Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 18
Атай айыл аймагынын Көк-Арт участкасындагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун №331 контурунан 2,5 га, №332 контурдан 1,7 га, №333 контурдан 2,2 га жалпы 6,4 га жер тилкесин жайыт жерлер түрүнөн өнөр жай багытына которуу жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 31.01.2025-жылдагы №01-12/226 сандуу чыгыш катында Атай айыл аймагынын Көк-Арт участкасындагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун №331 контурунан 2,5 га, №332 контурдан 1,7 га, №333 контурдан 2,2 га жалпы 6,4 га жер тилкесин өнөр жай багытына которуу боюнча № 01-12/222 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Көк-Арт участкасындагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун №331 контурунан 2,5 га, №332 контурдан 1,7 га, №333 контурдан 2,2 га жалпы 6,4 га жер тилкеси жайыт жерлер түрүнөн өнөр жай багытына жер кодексине ылайык которулсун.
2. Жерлердин багытын которуу үчүн тиешелүү документтерин даярдоо жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|