Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 7
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган “Доржу” каналы мамлекеттик менчикке кабыл алынып, Суу ресурстары кызматынын Тогуз-Торо райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 30.01.2025-жылдагы №01-12/219 сандуу чыгыш катынын негизинде Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.1. Атай айыл аймагындагы 16,6 км “Доржу” каналынын курулушу жергиликтүү бюджеттен 478 миң сом каржыланып, толук бүткөрүлүп, элге сугат суу берилип жаткандыгына байланыштуу Суу ресурстары кызматынын Тогуз-Торо райондук Суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.
2. Документтештирүү жана Суу ресурстары кызматынын Тогуз-Торо райондук Суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн айыл өкмөтүнүн астында комиссия түзүлсүн жана мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы комиссияга милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|