Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 8
Атай айыл аймагындагы сугат жерлер категориясына кирбеген, бирок суугарылып жаткан Ала-Жыгач участкасынан 350 га кайрак жерди сугат жерлер категориясына которуу жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Атай айыл аймагында сугат жерлер категориясына кирбеген, бирок суугарылып жаткан Ала-Жыгач участкасындагы 350 га жерди, кайрак жерлер категориясынан сугат жерлер категориясына которуу жөнүндөгү 6.12.2024 №01-12/3227 сандуу чыгыш катынын негизинде айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайдын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында сугат жерлер категориясына кирбеген, бирок суугарылып жаткан Ала-Жыгач участкасынан 350 га жер, кайрак жерлер категориясынан сугат жерлер категориясына которуулуп берилсин.
2. Жерлердин категориясын которуу үчүн тиешелүү документтерин даярдоо жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|