Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 19
Атай айыл аймагынын Атай айылына караштуу Сары-Талаа участогунан 31,2 га, Баракан участогунан 11,4 га кайрак айдоону
турак-жай курууга которууга (трансформацияга) берүү жөнүндө»
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Атай айылына караштуу Сары-Талаа участогунан 31,2 га, Баракан участогунан 11,4 га кайрак айдоону турак-жай курууга которууга (трансформацияга) берүү боюнча 31.01.2025-жылдагы №01-12/227 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагындагы Сары-Талаа участкасынан 31,2 га , Баракан участогунан 11,4 га кайрак айдоо жер аянты калктуу конушту кенейтүүгө, турак-жай салууга Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарына ылайык которууга ( трансформацияга) берилсин.
2. Которууга (трансформацияга) керектүү документтерди, даярдап Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына берүү жагы жер адис П.Наймановага милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчы А.К.Жаныбаевке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|