Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2026-жылдын 7-июлу № 222
1957-жылдын 30-сентябрындагы Женевада түзүлгөн Кооптуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө (ДОПОГ) макулдашууну жүзөгө ашыруунун чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 “1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө (ДОПОГ) макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” токтомун жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнундө жобого ылайык, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
- Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү тартиби, ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык;
- Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү берүү тууралуу тартиби, ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык;
- Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды кесиптик кайра даярдоонун типтик кошумча кесиптик программасы, ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык;
- Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттардын квалификациясын жогорулатуу үчүн типтүү кошумча кесиптик программа, ушул буйруктун 4-тиркемесине ылайык;
- Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (базалык курс), ушул буйруктун 5-тиркемесине ылайык;
- Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (цистерналарда ташуу боюнча адистештирилген курс), ушул буйруктун 6-тиркемесине ылайык;
- Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль менен ташуу жөнүндө макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (1-класс заттарын жана буюмдарын ташуу боюнча адистештирилген курс), ушул буйруктун 7-тиркемесине ылайык;
- Кооптуу жүктөрдү эл аралык автоунаа менен ташуу жөнүндө келишимге ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча адистештирилген курс), ушул буйруктун 8-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды кызыктар тараптарга жеткирсин.
3. Маалыматтык саясат сектору ушул буйруккатталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичиндеКыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгы:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү учүн ушул буйруктун эки нускасын – мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук форматта жана жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берсин;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, маалымат үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А.А. Тургунбаевге жүктөлсүн.
Министр |
| Т.О. Солтобаев |