Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 5-июну № 121-чуа
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 26-чуа «КР КЧ 31-12:2018 «Автомобиль токтотуучу жайлар» Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо жана куруу чөйрөсүндөгү ченемдик-техникалык базаны өркүндөтүү, ошондой эле өрт жана шаар куруу коопсуздугунун талаптарын бирдиктүү колдонууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 26-чуа «КР КЧ 31-12:2018 «Автомобиль токтотуучу жайлар» Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген КР КЧ 31-12:2018 «Автомобиль токтотуучу жайлар» Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдери:
- «Автомобиль токтотуучу жайларды жайгаштыруу. Жалпы жоболор» 4-бөлүгүнүн 4.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ф1.3 функционалдык өрт кооптуулугунун классчасындагы имараттарда кошулуп курулган автомобиль токтотуу жайларды 1-типтен төмөн эмес өрткө каршы тосмолор менен бөлүү жана инженердик-техникалык иш-чаралардын комплексин, анын ичинде өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорун, түтүнгө каршы коргоо системаларын, ызы-чууну жана термелүүнү изоляциялоо боюнча иш-чараларды, ошондой эле кошулуп курулган автомобиль токтотуу жайлардын жана имараттын турак жай бөлүгүнүн өзүнчө желдетүү системаларын аткаруу шартында жайгаштырууга жол берилет.».
1. Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтому менен белгиленген тартипте ушул буйруктун расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүн, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Курулуш министрлигинин https://egov.kg/kg/ministry/construction/npa официалдуу веб-сайтында 2026-жылдын 5-июнунда жарыяланды.
Министр |
| Н.К. Орунтаев |