Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 4
Арал айылындагы Т.Жээналиев көчөсүнүн №67 номерлүү 667.3 кв метр жер аянтын балдар ойноочу аянтча уюштурууга берүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 23.01.2025-жылдагы №01-12/156 сандуу чыгыш катынын негизинде Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Атай айылдык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүмүнүн 2.1-пункттуна ылайык Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы Т.Жээналиев көчөсүнүн №67 номерлүү 667.3 кв метр жер аянты “Архитектура жана шаар куруу” мыйзамына ылайык балдар ойноочу аянтчаны уюштурууга берилсин.
2. Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тарабынан тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, мыйзамдаштыруу жана жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Тогуз-Торо филиалынан каттоодон өткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|