Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январындагы № 9
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн төлөм жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Тогуз-Торо району боюнча башкармалыгынын 21.01.2025-жылдагы №044/03-01 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №90 “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Салык кодексинин 24-главасынын 73- 76 беренелерине ылайык Атай айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн төлөм төмөндөгүдөй бекитилсин:
- уюмдар ар бир кызматкерге 30 (Отуз) сом өлчөмүндө.
- жеке ишкерлерге, ар бири жумушчуга 30 (Отуз) сомдон
2. Эсептөө берүүнүн акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 7-февралга чейин, ал эми таштанды чыгаруу үчүн акы төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 4-апрелине чейин деп белгиленсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айылдык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|