Редакцияот 10.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIX сессиясы

 

2023-жылдын 10-марты № 139

 

”Үч-Терек айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча 3 айлыктын жарыяланышы жана тазалык боюнча иштерди кароо жөнүндө”

 

Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында айлана –чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча айыл өкмөттүн экономист-статисти С.Жолдошованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы токтом кылат:

1.Жарыяланган 3 айлыкты уюшкандыкта өткөрүү, суу өтүүчү арыктардын жээгиндеги бак-дарактарды алдыртуу, арыктарды, каналдарды тазалатуу, таштандыларды чыгартуу жана айыл өкмөттүн аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан мекеме уюмдардын жетекчилери менен бирдикте ишембиликтерди өткөрүү, ар бир жеке менчик дүкөндөрдүн жанына таштанды салуучу урналарды орнотууну сунуштоо боюнча иш алып баруу жагы, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Көкөевге, айыл башчыларына жана мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.

2. Ар бир айылдын тазалыгын сактоо максатында үлгүлүү үй, үлгүлүү көчө, үлгүлүү айыл номинацияларын ыйгаруу боюнча мелдеш уюштурулуп, 2023-жылдын 10-майына чейин жыйынтыгын чыгаруу, акчалай сыйлык жана башка кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйлоо белгиленсин.

3. Ар бир көчөнүн жашоочусуна үйүнүн тушундагы арыктарды оңдоп-түздөө жана тазалоо, айланасын тазалап ирээтке келтирүү жагын милдеттендирүүнү уюштуруу айыл башчыларына, көчөнүн аты берилген адамдардын жакындарына керектүү өлчөмдө аки ташты жана тазалыкты сактоо үчүн урналарды алып берүү жагы милдеттендирилип, аткаруу мөөнөтү ушул жылдын II кварталынын 1-декадасына белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы:

 

А. Дөөлөткелдиев