Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 2-июлу № 98
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) расмий тилдеги биринчи абзацта "Кроме" деген сөз "1. Кроме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын мэринин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.".
2-берене
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) биринчи абзацта:
- мамлекеттик тилдеги текстте "Жергиликтүү мамлекеттик" деген сөздөр "1. "Жергиликтүү мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстте "Кроме" деген сөз "1. Кроме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда көрсөтүлгөн Ош шаарынын мэринин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.".
3-берене
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 14-пунктунда көрсөтүлгөн акимдин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.";
2) 48-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 17-пунктунда көрсөтүлгөн шаардын мэринин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.".
4-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 49 (3809) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 10-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |