Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 1
“2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө”
Атай айылдык кеңешинин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Каттообеков Сыргак Молдокеримовичтин 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планын бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планы бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|