Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 11
Атай айыл аймагына сырттан кирген малдын санын тактоо жөнүндө
Атай айыл аймагындагы жайыттар деградацияга учурап жаткандыгына байланыштуу, жайыттарды жакшыртуу максатында Атай айыл аймагына сырттан келген малдын санын тактоо боюнча айыл өкмөт башчы А.К.Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагындагы жайыттардын сырттан малдын көп келишинен улам жайыттары деградацияга учурап жаткандыгына байланыштуу жана Атай айыл аймагындагы малдардын ветеринардык-санитардык эрежелерин сактоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында Атай айыл аймагынын Көк-Арт участкасына пост коюлуп, нөөмөт (дежурство) уюштурулсун жана сырттан кирген мал Атай айыл аймагынын жайыт билети менен киргизилсин.
2. Нөөмөт (дежурство) уюштуруу жагы “Атай” муниципалдык ишканасынын директору М.Шабданбековко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|