Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 17-апрели № 01-01/134
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 1-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №263 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлеринин формалык кийимдеринин жана айырмалоочу белгилеринин сүрөттөлүшү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кызматтын жетекчилери бул буйрукту жетекчиликке жана иш алып баруу үчүн кабыл алышсын.
3. Санариптештирүү башкармалыгына:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык милдеттүү түрдө расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, маалымат үчүн аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары Ж.К. Сейдалиевге жүктөлсүн.
Министр |
| А.Т. Токтобаев |
1- тиркеме
БЕКИТИЛДИ
КР ЖРЭТКМ буйругу менен
2026 ж. №
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлеринин формалык кийимдеринин жана айырмалоочу белгилеринин
СЫПАТТАМАСЫ
I. Формалык кийимдин сүрөттөлүшү
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлеринин (мындан ары - мамлекеттик кызматчылар) формалык кийимдери төрт комплекттен турат:
- сый кийим;
- күнүмдүк;
- талаалык;
- лабораториялык (атайын кийим).
2. Сый кийим жана күнүмдүк комплекттерге төмөнкүлөр кирет:
- бушлат;
- тумак-кулакчын;
- флис шапка;
- кашне;
- кол кап;
- фуражка;
- пилотка (кепка);
- кышкы кепка;
- китель;
- кеңсе формасы;
- узун жана кыска жеңдүү көйнөктөр;
- жазгы-күзгү күрмө;
- бут кийим (жаз-күз жана кышкы); - шым.
3. Талаа комплектине камуфляж кирет, ал бушлаттан, курткадан, шымдан (кышкы жана жаз-күз) турат.
Кыш мезгилинде тумак, флис шапка жана кышкы бут кийим, ал эми жай мезгилинде фуражка, пилотка жана кепка (панама) колдонулат.
4. Лабораториялык комплект (атайын кийим) лабораторияларда, ошондой эле Экологиялык мониторинг департаментинин кызматкерлери тарабынан колдонууга арналган жана чепчик, халат, кол кап, бахила (ак, көк же боз түстө), резина өтүктөн турат.
5. Сый бушлат.
Көрүнүшү түз бушлат, кайып тигилген жең, кайырма жака, 5 кнопкалуу борбордук суптук бүчүлөмө жана сыдырма. Алынма мех жакасы жана жылуу капюшону бар. Алдыңкы бөлүгүндө жогорку клапандуу, 2 баскычтуу жабыштырылган чоң көлөмдөгү үстүнкү эмгек чөнтөктөрү жана клапандуу, 2 баскычтуу жабыштырылган капталдагы чоң көлөмдөгү чөнтөктөр. Белдин ички жагында алдыңкы жана арткы бөлүктөргө тигилген ички ичкерме бар. Ичкермеге боо өткөрүлгөн, анын учтары подборттогу люверстер аркылуу чыгарылып, бир тешиктүү фиксаторлор менен бекитилет. Пластмасса, трактор тибиндеги сыдырма, 5 баскычтуу планка менен жабылат. Планка кошумча тигилген, бул колдонууда бекемдикти камсыздайт. Учанын кокеткасы кош сап менен тигилген. Погондор 1 баскыч менен бекитилет. Жеңдер жогорку жана төмөнкү бөлүктөрдөн турат. Жеңдин астыңкы бөлүгү астары менен ийкемдүү кездемеден жасалган манжетке тартылган. Жылууланган кайтарма жака фигуралуу тирөөчтөн турат. Кайырмасы боюнча 4 топчу жана алынуучу мех жакасын бекитүү үчүн ички 5 топчу бар. Астары бар жылуулоочу төшөмөлүү капюшон 3 бөлүктөн турат. Ичкермеге учу бар боо өткөрүлгөн. Бет жагы контакт лента менен бекитилет. Астары жана жылыткыч катмары аркасында 5 тигиш, алды жагында 2 тигиш жана жеңдеринде 2 тигиш менен тигилген.
6. Тумак-кулакчын.
Тумак кырдан, колпактан жана тумактын төбөсүнөн турат. Кыр (калканч, кулакчыны бар желкелик) боз түстүү кара күлдөн жасалат. Колпак төрт тиликтүү, кыры жана кулакчындары менен желкелик (бет астындагы) - кочкул жашыл замшадан жасалат. Төбөсү ватага тигилген жээктен жана круциктен турат, астары бар.
Аялдар үчүн кочкул жашыл түстөгү ноотудан берет жасалат.
7. Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн кокардасы бар, өлчөмү жөнгө салынуучу кочкул жашыл түстөгү кепка.
Кулакчындуу жана Кыргыз Республикасынын Герби (кокарда) саймаланган, камуфляждык түстөгү жылуу кепка.
8. Кол каптар.
Териден жасалган мех менен кара түстөгү кол каптар.
9. Фуражка.
Фуражка көк-жашыл түстөгү баркыт кырдуу кочкул-жашыл кездемеден тигилет, кыры жана төбөсү милте менен ажыратылат. Кырына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга өрүлгөн кош катар боо бекитилип, кырында алтын түспөлдөнгөн кокарда болот. Маңдай кыры кара, лакталган. Аял кызматкерлерге фуражканын ордуна ак же кочкул жашыл түстөгү, көк-жашыл түстөгү кыюусу бар тегерек формадагы баш кийимдер (берет, пилотка) берилет.
10. Эмблемасы бар кеңсе формасы.
Кочкул жашыл түстөгү жарым жүн кездемеден. Жүн аралаш кездемеден тигилген куртка, кочкул жашыл түстө, түз силуэттүү, ортосунан “сыдырма” менен бекитилет, астары бар. Жакасы кайрылма. Алдыңкы бөлүгү кокеткалуу, ортолорунда байт бүктөмү бар каптама чөнтөктөрү жана жогорку бөлүгүндө капкалдырыктары бар, топчуга топчуланат, “жалбырактуу” тилик каптал чөнтөктөрү, ийиндин тигишинде погондор болот. Учасында эки кичинекей бырыштары бар кесилген кокетка бар. Жеңдери көйнөкчөн тигилет, эки бүгүштүү манжетте бир формалык топчуга топчуланат.
Куртканын этеги кур менен бүтөт, анын каптал бөлүктөрүндө кийимдин жамбаш боюнча туурасын жөнгө салуу үчүн ийилчээк тесме (резина) салынат. Сол жактагы жеңде кол белгиси жайгашкан.
Түз, классикалык тигилген, кочкул жашыл түстөгү жарым жүн кездемеден тигилген шым. Каптал чөнтөктөрү жана оң жагында клапаны бар бир арткы чөнтөгү бар, көгүш жашыл түстөгү кездемеден каптал милтеси болот.
Аял кызматкерлер үчүн куртканын формасы ушундай эле.
11. Күнүмдүк китель шым менен.
Бир борттуу китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт топчуга топчулануучу, денеге жарым-жартылай кыналган, жылмакай жээктүү, учасы тигиштүү жана астары ичилиги бар жээги тилик, жакасы кайырма жана жеңи кадимки эки тигиштүү. Кителде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичирээк өлчөмдөгү топчуларга капкалдырыктары бар утурлама бырыштуу төш чөнтөктөр жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн чоң өлчөмдөгү топчуларга капкалдырыктар бар.
Министрдин орун басарлары жана министр үчүн - эки борттуу китель, арткы этегинин ылдый жагы тилик эмес.
Кителдин капкалдырыктуу тилик каптал чөнтөктөрү жана тилик төш чөнтөгү бар, аялдар үчүн сол жагына топчуланат.
Китель капталдан тилинип жасалган, клапандар менен жабылган чөнтөктөргө жана төштөн тилинип жасалган, жалбырактуу чөнтөккө ээ, аялдар үчүн сол тарапка карай бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар, жогорку административдик жана саясий кызматтарды ээлеген адамдар үчүн
китель кочкул жашыл габардинден жасалат, жакасы жана жеңдин кайрылган учу көк-жашыл түстөгү 2,5 мм милте менен жээктелет.
Аял кызматкерлер үчүн-сол жагына илгич менен.
Кителдин шымы түз, багалеги кое берилип, манжети жок, жээктелген — улук жана башкы кызмат орундарынын класстык чени бар адамдар үчүн, ошондой эле мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчисинин класстык чени бар, жогорку административдик жана саясий кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн жазылыгы кочкул жашыл түстөгү 2,5 мм милтеси бар.
Аял-кызматкерлерге формалык шым берилиши мүмкүн.
12. Аялдардын кители жана юбкасы.
Аялдар үчүн китель жана юбка кочкул жашыл түстөгү костюмдук кездемеден жасалат. Китель сол жагына топчуланат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч топчуга бүчүлөнөт, денеге жарым-жартылай кыналган, жылмакай жээктүү, учасы тигиштүү жана ичилиги этеги тилик, жакасы кайырма жана жеңи кадимки эки тигиштүү. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн төрт топчулуу, сол тарапка кадалган бир борттуу китель, арткы этеги тилик эмес. Кителдин капталдарында рамкалуу чөнтөктөрү бар.
Тизеге чейин түз юбка.
13. Үстүнкү көйнөк.
Узун жеңдүү көйнөк ак же ачык жашыл түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, беттеме бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, бел кур салынган.
Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеңи тилик жана манжет салынган. Көйнөктүн алды, манжеттери жана бел куру топчуга топчуланат.
Узун жеңдүү көйнөккө манжет салынып, ак же ачык жашыл түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, беттеме бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, бүчүлүгү тигилип бекитилген планкада.
Кайырма жакалуу ак же ачык жашыл түстөгү кездемеден тигилген кыска жеңдүү көйнөк, эки төш чөнтөгү бантик бүктөлгөн жана капкалдырыктуу, кайып тигилген куру бар. Көйнөктүн алдында-этегине чейин кесилген. Учасы кокеткалуу. Көйнөктүн алдында капкалдырык жана кур топчуга топчуланат.
Жашыл же ак түстөгү кездемеден тигилген кыска жеңдүү көйнөк кайырма жакалуу, тик туруучу, эки каптама чөнтөгү бант бүктөлгөн жана капкалдырыктуу, пластмасса топчуга топчулануучу, кайып тигилген планкада бүчүлөнөт.
Аял кызматкерлер үчүн бүчүлүк сол жагына кадалган.
14. Жемпер.
Кочкул жашыл түстөгү жүн жемпир (свитер) кочкул жашыл түстөгү жүн кителинин ордуна (узун жеңдүү V-образдуу моюн оюгу бар жемпир).
15. Кышкы бут кийим.
Кара түстөгү булгаарыдан жасалган мехтүү өтүктөр.
16. Галстук.
Кочкул жашыл же кара түстөгү жибек галстук, узун трапеция формасындагы негизги бөлүктөн турат, ал учтуу бурч менен аяктайт.
17. Катуу кыры бар кокарда.
Кокарданын кыры металлдан жасалган, бүтүн штампталган, алтын түстөгү томпок сүйрү розетка түрүндө, борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, символика белгисинин четинен кокарданын четтерине чейин гофрленген бети бар.
Кокарданын арткы бетинин ортосунда баш кийимге бекитүү үчүн клямер бар.
18. Төбөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү.
Тумактын төбөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жүн кездемеден жасалат жана белгиленген үлгүдөгү тегерек формада болот.
19. Эмблема.
Эмблемасы металлдан жасалган, бүтүн штампталган, көк түстө. Жети бурчтуу жылдызы бар калкан түрүндөгү рельефтүү контурдан турат, контурдун борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана “Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги” деген жазуу жайгашкан.
20. Төш белгиси.
Төш белги жашыл түстөгү боёктун элементтери кошулган алюминийден жасалат, тегерек сфералык (дөмпөк) формага жана мамлекеттик кызматкердин жеке номерине ээ.
21. Шеврон.
Шеврон жашыл түстөгү пахта кездемесинен жасалат, ал кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеңине тигилет, ага жибек басма ыкмасы менен сүрөт түшүрүлөт.
22. Топчулар.
Металл, алтын түстүү топчулар чөйчөктөн, табагынан, көзөнөктөн же кыскычтан турат.
Үстүнкү бети томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Топчулардын диаметри 14 жана 22 мм.
Алтын түстүү, кочкул жашыл жана изумруд жашыл, кара түстөгү пластмассадан жасалган топчуларды жасоого жол берилет.
23. Ийиндеги погондор.
Ийиндеги погондор кительге, курткага жана көйнөккө тагылат. Жумшак погон узун параллель жактары бар, ылдыйкы учу тик бурчтуу, ал эми үстүнкү учу кесилген тарабынан тик бурч менен аяктаган узун алты бурчтук формасында болот.
Погондордун узундугу 12-16 см, жетекчи кызматтарды ээлеген адамдар үчүн погондордун туурасы - 5,5 см, калган адамдар үчүн - 4-5,5 см. Погондордун четтери, астынкысынан башкасы, кочкул жашыл түстөгү кездеме менен курчалат, курчоонун туурасы - 2,5 мм.
Тигилме погондор бушлатта жана кителдерде тагылат. Чечилме погондор костюмдарда, көйнөктөрдө, курткаларда жана көйнөктөрдө тагылат. Погондор кочкул жашыл түстө, ал эми көйнөктөрдө ак түстө - күмүш же ак түстө болот.
24. Жогорку класстык чиндери бар мамлекеттик кызматкерлердин погондору.
Алар кара кочкул жашыл түстөгү, кийиз астары бар өзгөчө токулган кездемеден жасалат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчи класстык чинине ээ мамлекеттик кызматкердин погонуна алтын жалатылган металл жиптен жасалган, диаметри 22 мм болгон 3 жети бурчтуу жылдыз сайылат.
2- класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар мамлекеттик кызматкердин погонунда алтын жалатылган металл жиптен жасалган, диаметри 22 мм болгон 2 жети бурчтуу жылдыз саймаланат.
3- класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар мамлекеттик кызматкердин погонуна диаметри 22 мм болгон 1 жети бурчтуу жылдыз алтын жалатылган металл жиптен сайылат.
