КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 10-июлу № 108
2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө пакистан тарапка кабарласын жана ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 17-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |