ЖарлыгыКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-июлундагы № 251 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Жарлыгы

Редакцияот 06.07.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 6-июлу № 251

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү

сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын

токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайлангандыгына байланыштуу мурда Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна жиберилген Калыбаев Алмаз Жээнкулович 2026-жылдын 25-июнунан тартып кызмат ордунан бошотулуп, анын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду деп эсептелсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров