Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 31-январыдагы № 23
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагындагы букалардын абалына баа берүү боюнча комиссиясынын курамына С.Каттообековду кошуу жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагындагы букалардын учурдагы абалына баа берүү комиссиянын курамына депутаттардан кошуу боюнча айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевдин сунушунун негизинде Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагындагы букалардын учурдагы абалына баа берүү комиссиянын курамына депутат С.Каттообеков киргизилсин.
2. Кийинки сессиянын отурумуна “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагындагы букалардын учурдагы абалына баа берүү боюнча” комиссиянын аткарган иштеринин маалыматын берүү жагы С.Каттообековко тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз жоопкерчилигиме калтырам.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|