Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 3-июлу № 128/20-6
“Токмок шаардык кенешинин 2026-жылдын 16-февралындагы №106/18-6 “2026-
жылга карата Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин бекитүү жана 2027-2028
жылдарга карата болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана
бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук
берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 01-июнундагы №1-22/3094 катынын жана Токмок шаардык кенешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 08-июнундагы №29 протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Токмок шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы №106/18-6 « Токмок шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга карата болжолу жөнүндө” токтомунун «Токмок шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнун жана 2027-2028-жылдарга болжолунун» 1-тиркемесинде төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Салык агенти төлөөчү киреше салыгы» 11111100 беренеси боюнча «330 727,0» деген цифра «370 727,0» деген цифрага алмаштырылсын;
- «Соода ишине патент» 11122400 беренеси боюнча «0» деген цифра «3 500,0» деген цифрага алмаштырылсын;
- «Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы» 14211200 беренеси боюнча «20 600,0» деген цифра «22 100,0» деген цифрага алмаштырылсын;
2. Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы №106/18-6 «Токмок шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга карата болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик каражаттарды которууга макулдук берүү.
3. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн 45 000,0 миң сомго көбөйтүү менен төмөнкүлөрдү каржылоого макулдук берилсин:
Токмок шаардык кеңеши - 260,0 миң сом төмөнкү беренелер боюнча:
- 2212 «Байланыш кызматын көрсөтүү» – 20,0 миң сом;
- 2215 «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» – 200,0 миң сом;
- 3112 «Машиналар жана жабдуулар» – 40,0 миң сом.
Токмок бириккен шаардык аскер комиссариаты – 3471,0 миң сом төмөнкү беренелер боюнча:
3111 «Имараттар жана курулуштар» – 2 971,0 миң сом;
3112 «Машиналар жана жабдуулар» – 500,0 миң сом.
«Токмок Жол-Курулуш» муниципалдык ишканасы – 15 000,0 миң.сом төмөнкү беренелер боюнча:
- 2215 «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» – 15 000,0 миң сом.
Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы – 26139,0 миң.сом төмөнкү беренелер боюнча:
- 2215 «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» – 5 000,0 миң сом;
- 2221 «Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» – 500,0 миң сом;
- 2222 «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу» – 190,0 миң сом;
- 3111 «Имараттар жана курулуштар» – 3 629,0 миң сом;
- 3112 «Машиналар жана жабдуулар» – 16 820,0 миң сом
«Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок» муниципалдык мекемеси – 130,0 миң сом төмөнкү беренелер боюнча:
- 2215 «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» – 130,0 миң сом.
4.Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пунктарына ылайык жүргүзсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
2026-жылдын 8-июлунда http://gk.tokmokcity.kg/4844 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.Т.Тынайбеков |