Редакцияот 03.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 3-июлу №126/20-6

Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы №70/13-6 «Токмок

шаарынын жарандарына даректүү материалдык жана социалдык жардам

көрсөтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 19-майындагы №1-15/2774 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иштери) боюнча комиссиясынын 2026‑жылдын 03-июнундагы отурумунун №20 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1.Токмок шаардык кеӊешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы №70/13-6 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

  -Жобонун мамлекеттик тилдеги вариантынын 21-пунктундагы «жыл сайын» деген сөз «эки жылда бир жолу» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2.Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иштери) боюнча туруктуу комиссиясынына жүктѳлсүн.

2026-жылдын 8-июлунда http://gk.tokmokcity.kg/4838 расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

М.Т.Тынайбеков