер мыйзамдарында чет өлкөлүк жактарга карата белгиленген чектөөлөр менен көрсөтүлгөн имараттарды, курулмаларды жана аларга бекитилип берилген жер участокторун инвесторлорго ээликтен ажыратуу маселесин кароо менен талап кылат.»;
2) 2-пунктта:
– 1–4-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен мамлекеттик менчик объекттерин, анын ичинде жер участокторун Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында чет өлкөлүк жактарга карата белгиленген чектөөлөр менен ээликтен ажыратуунун өзгөчөлүктөрүн караган инвестициялык макулдашууларды түзүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
2) инвестициялык макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында чет өлкөлүк жактарга карата белгиленген чектөөлөр менен тиешелүү административдик имараттарды, курулмаларды жана аларга бекитилип берилген жер участокторун ээликтен ажыратуу боюнча сунуштарды киргизсин;
3) инвестициялык макулдашуулардын алкагында ээликтен ажыратууга сунушталган тиешелүү административдик имараттардын, курулмалардын жана аларга бекитилип берилген жер участокторунун рыноктук наркын көз карандысыз баалоону жүзөгө ашырсын;
4) инвестициялык макулдашуулардын алкагында ээликтен ажыратууга сунушталган тиешелүү административдик имараттардын, курулмалардын жана аларга бекитилип берилген жер участокторунун рыноктук наркын белгилөө боюнча көз карандысыз баалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон бюджеттик каражаттарды издеп тапсын;»;
– 5-пунктчада «административдик имараттарды жана курулмаларды» деген сөздөр «административдик имараттарды, курулмаларды жана аларга бекитилип берилген жер участокторун» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы № 248 «Медициналык шаарчаны куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
– 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) медициналык шаарчаны куруу жана жабдуу Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерин жана аларга бекитилип берилген жер участокторун Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын (мындан ары – инвестициялык макулдашуулар) алкагында Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында чет өлкөлүк жактарга карата белгиленген чектөөлөр менен ээликтен ажыратуунун, ошондой эле жеке инвестициялардын жана эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат;»;
– 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын медициналык шаарчага кайра жайгаштыруу медициналык шаарчанын тиешелүү объекттери эксплуатациялоого киргизилгенине жараша этабы менен, бирок ушул саламаттык сактоо уюму тарабынан бошотулган тиешелүү мүлктүк комплекс жана ага бекитилип берилген жер участогу инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында ээликтен ажыратылган учурдан тартып эки жылдан кечиктирбестен ишке ашырылат;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
«4) инвестициялык макулдашуулардын шарттарында саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерине бекитилип берилген жер участокторун Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында чет өлкөлүк жактарга карата белгиленген чектөөлөр менен жана инвесторлордун объекттерди бузуу боюнча милдеттенмелери менен инвесторлорго ээликтен ажыратуу каралышы мүмкүн.»;
2) 4-пунктта:
– 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын этабы менен кайра базалоо жана алардын ээликтен ажыратылуучу мүлктүк комплекстерин жана аларга бекитилип берилген жер участокторун бошотуусунун планын бекитсин;»;
– 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) медициналык шаарчага кайра базалоо пландалып жаткан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерин инвестициялык макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында ээликтен ажыратуу процессин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген бар болгон тоскоолдуктарды четтетүү жана аларды ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү алып салуу маселелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин;»;
– 9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9) инвестициялык макулдашуулардын алкагында мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерин жана аларга бекитилип берилген жер участокторун ээликтен ажыратуу боюнча сунуштарды киргизсин жана аларга рыноктук баалоону жүргүзүүнү камсыз кылсын;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:
«91) казыналык системасында мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерин жана аларга бекитилип берилген жер участокторун ээликтен ажыратууну караган, түзүлгөн инвестициялык макулдашуулар боюнча бардык келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу үчүн арналган өзүнчө администрациялануучу эсепти ачуу боюнча ишти жүргүзсүн;».
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |