Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 22
«Нур-Телеком», “Мегаком”, “Билайн”компаниялары менен болгон келишимдин тарифтерин бекитүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 30-пункттуна ылайык Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1. Атай, Арал айылдарында “Нур-Телеком”, “Мегаком”, “Билайн” компанияларынын базалык станциялары коюлгандыгына байланыштуу, келишимдин тарифтери ар бирине ай сайын 12 000 (Он эки миң) сомдон жогорулатылсын.
2. “Нур-Телеком”, “Мегаком”, “Билайн” компаниялары менен келишим түзүү жагы ФЭБ башчы З.Ташматовко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айылдык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|