Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 2
“Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1-январь 2025-жылга калган калдык боюнча жергиликтүү бюджети жана атайын каражаттарынын бөлүнүшү жөнүндө”
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1-январь 2025-жылга калган калдык боюнча жергиликтүү бюджети жана атайын каражаттарынын бөлүнүшү боюнча бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Кураналиеванын корутундусун угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1. 1-январь 2025-жылга карата калган калдык боюнча жергиликтүү бюджетинин бюджеттик жана атайын каражатынан 3640,6 миӊ сом суммасындагы калдык, аппараттын каражаттарынан 3240,0 миң сом, мектепке чейинки билим берүүнүн атайын каражатынан калган калдык 180,6 миң сом суммасында, бюджеттик каражаттарынан 40,0 миң сом, орто билим берүүгө бюджеттик каражаттан 180,0 миң сом тиркемеге ылайык аткарыла турган иш-чаралардын тизмесинин (перечень) негизинде бекитилсин.
2. 2. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1-январь 2025-жылга калган калдык боюнча каржылоо жагы ФЭБ башчы З.Ташматовко милдеттендирилсин.
3. 3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. 4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айылдык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|