25. Жогорку класстык чиндери бар мамлекеттик кызматкерлердин погондору.
Алар кочкул жашыл түстөгү, кийиз астары бар өзгөчө токулган жиптен жасалат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чини бар мамлекеттик кызматкердин погонуна диаметри 20 мм болгон 3 алтын жалатылган жети бурчтуу томпок металл жылдызчалар бекитилет.
2- класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын кеңешчиси класстык чини бар мамлекеттик кызматкердин погонуна диаметри 20 мм болгон 2 алтын жалатылган жети бурчтуу томпок металл жылдызчалар бекитилет.
3- класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын кеңешчиси класстык чини бар мамлекеттик кызматкердин погонуна ар биринин диаметри 20 мм болгон 1 алтын жалатылган жети бурчтуу томпок металл жылдызча бекитилет.
26. Кичи класстык чиндери бар мамлекеттик кызматкердин погондору.
Кочкул жашыл түстөгү кездемеден жасалып, кийиз астары бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чини бар мамлекеттик кызматкердин погонуна диаметри 13 мм болгон 4 алтын жалатылган металлдан жасалган жети бурчтуу жылдызчалар бекитилет.
2- класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын инспектору класстык чини бар мамлекеттик кызматкердин погонуна диаметри 13 мм болгон 3 алтын жалатылган металлдан жасалган жети бурчтуу жылдызчалар бекитилет.
3- класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын инспектору класстык чини бар мамлекеттик кызматкердин погонуна диаметри 13 мм болгон 2 алтын жалатылган металлдан жасалган жети бурчтуу жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун класстык чини бар мамлекеттик кызматкердин погонуна диаметри 13 мм болгон алтын жалатылган металлдан жасалган жети бурчтуу бир жылдыз бекитилет.
Саясий, жогорку административдик жана башкы административдик кызматтарды ээлеген адамдардын параддык погондору алтын түстүү жиптен жасалат.
Погондордогу жылдызчалар горизонталдуу жайгашып, аскер кызматкерлеринин погондорундагы жылдыздардын жайгашуусуна окшош болбошу керек.
27. Мамлекеттик кызматкерлер ээлеген кызматына жараша форма кийишет.
Формалык кийим ушул бөлүмдүн эрежелерине ылайык кийилет. Формалык кийимдин буюмдары белгиленген сыпаттамаларга жооп бериши, кылдаттык менен ылайыкташтырылышы жана таза, тыкан абалда сакталышы керек.
28. Формалык кийим кийүү төмөнкүлөрдө каралган:
- кызматтык милдеттерин аткарууда күн сайын - күнүмдүк форма;
- талаа шартында жумуш аткарууга жана атайын иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу кызматтык милдеттерин аткарууда - талаа формасы;
- лабораториялардын адистеринин кызматтык милдеттерин күн сайын аткарууда - лабораториялык комплект (атайын кийим).
29. Тыюу салынат:
- формалык кийимдерди, ошондой эле формалык кийимдерди жарандык үлгүдөгү кийимдер менен аралаштыруу;
- формалык кийимдерди өзгөртүлгөн жана белгиленбеген үлгүдөгү айырмалоочу белгилери менен кийүү;
- каралган түстөрдөн башка түстөгү формалык кийимдерди, айырмалоочу белгилерди кийүү;
- талаа формасын күнүмдүк форма менен кийүү.
30. Баш кийимди эңкейтпей, түз кийишет, астыңкы чети каштын үстүнө эки манжа туурасынан туура келгидей кылып, горизонталдуу жайгаштырылат. Эмблеманын борбору мурундун үстүндө болушу керек.
31. Пальто, плащ, куртка, китель бардык топчуларына чейин кадалган. Плащ кур менен бекемделип кийилет.
32. Сый (салтанаттуу) жана күнүмдүк формалар галстук менен кийилет, ал көйнөккө үстүнкү үчүнчү жана төртүнчү топчуларынын ортосуна бекиткич (кыскыч) менен бекитилет.
33. Бут кийим дайыма таза жана боосу байланган болууга тийиш.
34. Кашне пальтонун, плащтын, куртканын жакасынын астына салынып кийилет.
35. Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы айырмалоочу белгилери, ордендери жана медалдары сый (салтанаттуу) формалык кийимде тагылат.
36. Күнүмдүк форма кийимде сыйлыктардын белгилери (планкалар) жана башка айырмалоочу белгилер тагылат.
37. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларын бүтүргөндүгү тууралуу белгилер башка белгилерден төмөн тагылат.
38. Ушул главанын талаптарын сактабагандыгы үчүн мамлекеттик кызматчылар Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте тартиптик жоопкерчиликке, жумуштан бошотууга чейин тартылат.