Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 20
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагындагы букалардын абалына баа берүү жөнүндө
“Атай” муниципалдык ишканасынын директору М.Шабданбековдун 31.01.2025-жылдагы №01-12/262 сандуу чыгыш катындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагындагы букалар боюнча маалыматынын негизинде Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагындагы букалардын учурдагы абалына баа берүү үчүн Атай айыл өкмөтүнүн алдында комиссия түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке тапшырылсын.
2. Түзүлгөн комиссияга жайыт пайдалануучулар бирикмесиндеги букаларга тиешелүү документтерин берүү жана букаларды багып жаткан тургундардын (Н.Мейманбеков, Р.Нурбеков, Н.Молдалиев, Ж.Субанбеков) үйлөрүнө комиссия курамы менен барып, жеринен тактатып, букалардын учурдагы абалы боюнча чечимин аткаруу жагы “Атай” муниципалдык ишканасынын директору М.Шабданбековко милдеттендирилсин.
3. Түзүлгөн комиссия өз ишмердүүлүгү боюнча Атай айылдык кеңешинин сессиясында маалыматын беришсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|