Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 2-июлу № 246
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө сунушу боюнча токтом кылам:
1. 2026-жылдын 26-июнунан тартып курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын төмөнкү жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
– Баткен облустук соту
Оторбаева Айзада Жумабековна;
– Баткен облусунун административдик соту
Атаканова Назгул Калиевна;
– Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту
Турдукулов Тилек Ураимжанович;
– Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык соту
Айтмолдоев Бактыбек Аскарович;
– Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык соту
Аскарбеков Арстанбек Аскарбекович;
– Ош облусунун Ош шаардык соту
Иманбеков Бактыбек Орозбаевич;
– Ош облусунун Кара-Суу райондук соту:
Рыспекова Жаркын Кубатбековна;
Курманалиева Аида Абдынасаровна;
– Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту:
Узбекова Халида Асанкуловна;
Шанкаев Талгат Токтоназарович;
Шералиев Саматбек Абдуллаевич;
– Чүй облусунун Москва райондук соту
Сулайманов Атабек Абдышевич;
– Чүй облусунун Токмок шаардык соту
Арстанбек кызы Айпери.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |