Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 15
Атай айыл аймагындагы Атай айылынын Жаркынбай атындагы көчөсүнүн 650 метр аралыктагы жолуна асфальт төшөө жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 31.01.2025-жылдагы № 01-12/220 сандуу чыгыш катындагы Атай айылынын Жаркынбай атындагы көчөсүнүн 650 метрине ысык асфальт төшөө боюнча СУНУШТАМА КАТЫН угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандардын сунуш пикирлерин эске алып, “Үлүштүк дем берүүчү грантка” Атай айылынын Жаркынбай атындагы көчөсүнүн 650 метр аралыктагы жолуна асфальт төшөө үчүн долбоор сунушталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|