Редакцияот 03.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 3-июлу №125/20-6

Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана

жүзөгө ашыруу, дене тарбияны жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды

камсыз кылуу боюнча иштердин абалы жөнүндө

 

Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу , дене тарбияны жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча иштердин абалы жөнүндө Токмок шаарынын мэринин орун басары Ж.К.Абышеванын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иштери) боюнча комиссиясынын 2026‑жылдын 19-июнундагы отурумунун №21 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, дене тарбияны жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча иштердин абалы жөнүндө Токмок шаарынын мэринин орун басары Ж.К.Абышеванын маалыматы эске алынсын.

2.Токмок шаарынын мэриясы аталган багыттар боюнча иштерди жакшыртуу жана жаштар үчүн кошумча шарттарды түзүү боюнча чараларды күчөтсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иштери) боюнча туруктуу комиссиясынына жүктѳлсүн.

2026-жылдын 8-июлунда http://gk.tokmokcity.kg/4835 расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

М.Т.Тынайбеков