Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 17
Атай айыл аймагындагы Арал айылынын Т.Жээналиев атындагы көчөсүнүн 2 км тротуарын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 31.01.2025-жылдагы № 01-12/220 сандуу чыгыш катындагы Арал айылынын Т.Жээналиев атындагы көчөсүнүн 2 км аралыгын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча СУНУШТАМА КАТЫН угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандардын сунуш пикирлерин эске алып, “Үлүштүк дем берүүчү грантка” Арал айылынын Т.Жээналиев атындагы көчөсүнүн 2 км аралыгын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоор сунушталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|