Редакцияот 14.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БИРИККЕН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫНЫН

 

14-май 2025-жыл №2

                                                                                  

Багыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген

бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 11.08.2023-жылдагы №179 “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, атайын каражаттын планын көтөрүү максатында. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде, Бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап

Багыш  айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын 11.08.2023-жылдагы №179 “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырыларына байланыштуу 2025-жылдын бюджетин бекитүүдө планга кошулбагандыгын эске алып, “Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы” (14232400) беренесинин планы 7 112,3 миң сомго көтөрүлсүн. Анын чыгымдоосу 70911-бөлүмдүн 2218 (тамак-аш) беренесине жумшалсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кенешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.

3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага К.Кулмамбетов