Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 10
“Атай” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Атай” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата кызматтарынын тарифтерин бекитип берүү боюнча 22.01.2025-жылдагы “”Сунуш катын” угуп жана талкуулап, Атай айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 12-пункттуна ылайык Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Атай” муниципалдык ишканасынын тазалык кызматынын тарифи 1 айга 1 түтүнгө 100 (жүз) сом, коммерциялык багыттарга (магазин, баня) 1 кубуна 250 (эки жүз элүү) сом, курулуш калдыктарын чыгарууга 1 рейсине 3000 (үч миң) сом, өз каражаты менен мусорду алып барып төккөнгө 500 (беш жүз) сом.
2. Ичүүчү таза-суунун тарифи Атай айылынын тургундары үчүн 1 куб суу 40 (кырк) сом, социалдык объектилерге (мектеп, бала бакча, ФАП, клуб) 1 куб суу 50 (Элүү) сом.
Малдын жайыт акысы:
- жылкыга 1 айга -15 сомдон, 8 айга Х 15= 120 (жүз жыйырма) сом,
- уйга 1 айга-15 сомдон, 8 айга Х 15= 120 (жүз жыйырма) сом,
- кой-эчкиге (жандыктарга) 1 айга 3,13 сомдон, 8 айга Х 3,13 = 25 (жыйырма беш) сом
3. Погрузчиктин кызмат акысы топурак, шагыл жүктөөгө Хового 1500 (Бир миң беш жүз) сом, Камазга 1000 (Бир миң) сом, Зилге 500 (Беш жүз) сом, Газ 59 га 400 (Төрт жүз) сом. Башка жумуштарга саатына 1000 (Бир миң) сом, 20 (жыйырма) литр майы менен.
4. Таштандыларды төгүү боюнча келишим түзбөгөн үй ээлерине Бузуулар кодексине ылайык айып пул салынаарын эскертүү жагы “Атай” муниципалдык ишканасынын директору М. Шабданбековко тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык
менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясын боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|