Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 10-июлундагы № 254
Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө
Социалдык туруктуулукту камсыз кылуу, калкка кошумча финансылык оорчулукту ооздуктоо, инфляциялык басымдын өсүшүнө жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар тарабынан белгиленүүчү калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдык мөөнөткө киргизилсин.
2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда каралган мораторийдин колдонулушу төмөнкүлөр менен шартталган баалардын, тарифтердин, жыйымдардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркынын жана башка төлөмдөрдүн өзгөргөн учурларына карата колдонулбайт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын энергетикалык, отун, азык-түлүк, транспорттук жана башка экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;
2) экономиканын стратегиялык маанилүү тармактарынын жана өзгөчө маанилүү инфраструктура объекттеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу;
4) апробациялык режимдин белгиленген колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин аталган апробациялык режимдин алкагында ишин жүзөгө ашырган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 331 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жоболорун ишке ашыруу.
3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар:
1) калк үчүн тарифтерге, жыйымдарга, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркына жана башка төлөмдөргө инвентаризация жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине тиешелүү маалымат берсин;
2) мораторийдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин бир эле учурда бир нече багыт боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жогорулатууга жол бербестен калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү этабы менен кайра карап чыгууну камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-июлундагы № 52 (3812) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |