Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 3-июлу № 127/20-6
Токмок шаары, Ленин көчөсү №362 (Ключевая номуру жок) жайгашкан 1,0 га
жер тилкесин Токмок шаарынын Прокуратурасына мөөнөтсүз пайдаланууга
Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 04-июнундагы №1-3/3189 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча жана ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык биргелешкен комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 08-июнундагы №1 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаары, Ленин көчөсү, №362 (Ключевая номуру жок) жайгашкан 1,0 га жер тилкесин Токмок шаарынын Прокуратурасына мөөнөтсүз пайдаланууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2.Бул токтом Токмок шаардык кеӊешинин сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 8-июлунда http://gk.tokmokcity.kg/4841 расмий сайтында жарыяланды
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча жана ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | М.Т.Тынайбеков |