Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 21
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 30-пункттуна ылайык Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн регламенти алымча- кошумчасы менен кабыл алынсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципиалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|