Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 5
Атай айыл аймагына тиричилик таштанды калдыктарын таштоочу жай ачуу жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 23.01.2025-жылдагы №01-12/155 сандуу чыгыш катынын негизинде Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагына тиричилик таштанды калдыктарын таштоочу жай ачуу үчүн №703 контурунан 1,10 га жер аянты Жер кодексине ылайык мыйзамдаштырылып берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2019-жылдагы “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизиндеги №703 контурдагы карьерди тиричилик таштанды төгүүчү жайга которууга (трансформациялоо) документтерин даярдоо жагы жер адис П.Наймановага милдеттендирилсин.
3. Токтомду жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Тогуз-Торо филиалынан каттоодон өткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|