Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-марты № 320-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атажанов Ырысбек Ысламовичти Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атажанов Ырысбек Ысламович Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 9-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Атажанов Ырысбек Ысламович - "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан, Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагалыгына;".
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун 4-пунктчасы:
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Атажанов Ырысбек Ысламович - "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан;";
- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |