Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 3-июлу №123/20-6
Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, канализация жана тазалоочу
курулмалар системасынын ишин камсыз
кылуу боюнча иштер жөнүндө
“Токмок Водоканал” МИнын директору А.Д.Байышовдун калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, канализация жана тазалоочу курулмаларынын иштөө системасы боюнча аткарылган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2026‑жылдын 12-июнундагы отурумунун №7 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок Водоканал” МИнын директору А.Д.Байышовдун калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, канализация жана тазалоочу курулмаларынын иштөө системасы боюнча отчету эске алынсын.
2.“Токмок водоканал» МИнын директору А.Д.Байышов - депутаттардын талкулоосунун жүрүшүндөгү баардык айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу,Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
2026-жылдын 8-июлунда http://gk.tokmokcity.kg/4828 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.Т.Тынайбеков |