Редакцияот 14.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БИРИККЕН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫНЫН

 

14-май 2025-жыл №3

                                                                                  

Багыш айыл өкмөтүнүн Ленин

айылынын аты жок кѳчѳсүнѳ

маркум  Темиркулов Сабырбек

Бексултановичтин ысымын ыйгаруу

жѳнүндѳ

 

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 29-апрелиндеги 01-15/140 сандуу “ Багыш айыл өкмөтүнүн Ленин айылынын аты жок кѳчѳсүнѳ маркум Темиркулов Сабырбек Бексултановичтин ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 12.04.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши

токтом кылат :

 

 

1. Багыш айыл өкмөтүнүн Ленин айылынын аты жок кѳчѳсүнѳ маркум Темиркулов Сабырбек Бексултановичтин ысымы ыйгарылсын.

 

2.Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгѳйбековго милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.

 

4.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага К.Кулмамбетов