Редакцияот 18.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 18-марты № 324-VIII

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Торобекова Нуржамал Турсуналиевнаны Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Торобекова Нуржамал Турсуналиевна Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.

 

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 4-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Торобекова Нуржамал Турсуналиевна - "Ишеним" депутаттык тобунан;".

 

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттун 4-пунктчасында:

- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"Торобекова Нуржамал Турсуналиевна - "Ишеним" депутаттык тобунан;".

- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев