ТоктомКүчүндө

Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 62/XVIII-1 «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-жарым жылдыгынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» Кайыңды шаарынын мэринин отчетун бекитүү жөнүндө" токтому

Редакция03.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын «03» июлу № 62/XVIII-1

 

“Кайыңды шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-жарым жылдыгынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө” Кайыңды шаарынын мэринин отчетун бекитүү жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык, Кайыңды шаарынын мэринин «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-жарым жылдыгынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» отчетун угуп жана талкуулап, Кайыңды шаардык кеңеши, токтом кылат:

 

1. Кайыңды шаарынын мэринин «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-жарым жылдыгынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» отчету бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Ж.Н. Капалов