Редакцияот 14.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БИРИККЕН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫНЫН

 

14-май 2025-жыл №4

                                              

Багыш айыл аймагынын

“Ардактуу атуулу”наамын

ыйгаруу жөнүндө

 

           Багыш айылдык кеңешинин Регламентин, Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXI-сессиясынын 30.01.2020-жылдагы №7 токтому менен бекитилген Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобону негиздеп, Октябрь айылынын жамаатынын атынан Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Жумаева Райкан Тагаевнага ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши      

токтом кылат:

 

1.    Багыш айыл аймагында Багыш айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-

экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, үзүрлүү эмгеги жана эмгекте жетишкен ийгиликтери үчүн Жумаева Райкан Тагаевнага Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу»  наамы   ыйгарылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

3.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага К.Кулмамбетов