Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 3
“Атай” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджеттик киреше-чыгаша сметасын бекитүү жөнүндө
2025-жылга бюджеттик киреше-чыгаша сметасын бекитүү боюнча “Атай” муниципалдык ишканасынын 22.01.2025-жылдагы №1 сандуу чыгыш катынын негизинде бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Кураналиеванын корутундусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Атай” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджеттик сметасы кирешелер боюнча 4297,0 сом суммасында жана чыгашалар боюнча 4297,0 сом №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.“Атай” муниципалдык ишканасынын техникалар боюнча кирешеси 2025-жылга 1000,0 сом №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. “Атай” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга жайыт акыдан түшө турган кирешеси 947,0 сом №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. “Атай” муниципалдык ишканасынын Сары-Талаа көмөкчү чарбасынын 2025-жылга кирешеси 790,0 сом №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. “Атай” муниципалдык ишканасынын “Атай” таза-суудан 2025-жылга түшө турган кирешеси 600,0 сом №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. “Атай” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга тазалык кызматынан түшө турган кирешеси 960,0 сом №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Бул токтомду аткаруу жагы “Атай” муниципалдык ишканасынын директору М.Шабданбековко милдеттендирилсин.
8. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айылдык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|