Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 3-июлу №124/20-6
Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын
ишмердүүлүгү жөнүндө
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Б.А.Чанчаровдун Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2026‑жылдын 24-июнундагы №25 отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын Б.А.Чанчаровдун Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2.Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Б.А.Чанчаров-депутаттардын талкулоосунун жүрүшүндөгү баардык айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алсын.
3.Ушул тескеменин аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
2026-жылдын 8-июлунда http://gk.tokmokcity.kg/4832 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.Т.Тынайбеков |